Даникеев, Өскөн

Википедия дан
Өскөн Даникеев
Туулган датасы:

21 -декабрь 1934(1934-12-21) (89 жаш)

Туулган жери:

Сокулук районунун Чон жар айылында

Өскөн Даникеев - кыргыз жазуучусу, философу.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өскөн Даникеев (Сокулук районунун Чоң-Жар айылында 1934-жылдын 21 декабрында туулган) - жазуучу.

1948–1951-жж. борборубуздагы №5 кыргыз орто мектеп-интернатында тарбияланып,

1951-ж. Москвадагы тоо-кен институтуна кабыл алынган.

1956–1962-жж. өз кесиби боюнча республикабыздын кендеринде, Кыргыз ССР Эл чарба советинде жетектөөчү инженер, ал эми 1962–1975-жж. Фрунзе политехникалык институтунда алгач катардагы окутуучу, кийин кафедранын доценти болуп иштеген.

Билим берүү тармагында биринчи болуп кыргыз тилинде «Сызма геометрия» окуу китебин жазган (1970-ж.). Ошондой эле «Инженердик графика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүн» (1974-ж.) түзгөн.

Ө.Даникеев Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы А.М.Горький атындагы адабият институтунун Жогорку адабий курсту аяктап (1977-ж.), адегенде «Ала-Тоо» журналынын проза бөлүмүн жетектеп, андан соң жазуучулар уюмунун адабий кеңешчиси катары кызмат өтөйт.

1984-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланган.

Ө.Даникеевдин «Бакир» баяны 1961-жылы жарыяланган. Кийин «Кыздын сыры» аттуу повести жарык көрүп, орус, француз ж.б. тилдерге которулуп, 1982- жылы Жали Сооданбек тарабынан "Түшүндүрмө издебе "("Не ищи объяснение" )фильми тартылган.

Автордун «Көкөй кести» романы үчүн 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

Жазуучу Достоевский, Лесков, Анкилов, Азиз Несин, Вампиловдун чыгармаларын которуп, алардын драмалык чыгармалары облустук, республикалык театрларда коюлган.

Ө.Даникеев СССР жазуучулар союзунун адабий фонд башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын шайлоолор боюнча Борбордук комиссиясынын, ошондой эле республикалык, эл аралык бир катар уюмдардын мүчөсү болгон. 1984-жылдан бери Кыргызстан тынчтык фондусунун төрагасы. Кыргыз совет энциклопедиясынын техникалык редакциясынын мүчөсү.

Эл ортосундагы ынтымак, бейпилдикти сактоо, бекемдөө жаатындагы үзүрлүү ишмердиги үчүн Советтик тынчтык фондусу менен Эл аралык Тынчтык Фондулар Ассоциациясынын Алтын медалдары ыйгарылган.

Эл агартуунун жана СССР Куралдуу күчтөрүн маданий жактан тейлөө озипасынын отличниги, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу профессору.

III даражадагы «Манас», «Ардак белгиси» ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

1991-жылы «Кыргыз республикасынын Эл жазуучусу», 2003-жылы «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» деген наамдар берилген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде:

  • Кыздын сыры – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 186 б.
  • Сыйкырдуу таш. – Ф.: Мектеп, 1965. – 72 б.
  • Өмүр белестери. – Ф.: Мектеп, 1970. – 208 б.
  • Кызыл аска: Повесттер, драма жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 266 б.
  • Көз ирмемдеги өмүр: Роман. – Ф.: Мектеп, 1981. – 256 б.
  • Көкөй кести: Роман жана повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 421 б.
  • Мурас: романдар жана повесттер. Ф.: Адабият, 1990.
  • Кыздын сыры. – Б.: Учкун концерни, 1997. –103 б.
  • Арман. – Б.: Учкун концерни, 2005. – 505 б.
  • Сызма геометрия: Окуу китеби. – Ф.: Мектеп, 1970. – 188 б.
  • Инженердик графика боюнча кыскача орусча терминологиялык сөздүк. – Ф.: Илим, 1974. – 155 б.

Орус тилинде:

  • Сердце матери: Повести. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 252 с.
  • Юный Кутуйан: Роман, повести, рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 367 с.
  • Жизнь – мгновение; В дни невзгод. – М.: Сов писатель, 1989. – 496 с.
  • Вся жизнь впереди /Р.Чмонин менен авторлош/. – Мосфильм басмасы, 1981. –104 б.

Башка элдердин тилдеринде:

  • Рози Нихон. – Душанбе: Маориф, 1983. – 47 б. – таж.
  • Видчай. – Киев: Днипро басм., 1990. – 221 б. – укр.
  • Сценарий Не ищи объяснения. Режиссер: Жали Сооданбек. Кыргызфильм, 1982.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]