Дакриоцистит

Википедия дан

Дакриоцистит — көздүн жаш баштыкчасынын сезгенүүсү. Мурун бүтүүнүн, конъюнктивиттин кабылдоосу катары пайда болот. Көздөн жаш агып, чылпак чыгат. Жаш баштыкчасын мурун көңдөйү менен бириктирген жаш мурун каналчасынын бүтөлүшүнөн жаш агып чыкпай, баштыкчада чогулуп, ал анан чоюлуп чоңоёт. Жаштын чыкпай, баштыкчада чогулушу былжырлуу челдин, кошумча коңулдардын ооруларында, мурун травмасында жана башка болот. Туруп калган жаш микробдорго каршы касиетин жоготот, буга байланыштуу жаш чогулган баштыкчада инфекциянын өөрчүшү үчүн шарт түзүлөт. Көбүнчө чоң кишилерде, кээде жаңы төрөлгөн балдарда байкалат. Дакриоциститте хирургиялык дарылоо талапка ылайык. Дарыланбаган дакриоцистит ар кандай кабылдоолорго алып келет. Ошондуктан дакриоститтин белгиси билинери менен врачка кайрылуу керек.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8