Дан технологиялары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Дан запастарынын кээ бир зыянкечтеринин морфологиялык өзгөчөлүктөрү.[оңдоо | булагын оңдоо]

а. Зыянкечтин түрү.
б. Денесинин узудугу, мм.
в. Денесинин формасы жана түсү.
г. Өзгөчө айырмалоочу мүнөздөмөлөрү.

1. Ун кенеси.
Эркеги – 0,32-0,43, ургаачысы – 0,36-0,67.
Денеси сүйрү, агыш, жалтырак.
Денесин сейрек түк баскан. Денесинин аяк жагындагы эки кыл денесинин узундугунан кыска. Эркектериники алдыңкы буттары күчтүү келип, ичин көздөй ийилип, текөөрлөрү бар. Баш жагы жана буттары кызыл-кочкул же сыя-күрөң түстө.
2. Кадимки түктүү кене.
0,34-0,55.
Денеси тегерек-сүйрү, жалтырак, агыш.
Түгү денесин жапырт каптап, бардык жакка сороюп турат. Башы менен мойнун бөлүп турган тилке жок кене өтө тез жана чаржайыт кыймылдайт.
3. Узун кене.
0,28-0,41.
Денесинин формасы ун кенесиникине окшош.
Ун кенесинен айырмаланып, мунун буттары ак, курсак жагында дээрлик бою менен тең кеминде 14 кылы бар.
4. Амбардык шиш тумшук.
2,3-4,1.
Денеси цилиндр түрүндө, башы узун, жалтырак, кочкул-күрөң.
Жонунун алды жагында узтасынан кеткен сейрек темгил чуңкурчалары бар. Учпайт, жаргак канаттары жок.
5. Күрүч шиш тумшугу.
2,0-3,2.
Денеси узун, күрөн, бозомтук же бир аз жалтырак.
Жонунун алдыңкы жагында тегерек, анча терең эмес, жыш жайгашкан чуңкурчалары бар. Канаттарында ачык темгилдери (ар бир канатта экиден) бар.
6. Чоң ун шиш тумшугу.
13,0-15,0.
Денеси узун, чоң параллелдүү капталдары менен, күңүрт жалтырак, кара кочкул.
Жогорку муруттары сүйрү келет. Коңуз чоң эле.
7. Төөнөгүч муруттуу хрущ.
2,3-4,4.
Денесинин түсү кызыл кочкулдан кара күрөңгө чейин.
Төмөнкү бөлүгүндө көздөрдүн ортосундагы аралык көздөрдүн төөнөгүчтөй ийилип турган өч мурут даана көрүнүп турат, учат.
8. Жылма хрущ.
3,0.
Денеси узун, ачк күрөң.
Муруттарынын учу ичкерип кетет, денеси төөнөгүч сымал хрущакка караганда кыйла ичке.
9. Кичине ун хрущу.
2,6-4,4.
Денеси узун, күрөң.
Төмөнкү бөлүгүндө көздөрдүн ортосундагы аралык көздөрдүн жазылыгынан 3 эсе кең; учпайт.
10. Дан жонгуч.
2,3-3,0.
Денеси цилиндр түрүндө, жалтырак, кочкул-кызыл.
Жонунун алдыңкы капталдары майда тиштүү. Муруттары үч бөлөк төөнөгүч сымал. Жонунун алдыңкы бөлүгү чүмкөмө сыяктуу болуп башын жаап турат.
11. Суринам ун жегичи.
2,2-3,5.
Денеси ичке, жалпак, кара күрөң түстө.
Көзүнүн арт жагындагы кабагы айлана түрүндө, алдыңкы бөлүгүнүн каптал жагында ири тиштери бар.
12. Буурчак жегич.
4,5-5,0.
Денеси сүйрү, жалпысынан жалтырак, саргыч боз жапкычтары менен кара түстө.
Канатынын астынан курсагы көрүнүп турат. Канаттарында кыйгач кеткен тилкелер бар, ал эми курсагынын төмөнкү жагында крест (жапкыч) түрүндө сүрөтү бар.
13. Маш буурчак жегич.
2,8-3,5.
Денеси кыска, сүйрү, калың боз же саргыч-боз түк баскан.
Арткы буттарынын ички бетинде өтө курч тиштери жана дагы кошумча эки тиши бар.

Дан запастарынын зыянкеч-көпөлөктөрүнүн мүнөздүү диагноздук белгилери.[оңдоо | булагын оңдоо]

а. Зыянкечтин түрү б. Канатынын кулачы, мм, Денесинин узундугу, мм в. Канатынын сүрөттөрү жана түсү г. Канатынын формасы

1. Амбардык күбө
9-15,5 5-8
Алдыңкы канаттары киргилт-ак түстө, жыш майда боз-күрөң темгилдер баскан. Алдыңкы канаттарынын өңүрүндө төрт кара тилкенин сүрөтү бар
Алдыңкы жана арткы канаттары ичке. Алдынкы канатынын узундугу жазылыгынан 4 эсе чоң
2. Дан күбөсү
11-19 6-9
Алдыңкы канаттары киргилт-сары же ак-кызгылт түстө, айрым жерлеринде кара тактары бар. Арткы канаттары күмүш-бозомтук түстө
Эки жуп канат тең ичке, алардын узундугу жазылыгынан 5 эсе ашат. Арткы канаттарынын учтары учтуу жана уч жагында чуңкурчалары бар
3. Дан шайтан көпөлөгү
12-20 6-8
Узун тилке сүрөтү бар. Алдыңкы канаттары боз-чаңгыл түстө эки ак байламтасы кара түс менен кыюуланган
Арткы канаттары өтө жазы, алардын узундугу кеңдигинен эки эсе ашык.
4. Тегирмен шайтан көпөлөгү
17-27 10-14
Алдыңкы канаттары күңүрт жана боз-чаңгыл түстө. Сүрөтү кара түс менен кыюуланган экиден ашык ачык түстөгү тикенектүү туура сызыктардан турат.
Арткы канаттары өтө жазы, алардын узундугу кеңдигинен эки эсе ашык
5. Ун шайтан көпөлөгү
18-30 9-12
Сүрөтү үч кеңири байламтадан турат. Ортоңку бөлүгү ачы-күрөң, капталдапы кызгылт күрөң түстө
Алдыңкы канаттары өтө жазы (алардын узундугу кеңдигинен 2 эсе ашык) дээрлик үч бурчтуу
6. Курук жемиш шайтан көпөлөгү
15-22 8-10
Алдыңкы канаттары боз-кызгылт же кочкул боз, ак-боз темгилдери бар.
Алдыңкы канаттары өтө жазы, узундугу кеңдигинен 2 эсе ашык
7. Түштүк шайтан көпөлөгү
13-20 7-9
Сүрөтү кеңири тилкелүү. Алдыңкы канатынын үчтөн бири ак-саргыл, үчтөн экиси кызыл-күрөң түстө.
Арткы канаттары өтө жазы, алардын узундугу кеңдигинен эки эсе ашык. Алдыңкы канаттары өтө zжазы алардын узундугу кеңдигинен 3 эсе ашык

Дан запастарынын кемирүүчү-зыянкечтеринин мүнөздүү диагноздук.[оңдоо | булагын оңдоо]

а. Зыянкечтин түрү.
б. Узундугу, см : Денеси, Куйругу.
в. Денесинин түсү.
г. Айырмалоочу белгилери.

1. Үй чычканы
8-9 6-7
Күңүрт боз же чаңгыл
Куйругу болжол менен денесинин кузундугуна барабар, каңылтыр менен капталган, кулактары кыска, тегерек
2. Талаа чычканы
9-12 6-7 (денесинин узундугунун ¾ ашпайт)
Күрөң же күрөң-боз, жонунда кара тилкеси бар, курсагы ачык-боз түстө
3. Кадимки талаа чычканы
9-10 3-4
Жону боз, курсагы чаңгыл түстө
Бардык талаа чычкандарынын денеси жумуру, кулактары кыска, мурду мырык
4. Кара келемиш
13-20 14-23
Кара же күрөң түстө
Куйругу каңылтыр менен капталып, анда-санда кылы бар. Жагымсыз келемиш жыттанып турат
5. Коомдук талаа чычканы
9-10 2-3
Кадимки талаа чычканына караганда бир аз ачык түстө
Куйругун жүн баскан денесинен кыска же анын жарымынан ашпайт
6. Суу келемиши
14-18 7-12
Жашаган жерине жараша кочкул-боз, кочкул-күрөң же кара түстө болот
7. Боз келемиш
19-25 15-22
Боз-күрөң, курсагы бозомтук болот
Кулактары кыска, артты караай кайрылган

Изилдөө объекттери, ыкмалары жана мөөнөттөрү.[оңдоо | булагын оңдоо]

Изилдөө объекттерине дан жана андан жасалган азыктар; аралаш чийки зат (жымык, шрот, сөок жана балык уну), ошондой эле сактоочу жайлар, ишканалар, цехтер, лабораториялар; аларда приборлор; эгин кабыл алуу, иштетеүг жана жүктөп жөнөтүү үчү жайлар жана потоктук линия жабдуулары; дан кургаткычтар; ишканалардык аймактары; ташуу каражаттары; шаймандар; мүшөктөр жана таарлар кирет. Бардык объекттердин булгануусун комплекстүү изилдөө ишканаларда жаңы тгшүмдүн эгинин кабыл алууга даярдык көрүү мезгилинде жүргүзүлөт. Калган мезгилде изилдөө 5-таблицада көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.

Объекттер Изилдөө мөөнөттөрү Азыктык-тоюттук дан Температура: 5°С жогору болгондо – 15 күндө 1 жолу, 5°С төмөн болгондо – айына 1 жолу, ошондой эле кабыл алуу жана жөнөтүүдө Азыктык-тоюттук жүгөрү сотолору Айына 2 жолудан кем эмес, ошондой эле кабыл алуу жана жөнөтүүдө Үрөндүк дан

нымдуулугу 15% чейин Температура: 10°С жогору болгондо 10 күндө 1 жолу, 10дон 5°С чейин болгондо – 15 күндө 1 жолу, 5°С төмөн болгондо -15 күндө бир жолу

нымдуулугу 15% жогору Температура: 10°С жогору болгондо 5 күндө 1 жолу, 10дон 5°С чейин болгондо -10 күндө 1 жолу, 5°С төмөн болгондо – 15 күндө 1 жолу Ун жана акшак Температура: 10°С жогору болгондо 15 күндө 1 жолу, 10°С жогору болсо – 1 айда 1 жолу, ошондой эле кабыл алуу жана жөнөтүүдө Кебек, тоскок жана чарлар Ар бир партия кабыл алуу жана жөнөтүүдө. Сактоо мезгилинде температура: 10°С төмөн болгондо – 20 күндө 1 жолу, 10дон 20°С чейин болгондо – 15 күндө 1 жолу, 20°С жогору болгондо – 10 күндө 1 жолу Жымыктар, шроттор, сөөк жана балык уну, аралаш тоют жана белок-витаминдүү кошулмалар Ар бир партия кабыл алуу жана жөнөтүүдө. Сактоо мезгилинде температура: 10°С төмөн болгондо – 15 күндө 1 жолу, 10°С жогору болгондо – 10 күндө 1 жолу Толтурулган элеваторлор, кампалар жана ага жамаатташ аянттар Сакталып жаткан запастарды текшерүү менен бир учурда Толтурулбаган сактоочу жайлар, аянттар жана ага жамаатташ амактар Ар бир жолку бошотууда жана толтуруу алдында Тегирмендер, акшак жан ааралаш тоют заводдру, жүгөрүнүн сорттуу жана гибриддик үрөнүн кайра иштетүү заводдору, өндүрүштүк (технологиялык) лабораториялар (жайлар, жабдуулар, ага жамаатташ аймактар ж.б.) Декадада бир жолу, ал эми дан кайра иштетүүчү ишканалар – капиталдык ремонттон кийин жана дезинсекциялоо алдында Потоктук линиялар, дан тазалоочу машиналар, дан кургаткычтар, конвейрлер жана башка мехнизмдер, ошондой эле кампа жана лабораториялык шаймандар Дандын, продукциянын же калдыктардын ар бир партиясы менен иштөөгө чейин жана иштөөдөн кийин Аймактар Жылдын жылуу мезгилинде – айына кеминде бир жолу Ташуучу каражаттар: вагондор, автомобилдер ж.б. Данды жана андан жасалган азыктарды жүктөө алдында жана түшүрүүдөн кийин Мүшөктөр жана таарлар Дан кабыл алуучу жана данды кайра иштетүүчү ишканаларда пайдаланууга чейин жана пайдалануудан кийин , таралык базаларда – кабыл алуу жана дан кабыл алуучу жана дандык кайра иштетүүчү ишканаларда пайдаланууга чейин жана пайдалануудан кийин, таралык базалрда – кабыл алуу жана жөнөтүү алдында

Объекттердин булгануусу аларды кароо жана дандан, аралаш чийкизаттан жана продукциялардан, ошондой эле жайларды, жабдууларды жана аймактардын ар кайсы жерлерин текшерүүнүн жүрүшүндө чогулган калдыктардан, шыпырындылардан тандап алынган үлгүлөрдү талдоо жлу менен аныкталат. Дандан, аралаш чийкизаттан жана продукциялардан, ошондой эле чогулган калдыктардын, шыпырындылардын тандап алынган үлгүлөрдү талдоо аларды элөө жана зыянкечтерди табуу жана эсептөө үчүн электен өткөнүн кароо аркылуу жүргүзүлөт. Дандын, анын иштетүүдөн алынган аралаш чийкизаттардын продукцияларынын үлгүлөрүн тандап алуу жана зыянкечтерге чалдыккандыгын талдоо колдонуудагы мамлекеттик стандарттарга ылайык жүргүзүлөт. Бошо кампаларда жана бастырмалардын асытнда чалдыгуу дубалдарды, полду, тирөөчтөрдү, эшиктерди, плинтустарды, устундарды, кабыл алуу жабдууларын, төмөнкү жана жогорку галереяларды, конвейерлерди, каналдарды жана активдүү желдетүү решеткаларын, аэрожапкычтарды, бардык жабдууларды кароо, ошондой эле дандын жана жайлардын ар кайсы жерлериен чогулган жана дубалдардын жылчыктарынан, полдон, тирөөчтөрдөн, плинтустун ар жагынан жана жабдуулардан алынган шыпырындыларды талдоо аркылуу аныкталат. Толтурулган кампалрда данды жана продукцияларды тешерүг менен бир учурда эле бардык кароого боло турган жерлер, конструкциялардын жана жабдуулардын элементтери текшерилет. Элеваторлордо, акшак, ун тартуу, аралаш тоют заводдорунда жана цехтерде, жүгөрүнүн сорттуу жана гибриддик жүрөнүн иштетүү заводдорунда бардык бөлмөлөр, силостор, силостун астыңкы жана үстүңкү галереялары, дан кургаткычтар, транспорттоочу, дан тазалоочу, технологиялык, тараза жана аспирациялоо жабдуулары, чаН соруу камералары, циклондор, цехтер жана дандын, продукциянын калдыктарын жана шыпырындыларды талдоо аркылуу жүргүзүлөт. Изилдөөнүн жана текшерүг учурунда чогулган үлгүлөрдү талдоонун натыйжасы ар бир объект боюнча жан ар бир кабат юоюнча өзүнчө эске алынат. Дан кургаткычтардын, потктук линиялардын, дан тазалоочу көчмө машиналрдын, конвейерлердин, жүктөөчү жана түшүрүүчү механизмдердин, ошондой эле башка көчмө машиналар менен шаймандардын булганышы машиналар менен механизмдердин ичин жана сыртын кароо жана калдыктарды, шыпырындыларды, чаңдарды талдоо аркылуу аныкталат. Дан кургаткычтар менен потоктук линияларда башка бөлмөлөр менен көмокчү курулуштар дан текшерилет. Транспорт каражаттарынын зыянкечтерге чалдыгышы кузовдун, вагондун ичин жанасыртын жкароо жана текшерүү учурунда чогулган калдыктарды жан ашыпырындыларды талдоо аркылуу жүргүзүлөт. Дан жана дан продукциялары салынуучу мүшөктөр тандалып текшерилет: 500 даанага чейинки ар бир партиядан лардын жалпы санынын 6%га чейинкиси, 1000 даанадан ашыгы – 3%га чейинкиси тандалат. Тандап алынган мүшөктөрдүн ичи-тышы кылдат менен текшерилет, мында алардын тигиштерине өзгөчо көңүл бурулат, андан кийин алар жайылган таза таардын же фанеранын үстүнө күбүлөт. Андан чыккан чаң жана продукциянын калдыктарын талдоого алынат. Текшерилген таарлардын эки жагы кылдат каралат. Аймактын булганышы дандын калдыктары, шыпырындылар, органикалык калдыктар менен кошо кыртыш. Дан сактоочу жайлардын жана өндүрүштүк жайлардын айланасындагы (кеминде 5 метрлик аралык) участкалардан, ошондой эле дан продукцияларын иштетүү жерлеринен чогултулган органикалык чаң, дандын түшүп калган калдыктары жан а органикалык калдыктарды талдоого алуу менен жүргүзүлөт. Объекттерди дан запастарынын зыянкечтери менен булганышын текшерүү үчүн жооптуу адам болуп ишкананын өндүрүштүк (технологиялык) лабораториясынын директорунун орунбасары начальниктер саналат. Контроль иретинде объекттерди текшерүү дан боюнча мамлекеттик инспекторлор, дан продукцияларын коргоо боюнча экспедициялардын жана отряддардын (участкалардын) адистери тарабынан объекттерди зыянсыздандыруунун алдында жана дан продукцияларын коргоо боюнча экспедициялардын жана отряддардын адистери тарабынан анын натыйжасын текшерүүдө жүргүзүлөт. Булганууну текшерүүнүн натыйжалары төмөнкүлөргө жазылат: а) дан жана аны иштетүүдөн алынган азыктарды талдоо карточкасына, алар лабораториялык талдоолорду катто журналында катталат; б) №56 формасы боюнча өзүнчө журналга.

ДАНДЫ КУРТ-КУМУРСКАЛАРДАН КОРГО СИСТЕМАСЫ[оңдоо | булагын оңдоо]

Система карантиндик, алдын алуу жана жок кылуу иш-чараларынын комплексинен турат (1-сүрөт). Карантиндик иш-чараларга импорт боюнча келген данды кароо жана өлкөгө курт-кумурскалары бар дандын киришине жол бербөөнү камтыйт. Алдын алуу иш-чаралары дандын дан сактоочу жайга түшкөнгө чейин башталат. Ал техникалык базаны дан кабыл алууга даярдоону жана дан сактоочу жайларды дезинсекциялоону камтыйт. Дан сатоочу жайга дан келип түшкөн учурда аны тазалоо жана белгилүг нымдуулукка чейин, ал эми узак мезгилге сактоодо – белгилүү нымдуулуктан 1-1,5% төмөн кургатылат. Данды муздатуу эки этап менен жүрөт: 20°С температурага чейин (биринчи этап); курт-кумурскалардын өнүүшүнүн температуралык босогосунан төмон температурага чейин (экинчи этап). Курт-кумурскалардын өнүгүшүнүн температуралык босогосунан төмөн температурасы 6-таблицада көрсөтүлгөн. Зыянкечтердин өнүгүшүнүн төмөнкү температуралык босогосу жана ар кандай температурада курт-кумурскалардын өнүгүшүнүн узактыгы

Зыянкечтердин түрлөрү НТПР С ° С ° Температурада өнүгүүнүн узактыгы (сутка) 12 15 17 20 22 25 27 30 Амбардык шиш тумшук 10,2 376 141 99 69 57 46 40 34 Дан шайтан көпөлүгү 10,4 435 151 105 72 60 48 42 36 Тегирмен шайтан көпөлөгү 10,7 488 147 101 68 56 44 39 33 Дан күбөсү 12,6 - 211 115 69 54 41 35 29 Күрүч шиш тумшугу 13,5 - 309 132 71 54 40 34 28 Түштүк шайтан көпөлөгү 14,3 - 507 131 62 46 33 28 23 Кичинекей ун хрущагы 14,8 - - 259 109 79 56 47 37 Төөнөгүч муруттуу хрущак 15,2 - - 257 96 68 47 39 31 Суринам ун жегичи 15,6 - - 244 78 53 36 30 24 Дандык жонуучу 16,4 - - 665 111 71 46 38 29 Кыска муруттуу ун жегич 18,5 - - - 236 101 54 42 31 Өнүгүүнүн төмөнкү температуралык босогосуна чейин муздатылган данда курт-кумурскадын саны көбөйбөйт жана алар акырындык менен өлө баштайт. Мындай шартта данды дезинсекциялоосуз эле сактоого болот. Дан кенелери дан 13% жана андан төмөн нымдуулукта богондо өнүкпөйт. Алдын алуу иш-чараларына данды инсектициддер менен контакттык аракеттер менен иштетүг кирет, алардын калдыктары данда бир нече ай бою кала берт. Жана данды курт-кумурскалардан сактайт. Данды сактоого даярдоодон жана аны дан сактоочу жайга төккөндөн кийин курт-кумурскалардын пайда болушуна байкоо жүргүзүлөт. данга курт-кумурскалардын орночок алуу жыштыгы аныкталгандан кийин алардын көбөйүшүнүн божомолу жасалат. Жана ага жараша дезинсекциялоо жөнүндө чечим кабыл алынат.

Дан кампалрын жана кырмандарды оңдөө, тазалоо жана комплекстүү дезинсекциялоо


Импорттук дан Ата мекендик дан

Карантиндик жана курт-кумурскалардын башка коркунучтуу түрлүү табуу

Данды дезинсекциялоо жана аны вагондордон түшүрүү

Кабыл алуу, тазалоо, кургатуу, сапатын жана булганышын аныктоо, данды сактоого коюу

Данда курт-кумурскалардын пайда болушуна байкоо жүргүзүү


Курт-кумурскалардын санынын зыяндуулуктун экономикалык босогосуна чейинки божомолу

Зыяндуулуктун экономикалык босогосуна жеткенде данды дезинсекциялоо 1-сүрөт. Сакталып жаткан данды курт-кумурскалардан коргоо системасынын принциптүү схемасы Данды курт-кумурскаларга жана кенелерге чалдыгуу дараасын баа берүү

Дандын ар бир партиясы үчүн курт-кумурскалар жана кенелердин зыяндуулугунун ар кандай чараларын эске алуу менен дандн курт-кумурскаларга жана кенелерге чалдыгышына баа берүг үчүн булгануунун суммалык жыштыгы (БСЖ) эсептелет, ал эми дандын курт-кумурскаларга жана кенелере чалдыгышы даражалар менен берилет. БСЖ дандын курт-кумурскалардын жана кенелерин ар кандай түрлөрүнө чалдыгышынын жыштыгынын суммасын, 7-таблицада көрсөтүлгөн ар бир түрдүн Кв зыяндуулук коэффициентине ылайык кыйла кеңири таркаган зыянкечтерге – күрүч шиш тумшугуна чалдыгуу жыштыгына алып келгендигин билдирет. 7-таблица Булгануунун суммалык жыштыгы. Зыянкечтердин түрлөрү Кв зыяндуулук коэффициенти 1 кг данга зыяндуу таасир көрсөтпөгөн чоң зыянкечтердин саны, даана 1 кг данга зыяндуулуктун экономикалык босогосуна туура келген чоң зыянкечтердин саны, даана Булгануунун суммалык жыштыгынын мүмкүн болушунча жол берилге деңгээли (МДУ), БСЖ боюнча кг/даана Жалпы булгануу - - - 15,0 Дан жонуучу 1,7 5 1,8 8,5 Амбардык шиш тумшук 1,5 5 2,0 7,5 Дан күбөсү (көпөлөк курту) 1,1 4 2,7 4,4 Башка көпөлөктөр (көпөлөк курту), мавритания козявкасы 1,1 - 2,7 3,0 Күрүч шиш тумшугу 1,0 15 3,0 15,0 Ун хрущагы 0,4 6 7,5 2,4 Анткор кабык жегич 0,4 6 7,5 3,0 Ун жегичтер, козукарын жегичтер 0,3 25 10,0 3,0 Жалтырак, жашыруу, жашынып быштак 0,2 - 15,0 3,0 Чөп жегичтер 0,1 - 15,0 3,0 Дан кенеси 0,05 150 60 3,0

БСЖнын эсептөө ыкмасы 11-жободо келтирилген. Дандын массасын төмөндөтүп жана сапатын жана технологиялык маңызын начарлаткандан тышкары курт-кумурскалар жана кенелер данга адам үчүн зыяндуу заттарды колтырып кетет. Ошондуктан курт-кумурскалар жана кенелерге дан өтө катуу булганганда ал азык үчүн пайдаланууга жараксыз болуп калат уулуу заттар данда дезинсекциялоодон кийин да сакталып калат. Кайталап булганууда данда калган мурдагы уулуу заттарга кошулат. Ошондуктан эгерде дандын партиясы экинчи жолу булганган босо, анда БСЖ мурдагысы менен кошулат. Дан курт-кумурскалар жана кенелер менен булгангандыктан улам санитардык абалдын начарлашы ар түрдөгү зыянкечтерге чалдыгуунун жыштыгын, ошондой эле булгануунун суммалык жаштыгын катуу регламентациялоо, б.а. 1 кг данда курт-кумурскалардын санынын МДУ белгилөө зарылчылыгын пайда кылат. 7-таблицада дандагы курт-кумурскалар жана кенелердин болушунун белгиленген МДУ келтирилгет. МДУ үч критерийди: жылуу кандуу жаныбарлар үчүн курт-кумурскаларга чалдыккан дандын биологиялык активдүүлүгүн, зыяндуулуктун экономикалык босогосун, дандын азыктык баалуулугунун көрсөткүчүн эске алуу менен лимиттелген көрсөткүчтөрү боюнча белгиленген. Эгерде БСЖ көрсөткүчү боюнча дандын курт-кумурскалар жана кенелер менен булганышы жогоруда көрсөтглгөн МДУдан ашып кетсе, бирок 1 кг данда 90 даанадан ашпаса, анда аны азык-түлүк максаттарында пайдаланууга булганбаган данды кашуу жана зыянкечтердин санын МДУга чейин жеткирүү шартында жол берилет. Курт-кумурскалар жана кенелр менен булганган МДУ дандын саны проценттерде көрсөтүлгөн, ал булганбаган данды кошууда төмөнкүдөй теңдеме менен эсептелет: А= МДУ х 100 / Хзя (же Х¬S¬), 1 мында А –курт-кумурскалар жана кенелер менен булганган МДУ дандын саны, аны булганбаган дан менен аралаштыруу керек,%; МДУ – дандын курт-кумурскалар жана кенелер менен деңгээли, даана/кг (7-таблицаны караңыз); Хзя (же Х¬S¬) – зыяндуулук коэффициентин эсепке алуу менен дандын курт-кумурскалар жана кенелер менен булганышынын иш жүзүндөгү жыштыгы, даана/кг (11-тиркемени караңыз). Эгерде дандын партиясы бир учурда эле бир нече зыянкечтерге чалдыккан болсо, бөлчөктүн асты Хзя ордуна Х¬S коюлат. Теңдемени пайдаланууда (1) 7-таблицада көрсөтүлгөн зыянкечтердин түрлөрү үчүн Х¬S жана Хзя өзүнчө эсептөө керек. Андан кийин теңдемеге МДУнун тийиштүү маанилерн коюуу менен БСЖ боюнча бүтүндөй А чоңдугун жана зыянкечтердин бөлүнгөн түрлөрү үчүн өзүнчө эсептөө керек. Сорттоп чыгууда эсептөөдөн алынган А чоңдугунун эң аз маанисин эске алуу керек. Эгерде БСЖ көрсөткүчү боюнча дандагы зыянкечтердин саны 1 кг данда 90 даандан ашып кетсе, андай мындай дан азык-түлүк максаттары үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. Курт-кумурскалар менен кенелердин зыяндуулугун жана алардын гигиеналык көрсөткүчтөргө терс таасирин (уулуу заттардын топтолушу) эске алуу менен дандын зыянкечтер менен булганышы БСЖнын көрсөткүчүнүн чоңдугуна жараша даражаларда көрсөтүлөт. дандын зыянкечтер менен булганышынын даражасы 8-таблицада келтирилген. 8-таблица Булгануу даражасы БСЖ көрсөткүчүнүн чоңдугу, даана/кг Негиздеме I 1 чейин Дандын коромжусунун наркы дезинсекциялоонун наркынан төмөн. Зыянкечтердин санын божомолдоо максатка ылайыктуу II 1 ден 3 чейин Дандын коромжусунун наркы дезинсекциялоонун наркы менен бирдей III 3 төн 15 чейин Дандын коромжусунун наркы дезинсекциялоонун наркынан жогору. Данды азык-түлүк максаттар үчүн тикелей пайдаланууга жол берилет IV 15 тен 90 чейин Данды таза дан менен аралаштыруудан кийин гана азык-түлүк максаттар үчүн тикелей пайдаланууга жол берилет V 90 жогору Данды азык-түлүк максаттар үчүн пайдаланууга жол берилбейт

Эскертүү: БСЖнын курамында данды булгануунун тигил же бул даражасына кошууда зыянкечтердин айрым түрлөрүнүң МДУсун эске алуу зарыл (7-таблицаны караңыз). Дандын булгануу даражасына жараша төмөнкү иш-чараларды аткаруу зарыл. I даражада биринчи кезекте убакытты божомолдоо зарыл, мындай шартта ал аркылуу дандын булганышы III даражага өтүп кетиши мүмкүн. Ал төмөнкүдөй жол менен жүрөт. Адегенде теңдеме боюнча сандын көбөйүү коэффициенти аныкталат: Кс, ө. = З : СПЗ, (2) Мында Кс, ө. – сандын өсүү коэффициенти; З – дандын булганышынын III даражасында БСЖнын төмөнкү чеги, даана/кг; БСЖ – ошол партиядагы дандын булганышынын суммалык жыштыгы, даана/кг. Андан ары 2-сүрөткө келтирилген номограмманын жардамы менен дандын булганышынын III даражасынын келишинин убактысы аныкталат. Бул үчүн курт-кумурсканын тийиштүү түрүнүн графигинин вертикалдык огу (ординат) Кс, ө. чоңдугуна туура келген чектитти табат. Ал чекиттен температуранын кыйгача сызыгы менен кесилишкенге чейин ординат окко карата перпендикуляр сызылат. Мында үйүлгөн дандый кыйла жогорку температурасына багыт алынат. Кесилишүү чекиттен перпендикуляр горизонталдык окко (абсцесс) түшүрүлөт, бул жерден БСЖ 3 даана/кг жеткен, б.а. дандын булганышы III даража болгон убакыт эсептеле баштайт.

Болжолдун мисалы.

Дан кампасында буудайдын партиясы сакталып турат. Дан үймөгүнүн жогорку, ортоңку жана төмөнкү 2; 2,1; 1,9; кг келген дандын үч үлгүсү алынат. Бул үлгүлөрдө дан үймөгүнүн ар бир тийиштүү катмарынан 1, 1 жана 0 даана/кг кыска муруттуу ун жегич коңуз табылды. Жогорку катмарда дандын температурасы 25˚С, ортоңку катмарда 23˚С жана төмөнкүдө 17˚С. Ыкма (9-тиркеме) боюнча булгануунун суммалык жыштыгы эсептелет, ал биздин мисалда 0,1 даана/кг түзөт. Андан ары теңдеме (2) боюнча Кс, ө эсептелет. Кс, ө. = 3:0, 10=30. 2-сүрөттөгү номограммада тийиштүү түрдө кыска мурутту ун жегичке дандын мүмкүн болгон температурасы 25˚С болгондо 87 суткага тең келгендигин көрөбүз. Болжолдоодон кийин томонкү чечимдедин бири кабыл алынат. Данды 18˚С чейин б.а. кыска муруттуу ун жегичтин өнүгүшүнүн төмөнкү температуралык босогосуна чейин муздатууга чечим кабыл алынат (6-таблицаны караңыз). Андай дан дезинсекциялоосуз сакталат. Эгерде данды муздатууга мүмкүн болбосо, анда аны дезинсекциялоо зарыл. Ошондон кийин гана данды сактоого болот. Эгерде дан ун тартуучу заводдун же дан азыкатр комбинатынын дан сактоочу жайында сакталып турса жана ошол жерде 87 суткага чейин кайра иштетиле турган болсо булгануунун I даражасында аны ошол ишканада эле муздатпасатн жана дезинсекциялабастан кайра иштетүүгө жол берилет. Булганган данды башка ишканага ташууга тыюу салынат. II даражада данды дезинсекциялоо жана сактоо зарыл. Эгерде дан кайрадан булганган болсо, анда аны кайра зыянсыздандыруу жана биринчи кезекте сатып өткөрүү боюнча чараларды көрүү зарыл. IV даражада булганган данды дезинсекциялоо жана аны биринчи кезекте сатып өткөрүү үчүн курт-кумурскаларга чалдыкпаган дан менен аралаштуу боюнча чараларды көрүү зарыл (1-теңдеме боюнча). V даражада дан дезинсекцияланат. Мындай дан азык-түлүк үчүн пайдаланышы мүмкүн эмес. Эгерде биринчи дезинсекциялоо химиялык каражаттар менен жасалган болсо, анда андай данды экинчи жолу зыянсыздандыруу химиялык эмес ыкма менен гана жасоого уруксат берилет. Биринчи кезекте сатып өткөрүүнү талап кылган данды химиялык эмес жол менен же дезинсекциялоодон кийин дандан тез жана оңой эле чыгып кете турган химиялык жол менен зыянсыздандырууга жол берилет.

ДАНДЫН ЖАНА ДАН АЗЫКТАРЫНЫН ЗЫЯНКЕЧТЕРГЕ КАБЫЛЫШЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАР[оңдоо | булагын оңдоо]

Бардык кампаларда, жайларда жана аймактарда санитардык режимди катуу сактоодо, ишканага келип түшкөн жана сакталып турган дандын булганышынын абалына, аралаш тоют жана дан азыктарын иштеп чыгуу үчүн дандык чийкизатка, ошондой эле бардык кампа жана өндүрүштүк жайларга, жабдууларга жана аймактрга, зыянкечтердин таркашына жана өнүгүшүнө тоскоолдук кылуучу санитардык-алдын алуу чаралары дан запастырынын зыянкечтерине каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын негизги комплекси болуп саналат. Дандын жана башка азыктардын ишканаларда зыянкечетрге чалдыгышын болтурбоонун башкы шарты болуп кампа жана өндүрүштүк жалрды оң абалында жана таза күтүү саналат. Дан сактоочу жайлар, даяр продукция үчүн кампалар өндүрүштүк жайлар, жабдуулар жана ишкананын аймагы элеватордук курлуштарды техникалык эксплутациялоонун эрежелеринде, данды май алынуучу данды, май алынуучу данды, унду, жана акшакты сактоо боюнча нускоолордо жана ушул нускоодо баяндалган талпатарга жооп бериши керек. Дан сактоочу жайлар, даяр продукция үчүн кампалар, ишканалар жана башка өндүрүштүк объекттер кургак болуп жана жакшы желдетилүүгө тийиш. Кампаларда, элеваторлордо, ишканаларда жана башка өндүрүштүк жайларда дубалдардын, полдун, шыптын, ички беттери, конвейердик галереянын, силостордун, бункерлердин дубалдары жылма болуп, жылчыксыз, чуңкурсуз жана бүтүн болшу, чаңдан, булгануудан жана шыпырындылардан оңой тазаланышы керек. Бардык жайлардын эшиктери бекем жабылууга тийиш. Капмалрга канаттуулардын учуп киришин болтурбоо үчүн кампанын эшиктерине металлторлор орнотулууга тийиш. Терезелер да тор менен каланууга тийиш. Механикалаштырылган кампалардын, потоктук линиялардын, элеваторлордун, ишканалардын жабдуулары оң абалда жана таза болууга тийиш. Транспортточу механизмдер, конвейерлер, нориялар, өзү куйгучтар, ошондой эле башка жабдуулар иштеп жатканда дандын чууруп түшүшүн жокко чыгаруу боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш. Бардык майдалоочу, элөөчү, сапыруучу, ошондой эле транспоттоочу механизмдер жана машиналар, жана данды, анын азыктарын ана аралаш тоют чийкизатын өткөрүүдө чаң чыгаруучу аппараттар чыпкаланууга тийиш. Чыпкалоодон кийин атмосферага чыгуучу аба чаңдан тазаланууга тийиш. Кампалар, элеваторлор жана өзүнчө турган силостор бошотулгандан кийин, ошондой эле дан жана продукция жүктөлөөрдүн алдында, кургатуучу-тазалоочу мунаралар, потоктук линиянын жабдуулары жана дан кургаткычтар иш аяктогандан кийин жан башталар алдында механикалык тазалоого, ал эми зарыл болгон учурда зыянсыздандырылат. Декадалык токтоп турган учурда ун, акшак таруучу, аралаш тоют чыгаруучу заводдода жана башка ишканаларда дубалдар, шыптар, жабдуулар жана аба өткөргүчтөр тазаланат, зарыл болгон учурда айрым машиналар жана жайлар өзүнө дезинсекцияланат. Толтурулган кампаларда устундарды, карниздерди, дубалдарды, түркүктөрдү, эшик-терезелерди чаңдан тазалоодо дан жана продукцялар таар же полэтилен пленка менен жабылат. Иш аяктагандан кийи таар жана пленка тазаланат, зарыл болс зыянсыздандырылат. Элеваторлорго, кампаларга, цехтерге жана башка өндүрүштүк жайларга кирүгдө булганыч заттарды жана зыянкечтерди алып кирбөө үчүн кире бериш жерлерде кыргычтар, бут тазалагычтар, буткийим жана кийим тазалоочу шыпыргылар жана щеткалар болууга тийиш. Буудайды тыгыз кездемеден тигилген байпак менен же дандын гстүнө ташатлган жыгач трапатар же төшөндүлөр менен басууга гана жол берилет. Зыянкечетр менен булганган жайдан булганбаган жайга кийимди жана буткийимдерди алдын ала тазаламайынча өтүүгө, ошондой эле дан тазалоочу машиналарды, конвейерлерди жана башка механизмдерди, жана зыянкечтер менен булганган шаймандарды алдыр ала тазаламайынча жана зыянсыздырмайынча ордун каоторууга тыюу салынат. Кампадагы шаймандар ар бир нөөмөттө иш аяктагандан кийин тазаланып жана атайын бөлүнгөн жерде сакталууга тийиш. Утурумдук иштерде пайдаланылбаган жабдууларды, шаймандарды, таарларды жана буюмдар менен материалдарды, ошондой эле жумушчулардын жеке буюмдары өндүрүштүк жайларда, дан тазалагычтарда, даяр продукциялар кампасында сактоого болбойт. Өндүрүштүк жайларды, коридорлорду, тепкичтердин аянтчаларын, өткөөлдөрдү жана жумуш орундарын даяр продукциялар, калдыктар, демонтаждалган жабдуулар жана башка буюмдар менен тосуп салууга жол берилбейт. Лаборатория жайлары, алардын жабдуулары жана шаймандар таза сакталып, мезгил-мезгили менен дезинсекцияланып турушу керек. Дандын жа андан жасалган тпродукциянын үлгүлөрү сактоо мөөнөтү өткөндө зарыл болсо идиши менен чогуу зыянсыздандырылат жана кампага өткөрүлөт. Мүшөктөрдү жана таарларды сактоо үчүн ар бир пунктта, элеватордо жана ишканада атайын жай бөлүнүүгө тийиш. Мүшөктөр менен таарларды дан, ун жана акшак менен бир биөлмөдө сактоого жол берилбейт. Мүшөктөр дан, ун жана идиш кампаларынан башка өзүнчө жайларда тазаланат жана күбүлөт. Таарларды иште пайдалануудан кийин тазалоо, ал эми зарыл болгон учурда жуу жана кургатылышы керек. Зыянкечтер менен булганган таар зыянсыздандырылууга тийиш. Зыянкечтер менен балганган идиш зыянсыздандырылууга тийиш. Транспорт каражаттары оң абалда жана таза күтүлүүгө тийиш. Дан менен толтурулганга чейин жана дан түшүрүлгөндөн кийин аларды тазалоо жана зыянкечтер табылган болсо – зыянсыздандыруу керек. Дан кабыл алуучу жана данды кайра иштетүүчү ишканалардн аймактарын таштандылардан, дандын калдыктарынан туруктуу тазалап жана керектен чыккан жабдуулар, темир-тезек жана башка буюмдар менен тосуп салууга жол бербөө керек. Аймактагы отоо чөптөр туруктуу чабылып же гербициддеррдин жардамы менен жок кылынууга тийиш. Дан запастарынын зыянкечтери менен булганган аймак зыянсыздандырылууга тийиш. Таштандылар капкактары жакшы жабылган, чычкан сымал кемирүүчүлөр жана чымын-чиркей кире албай турган атайын металл контейнерлерге, бетондолгон же бекем жыгач ящиктерге топтолушу керек. Ал сыйымдуулуктар туруктуу тазаланып жана зыянсыздандырылып турушу керек. Алар дан сактоочу жайлардан болушунча алыс болушу керек. Данды жана продукцияларды иштетүүдө пайда болгон жана азык, тоют жана бошка максаттар үчүн пайдаланыла турагн калдыктар алар үчүн атайын кампаларда, ал жок болсо – бул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жайларда же атайын жабдылган, кампалардан алыс турган, таар менен каланган жерлерде сакталууга тийиш. Пайдаланууга болбой турган калдыктар иштетилген жерден жана пункттун аймагынан дароо чыгарылып жана белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш. Калдыктарды, ошондой эле кабык-кашектерди, шыпырындыларды ишкананын ачык аянтында сакоого таптакыр тыюу салынат. Дан кабыл алуучу ишканаларды жаңы түшүмдүң данын кабыл алууга даярдоодо бардык бош сыйымдуулуктар, дан кургаткычтар потоктук линиялар, жабдуулар, шаймандар, аймактар, ошондой эле булганган дандын партиясы,продукциялар жана калдыктар графикте белгиленген мөөнөттө комплекстүү зыянсыздандырылат. Бардык кампа жайларын дезинсекциялоого бир учурда даярдоо, мүмкүнчүлүгү жок болсо жайлардын бир бөлүгүн бошотуу жана зыянсыздандыруу өз ара технологиялык линия менен байланышкан бир катар жайгашкан кампалардын тобу боюнча жүргүзүлөт. Ишканаларга зыянкечтерге чалдыккан дандын түшүшүн болтурбоо үчүн дан запастарынын чарбалары жана жергиликтүү айылчарба органдары жаңы түшүмдү жыйноо башталганга чейин кырмандарды, дан сактоочу жайларды, дан убактылуу турган жерлерди жабдууларды, шаймандарды жана транспортту тазалап жана зыянсыздандырууга тийиш. Ишканалар дан тапшыруучулардан келип түшкөн жаңы түшүмдүн данынын зыянкечтерге чалдыгышына катуу контролдук кылууга тийиш. Зыянкечтер – курт-кумурскалар менен булганган дан кабыл алынбайт. Андан тышкары ишканалрга келип түшкөн аралаш тоют чикизаты: дан жана андан жасалган продукция, жымыктар, шрот, сөөк жана балык уну да катуу контролго алынууга тийиш. Келип түшкөн аралаш тоют чийкизатынан дан запастарынын зыянкечтери табылганда ал өзүнчө кампага жиберилет. Чийкизаттын үлгүлөрү тийиштүг стандарттарда каралган көрсөткгчтөр боюнча жана ууланышы боюнча текшерилет. Ченемдик-техниклаык документациянын талаптарына жооп берген жанан уулуу эмес чийкизаттын партиясы кайра ишетүүгө жиберилет. Зыянкечтерге кабылган чийизатты тез арада кайра иштетүү мүмкуүн болбогондо дан запастарынын зыянкечтерине каршы күрөшүүнүн сунуш кылынган каражаттарынын бири менен кайра иштетилет. Көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген чийкизатка акт түзүлөт жана рекламация берилет же аны ветеринардык-санитардык көзөмөл органдарынын корутундусунун негизинде пайдалануу жөнүгдө чечим кабыл алынат. Эгерде сактоодо турган аралаш тоют чийкизатында табылган дан запастарынын зыянкечтеринин саны даяр продукцияны иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берсе, анда ал дароо кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо, ал сунунш кылынган ыкмалардын бири менен иштетилет. Сактоочу жайларда дан продукцияларн сактоо үчсүн жагымдуу шарт түзүү жана зыянкечтердин жашашы жана өнүгүшү үчүн жагымсыз шарт түзүү зарыл. Сактоого коюлган дан кургатылышы, бөтөн аралашмалардан тазаланышы, ал эми суук түшкөндө кыска мөөнөттүн ичинде муздатылышы керек. Ишкананын санитардык абалы, аны жаңы түшүмдүн данын кабыл алууга даярдоо жана дандын жана продукциялардын булганышын алдын алуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн ишкананын жетекчиси жана анын орунбасар, башкы инжер, өндүрүштүк (технологиялык) лабораториянын начальниги жоопкерчилик тартат. Санитардык иш-чараларды жүрүзүү өндүрүштүк участкалардын начальниктерине, кампа жана элеваторлордун башчыларын кургатуучу устаттарга, ирилештирүүчүлөргө, алардын жардамчыларына жана цехтин начальниктерине жүктөлөт. Дандын жана аны кайра иштетүүдөн алынган продукциялардын түшүшүнө, жайгаштырылышына жана абалына байкоо жүргүзүү директолрдун орукнбасарларына өндүрүштүк (технологиялык) лабораториянын начальниктерине жүктөлөт. Бардык алдын алуу иш-чараларын аткарууга контролдук кылууну ишканалардын администрациясы, мамлекеттик дан инспекциялардын (участкалардын) жетекчилери жүргүзөт.

ДАН ЗАПАСТАРЫНЫН ЗЫЯНКЕЧТЕРИН КАРШЫ КҮРӨШҮҮНҮН ФИЗИКО-МЕХАНИКАЛЫК ЧАРАЛАРЫ[оңдоо | булагын оңдоо]

Дан запастарынын зыянкечтерине каршы күрөшүүнүн физико-механикалык чаралаына данды жана аны иштетүүдөн алынган продукцияларды муздатуу, ошондой эле жылытуу, тазалоо жана данды радияциялык дезинсекциялоо кирет. Белгиленген режимдерде данды муздатуу жана жылытуу, ошондой эле радиациялык дезинсекциялоо зыянкечтердин өлүмүнө алып келет, ал эми тазалоо анын булганышын азайтат. Дан запастарынын зыянкечтерине каршы күрөшүүнүң тигил же бул физика-механикалык чараларын колдонуунун максатка ылайыктуулугу дандын же продукциянын сапатынын абалына, булгануу мүнөзүнө, партиянын өлчөмүнө жана иш-чараларды өткөрүү шартына жараша аныкталат. Дандын жана дан-азыктарынын пестициддер менен булганышын жокко чыгаруу же азайтуу үчүн физико-механикалык ыкмаларга артыкчылык укуктары берилүүгө тийиш. Физико-механикалык же башка экологиялык таза каражаттарды же ыкмаларды (мисалы, феромондор) колдонуу мүмкүн болбогондо же зыянкечтер менен булгануу жыштыгы жол берилген деңгээлден ашып кетүү коркунучу пайда болгондо гана химиялык каражаттарга жол берилет. Алдын алуу максаттарында данды кургатуу жана муздатуу ыкмасы кеңири колдонулат. Булганган данды дезинсекциялоону данды кургаткычтарда ысытуу менен жүргүзүүгө артыкчылык берилет. Зыянкечтерге каршы күрөшүүнүн физико-механикалык чаралараы ишкананын күчү менен жүргүзүлөт. Булганган данды, унду жана акшакты муздатуу. Данды жана аны иштетүүдөн алынган продукцияны муздатуу жагымдуу төмөнкү температуралар келгенде жүргүзүлөт. Данды жана продукциялардын партиясын муздатуунун кезектүүлүгү алардын булгануу абалына жана даражасына жараша белгиленет. Данды муздатуу пассивдүү ыкма – бөлмөнү желдетүү же актидүү – стационардык жана көчмө желдетүүчү жабдуулардын жардамы менен активдүү желдетүү кыйла натыйжалуу ыкма болуп саналат. Кампаларда, элеваторлордо, бастырмалардын алдында жана аянттарда сакталган булганган азыктык жана тоюттук данды муздатуу данды, май алынуучу үрөндү, унду жана акшакты сактоо боюнча нускоолорго ылайык жүргүзүлөт. Үрөндүк дан дан кабыл алуу ишканаларында сорттуу үрөндү кабыл алуунун, жайгаштыруунун, даярдоонун жана сактоонун тартиби жөнүндө колдонуудагы нускоого ылайык муздатылат. Ундун, акшактын, аралаш тоюттун булганган партиясындагы зыянкечтерди жок кылуу кыш мезгилинде кампа жайларын катуу желдетүү аркылуу жүргүзүлөт. Муздак абанын продукция салнган мүшөктөргө эркин жетишин камсыз кылуу үчүн аларды үч-үчтөн кылып жыйып жана бийиктиги төмөндөтүлөт. Данды жана продукцияларды муздатуу боюнча ишти жүргүзүүдө дан запастарынын зыянкечтеринин ар кандай түрлөрүнүн төмөнкү температураларга туруктуулук даражасы эске алынууга тийиш, алар 9-таблицада көрсөтүлгөн маалыматтар менен мүнөздөлөт. 9-таблица Зыянкечтеринин төмөнкү температураларга туруктуулугу Дан запастарынын зыянкечтери Төмөнкү температурада кыйла туруктуу стадиялар, суткалар боюнча жашоонун узактыгы 0ºС -5 ºС -10 ºС -15 ºС Амбардык шиш тумшук 67 26 14 19 саат Күрүч шиш тумшугу 17 12 4 7,5 саат Кичинекей ун хрущагы 12 5 5 5 саат Кичинекей кара хрущак 19 5* 2 4 саат** Кыска мурутту ун жегич 112 32 20 24 саат Суринам ун жегичи 22 13 3 24 саат Дан жонуучу 17 10 1 7 саат Анткор ууру 219 164 36 17 Буурчак жегич 404 ашык 260 ашык 130 жакын 6 Дан күбөсү 25 9 2 2 Тегирмен шайтан көпөлөгү 116 24 11 2 ун кенеси: жумуртка стадиясында тамактанат 486 386 18 168 7 57 1 1 Узун кене 85 24 21 1 Түктүү кене: Гипопус Стадиясында тамактанат 50 500 ашык 18 500 ашык 8 330 3 124

  • температура -2,5ºС
    • температура -18ºС

Дан же продуция суука байымдуу зыянкечтер менен булганган учурда муздатуу тазалоо (элөө) менен айкалышта жасалат. Жылуулук келе баштаганда дан менен продукцияда төмөнкү температураны сактап калууну камсыз кылуучу чаралар көрүлөт. Бул үчүн дан сактоочу жайдын эшик-терезеси жабык болуп, зарыл учурларда гана аны ачууга туура келет. Сакталып турган дан жана продукцияга көз салуу негизинен эртели-кеч гана жүргүзүлөт. Дан сактоочу жай кургак жана серүүн мезгилде, абанын температурасы жайдагы абанын темпертаурасынан төмөн болгон маалда желдетилет. Буудай данын термикалык дезинсекциялоо Азык-түлүкк, тоютка жана техниклаык максаттарга арналганкургак жана орточо кургак данды термикалык дезинсекциялоого алууга болот. Термикалык дезинсекциялоо ишкананын күчү менен ишкананын жетекчисинин (же анын орунбасарынын) жазуу жүзүндөгү буйругу ылайык жүргүзүлөт. Буйрукта: термикалык дезинсекциялоого алына турган дандын турган жери жана саны; дандын портиясындагы курт-кумурскалардын түрдүк курамы; термикалык дезинсекциялоого жүргүзүлөт труган кургаткыч; иштетүүнүң температуралык режими, данды ысытуунун максималдуу температурасы; дезинсекциялоого чейин жана андан кийин транспорт коммуникациялары боюнча данды жайгаштыруучу жер көрсөтүлөт. Термикалык дезинсекциялоону жана кургаткычтын ишин туура уюштуруу үчүн директор, өндүрүштүк (технологиялык) лабораториянын начальниги жана кургатуучу устат жекечежоопкерчилик тартат. Термикалык дезинсекциялоо режимин тандоо дан запастарынын зыянкечтеринин негизги түрлөрүнүң жогорку температурага чыдамдуулук даражасын эске алуу менен жүрүзүлөт. 10-таблица Термикалык дезинсекциялоо режими

