Далдалчылык орун
Көрүнүш
Далдалчылык орун – белгилүү бир биржа соодасына катышуу укугуна ээ болуу үчүн биржа мүчөлүгүнө өтүү. Д. о. төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет: а) биржа алкагында жеке керектөөсү үчүн товар сатып алуу менен, өзалдынча бүтүмдөрдү түзөт, кардарлардын тапшырыгы боюнча аткарымдарды жасоо менен, ортомчулук бүтүмдөрүн түзөт; б) биржа аткарымдарын жүргүзүүдө аз чыгым тартуу – биржа мүчөлөрү биржа жыйымдарынан бошотулат жана биржага мүчө болбогон жактардан алынган каражаттардын эсебинен кандайдыр бир кошумча киреше алууга укугу бар; в) маалыматтарды биринчи кезекте алуу менен, кардарларга коммерциялык-маалымат кызматын көрсөтөт; г) биржаны башкарууга катышат. Биржа мүчөлөрү аржыл сайын мүчөлүк акы төлөп турууга милдеттүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |