Дайырбеков, Шамил Асан уулу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Дайырбеков Шамил Асан уулу (1946- ж. т., Нарын ш.) — Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1992), зергер-сүрөтчү, "Элдик чебер" наамынын ээси.
1962-ж. Бишкек курулуш техникумун, 1964-ж. Бишкектеги техникалык окуу жайын бүткөн.
1968-жылдан Сүрөтчүлөр союзунун көркөм фондусунда иштейт. Анын даана көркөмдүктө жаралган "Кораллы", "Ысык-Көл", "Күн карама", "Жомок", "Ала-Тоо" өңдүү композициялуу эмгектери, эски бедиздерди эске салган металл балбалдары, зер жасалгалары жана башка көптөгөн эл аралык көргөзмөлөргө коюлган. Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинде 50дөн ашык экспонаты бар.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.