Далай - лама

Википедия дан

Далай-лама (тибет. – дин окутуучусу) – Тибеттеги лама чиркөөсүнүн жогорку дин башчысынын наамы. Алгач 1578-ж. тибеттик буддизмдеги Гло (гэлуг-ба) агымынын башчысы Сонам Гьяцого моңгол башкаруучусу Алтан хан тарабынан ыйгарылган. Гло агымын Зуңхаба (Цзонкаба, 1357–1419) негиздеген. Анын мураскору Юантан-Хамцо (1589–1616) бүткүл Тибетке Гло агымын жайылтып, диний гана эмес, башкаруучулук бийликке да ээ болгон. Ламаизмде Далай - лама өлбөйт, анын жаны өзү өлгөндө жаңы төрөлгөн балага «көчөт» деген ишеним бар. Мураскор Далай - лама өлгөн учурга тушма-туш төрөлгөн тибеттик балдардан атайын салт боюнча тандалат. 1951-жылдары Тибет Кытай тарабынан оккупацияланып, анын курамындагы автономиялуу районго айланган. 1959-ж. кытайлардын саясатына каршы Тибет эли көтөрүлүш чыгарып, Далай - лама XIV жеңилген көтөрүлүшчүлөрдүн бир тобу менен Индияга кеткен. (Далай - лама I – Гендун-Друб (1391–1474), II – Генден Гьяцо (1475–1542), III – Сонам Гьяцо (1543–88), IV – Йонтен Гьяцо (1589–1617), V – Нгаванг Лобзанг Гьяцо (1617–82), VI – Цаньян Гьяцо (1683–1706), XIII Д.-л. – Тубтен Гьяцо (1876–1933), Далай-лама XIV – Тензин Гьяцо (1938-жылдан).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия