Данияров, Санжарбек Сейитович

Википедия дан

Данияров Санжарбек Сейитович (1931, Чуй облусу, Кемин р-ну, Шабдан айылы - 1998, Бишкек) - тарых илиминин доктору (1982), проф. (1986).
Кыргызстан УИАнын корр. мүчөсу (1993). КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1953-жылдан Ош мамлекеттик педагогикалык интитутунда окутуучу, Кыргызстан ИАнын Тарых институтунда кенже илимий кызматкер, Кыргызстан КП БКда бөлүм башчысынын орун басары. Басма сөз комитетинин төрагасы, Кыргыз ССР маданият министринин орун басары, 1993). Кыргызстан ИАнын Тарых институтунда илимий кызматкер, бөлүм башчы, директору болуп иштеген. Анын илимий эмгектери Кыргызстандын маданиятынын тарыхына арналган. 150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 7 монографиянын автору. Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы энциклопедия. 2003-ж.