Дакар

Википедия дан
Дакар
шаар
Дакар
Нгор - Дакардын түндүктүк бир чети, Йофф аэропортуна жакында
Нгор - Дакардын түндүктүк бир чети, Йофф аэропортуна жакында
Өлкө Сенегал
Area
 • Total 31,81 sq mi (82,38 km2)
Population (2005)
 • Total 1 030 594
Time zone GMT+0 (UTC+0)


Дакар (французча: Dakar) Сенегалдын борбор шаары (1960-жылдан). Жашыл Тумшук жарым аралында Дакар облусунун административдик борбору. Өз алдынча административдик бирдик болуп бөлүнгөн. Калкы 2,4 млн (2007). Батыш Африканын ири өнөр жай, транспорт жана соода-финансы борборлорунун бири. Атлантика океанындагы порт. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш–татымал, текстиль, самын кайнатуу, кеме куруу, автомобиль чогултуу өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер (анын ичинде политех), Кара Африканы изилдөө институту, музей, китепкана, театр бар. «Париж-Дакар» автораллисинин акыркы пункту. 1857-ж. француз форту катары негизделген. 1904–60-ж. Француздук Батыш Африканын административдик борбору болгон. Дакарда 1966-ж. 1-бүткүл дүйнөлүк Кара Африка искусство фестивалы болгон. Жыл сайын заманбап африка искусствосунун көргөзмөсү (1992-жылдан) өткөрүлүп турат. Туризм өнүгүүдө.

Тарыкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы көрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]