Даллас сатып алуучулар клубу

Википедия дан

"Даллас сатып алуучулар клубу" (англ. Dallas Buyers Club, орус. Далласский клуб покупателей) -2013-жылы тартылган америкалык биографиялык драма. Тасманын сценарийин Крейг Бөртен жана Мелиса Воллак биргелешип жазышкан, ал эми тасманын режиссёру Жин-Марк Вали. Тасма 1980-жылдын ортолорунда СПИД оорусу түшүнүксүз жана чала изилденген убакта СПИД оорусуна чалдыккан Рон Вудруфтун окуясын баяндайт. Эки ойдон чыгарылган каармандар, Др. Ив Сакс (Женнифер Гарнер) жана Район (Жаред Лето), жазуучунун трансгендер СПИД бейтаптары, активисттер жана доктурлар менен болгон интервьюсунан кийинки жаралган ролдор.

"Даллас сатып алуучулар клубу"- алгач 2013-жылы "Эл аралык Торонто Кинофестивалында" көрсөтүлгөн. Кинотерлардагы 182-күндүк көрсөтүүдө 5 миллиондук бюджетке тартылган тасма 55 миллиондон ашык АКШ долларын тапкан. Тасма дүйнө жүзү боюнча жагымдуу сын-пикирлерге ээ болгон. Ал эми тасмадагы ролдору үчүн Макконахи жана Лето 86-"Оскар" аземинде "Эң мыкты актёр" жана "Экинчи пландагы эң мыкты актёр" наамдарын жеңип, алкышка ээ болушкан. Тасма ошондой эле "Эң мыкты грим жана чач жасалгалоо" сыйлыгын утуп, "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты сценарий" жана "Эң мыкты монтаж" наамдарына көрсөтүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]