Данды ысытуу температурасы, ºС Төмөнкүлөргө чалдыккан дандын жылуулук-нымдуулук алмаштыргычта болушунун убактысы, минута Дан жонуучу, дан күбөсү Шиш тумшук Хрущак жана ун жегич, баркыт козукарын жегич 60 14 9 Талап кылынбайт Термикалык дезинсекциялоодо төмөнү шарттарды сактоо зарыл: - жылуулук-нымдуулук алмаштыргычта жана ысытуу камерасында данды ысытуу температурасы 10-таблицада келтирилген сандардан ашпоого тийиш; - булганган данды кургаткычка салардын алдында ири аралашмалардан тазалоо керек; - курт-кумурскалардын ишкананын аймагына таркап кетишин болтурбоо үчүн кургаткычтын чаң тозгучтарынын жылчыксыздыгын камсыз кылуу керек, ага ысытуу камерасынан иштетилген жылуу аба менен кошо чыккан курт-кумурскалар кабылат жана булганган дандын төгүлүп калышын жокко чыгарат. Термикалык дезинсекциялоого даярдык көрүүнүң жана өткөрүүнүн тартиби Термикалык дезинсекциялоодон кийин данды салуу үчүн сыйымдуулуктар, ошондой эле зыянсыздандырылган дан ташыла турган транспорт коммуникациялары мехникалык жол менен (зарыл болсо) тазаланат жана зыянсыздандырылат. Дан кургаткыч азык-түлүк, тоюттук дан, май алынуучу уруктарды кургатуу жана дан кургаткычтарды эксплуатациялоо боюнча нускоодо баяндалган эрежелерге ылайык иштетилет№ Данды ысытууда аны жылуулук-нымдуулук алмаштыргычта 10-таблицада келтирилген жана ишкананнын жетекчисинин (же анын орунбасарынын) буйругунда көрсөтүлгөн режимге ылайык зарыл температурага чейин ысытуу максатында булганган дандын биринчи партиясы кургаткычтан чыгарбай туруп толук аралашырылат. Кургаткычтын чыгаруучу механизминин ишин данды ысытууда жылуулук-нымдуулук алмаштыргычтан же ысытуу камерасынан өткөндөн ки йин дан курчап турган чөйрөнүн температурасына чейин муздатылат. Ысытуу камерасындагы жылуулук чыгаруучунун температурасына туруктуу көз салынып турат. Термикалык дезинскциялоо процессин жөнгө салуу жылуулук-нымдуулук алмаштыргычта ысытуунун (куюлуп жаткан катмарды ысытуу) бирдейлиги ар бир 30 минута сайын, ал эми белгиленген режимде – ар бир ссаатта текшерилип турат. Ар бир саатта муздатуучу шахтадан чыккан иштетилген данды талдоо үчүн анын үлгүсү алынып турат. Азык-түлүктүк, тоюттук данды, май алынуучу урукту кургатуу жана дан кургаткычтарды эксплуатациялоо боюнча нускоолорго ылайык дандын сапатын туруктуу контролду жүргүзүлөт. Термикалык дезинсекциялоону натыйжалуу жүргүзүү жана буудай данынын сапатын сактап калуу максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат: - нымдуулугу 15%дан ашкан данды термикалык дезинсекциялоого; - булганган жана термикалык дезинсекциялоодоөткөн данды бир эле трансорттук каражат менен ташууга; - термикалык дезинсекциялоодон кийин данды зыянкечтер менен булганган сактоочу жайга жөнөтүүгө. Термикалык дезинсекциялоо жүргүзүлгөндөн кийин кургаткыч, сепаратор, тараза жана булганган данды берүүнү камсыз кылган транспорт каражатаы кылдат тазаланат, зарыл болсо зыянсыздандырылат. Данды термикалык дезинсекциялоого катышкан кургаткычтын кызматкерлери коопсуздук техникасы жана өндүрүштүк санитария боюнча колдонуудагы эрежелерди жана нускоолорду, ошондой эле азык-түлүктүк, тоюттук данды, макй алынуучу урукту кургатуу жана дан кургаткычтарды эксплуатациялоо боюнча нускоолордо баяндалган дан кургаткычтарды эксплуатациялоо боюнча нускоолордо баяндалган дан кургаткычтарды эксплуатациялоо боюнча өткө каршы иш-чараларды билүүгө жана аткарууга тийиш. Булганган данды жана дан азыктарын тазалоо. Дан зыянкечтерден суук мезгилде, качан муздатылган данда зыянкечтердин толук өлүшү үчүн шарт түзүлгөн учурда тазаланат. Булганган данды жылуу мезгилде тазалоо сунуш кылынбайт, анткени ал зыянкечтердин таркап кетишине алып келиши мүмкүн. Булганган данды тазалоо чыпкалоочу жабдуулар менен жабдылган, чаңдын жана зыянкечтердин таркашын жол бербей турган стационардык, ошондой эле көчмө дан тазалоочу машиналарда жүргүзүлөт. Көчмө дан тазалоочу машиналар адатта, кампадан тышкары даярдалган аянттарга орнотулат. Өзгөчө учурларда, тазалоону кампадан тышкары жүргүзүү үчүн шарт жок болгондо дан тазалоочу машиналар чаң топтоочу жабдуу тышка чыгып тургудай кылып, кампанын эшигинин алдына орнотулат. Данды шиш тумшуктан, ун жегичтен, кичине жана төөнөгүч муруттуу ун хрущагынан жана кенелерден тазалоо дандын чоңдугуна жараша электин узатасынан кеткен жылчыктары: буудай үчүн – 1,5 -1,7 мм, кара буудай үчүн – 1,4-1,5 мм, арпа үчүн – 2,0-2,2 мм. менен жүргүзүлөт. Данды кыйла чоң зыянкечтерден (чоң ун хрущагы, шайтан көпөлөктүн чоңойгон курттары, дан жегич ж.б.) тазалоодо тору металлдан жасалган электер пайдаланылат, алардын номерлери үлгүлүк тазалоодо тандалат. Тазалоонун жогору натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн ошол партиядагы дандын чакан санын алдын ала тандоо жүргүзүлөт, ал процесстин учурунда машина жөнгө салынып жана иштетиле турган өсүмдүктүн данындагы зыянкечтерге жана отоо чөптөрдүн аралашмаларына жараша элек биротоло тандалат. Өсүмдүккө жана булгануу мүнөзүнө жараша дан тазлаоочу машинанын элегинин « см жазылыгына келтирилген күч минутасына 30 килограммдан 50 килограммга чейин болгудай кылып колдонуу сунуш кылынат. Дан машинага берилип жана элек жана пневмосепарттоо каналдары боюнча бирдей агым менен аралаштырылат. Дан тазалоочу машиналар электи тазалоочу шаймандар менен касыз кылынышы керек. Аба өткөргүчтөр менен циклондордун чаңга толуп калышына жол бербөө үчүн алардын абалына туруктуу контролдук кылып туруу зарыл. Зыянкечтер жана отоо чөптөрдүн аралашмалары толук ылганышы камсыз кылынган машинанын иштешинин оптималдуу режимин аныктоо ишкананын башкы инженерине, директорунун орунбасарын , өндүрүштүк (технологиялык) лабораториянын начальнигине жүктөлөт. Тазаланган данга зыянкечтердин кирип кетишин болтурбоо үчүн төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - зыянкечтерден тазаланган дан зыянкечтер менен булганбаган сыйымдуулукка салынат. Андай мүмкүнчүлүк болбогондо иштетүүдөн кийин дан төгүүгө арналган кампанын бир бөлүгү тазаланат жана зыянсыздандырылат, тазаланган данды тазалана электен бөлүп, аралрдын ортосуна жазылыгы кеминде 6-8 метрлик жол калтырылат жана ага дандын түшүп калышына жол берилбейт. - Машиналар иштеп жана данды ташуу учурунда алардын куюулуп калышына жол бербөө керек; кампалардагы булганбаган дан жаткан жер кркылуу булганган данды ташып өтүүдө ал таар же плека менен жабылышы керек. Иш аяктагандан кийин таар жана плека кылдаттык менен алынып жана зыянсыздандырылууга тийиш. Данды зыянкечтерден тазалоодо бир нөөмөттө 3-4 жолу тазалоонун натыйжалуулугу текшерилип турат. Булганган данды иштетүүдөн арткан калдыктар атайын бункерге же бүтүн идишке жыйналат, ал толгондо жарактуу калдыктар зыянсыздандыруу жана кайра иштетүү үчүн цехтерге же кампаларга жөнөтүлөт, ал эми жараксыздары ишканадан сыртка чыгарылат жана белгиленген тартипте тариздөө менен жок кылынат. Иш аяктагандан кийин дан тазалоочу машиналар, транспорт жабдуулар, идиштер, шаймандар жана аспаптар, ошондой эле булганган дан иштетилген жай же аянт тазаланат, аба ырайы жагымдуу болгон шартта химиялык жол менен менен зыянсыздандырылыат. Дан кабыл алуучу жана данды кайра иштетүүчүү ишканаларда унду жана акшакты тазалоо ишкананын жетекчисинин буйругу менен гана жүргүзүлөт. Булганган продукция атайын бөлүнгөн жайда гана тазаланат. Зыянкеч курт-кумурскалар менен булганган ун төмөнкүдөй электер менен эленен: Сорттуу тартылган ун - №056 элек менен; Кара буудайдын уну – зыянкечтин түрүнө жараша №080 жана андан жогору металл элек менен зыянкечтерди толук жок кылууну камсыз кылган электин номери булганган ундун чакан санын сынак иретинде элөө менен тандалат. Зыянкечтер менен булганган акшак дан тазалоочу машиналарда тазаланат же иштеле турган акшактын түрүнө, ошондой эле анын булгануу даражасына (кандай зыянкечтерге чалдыккан жана алар өнүгүүнүн кайсы стадиясында) жараша тандалган элек менен эленет. Булганган продукцияны элөөдөн түшкөн калдыктар алардын булганышына жараша химиялык ыкма менен зыянсыздандырылат. Тоюот же техниклаык максаттар үчүн пайдаланууга мүмкүн болбогон калдыктар жок кылынат жана белгиленген тартипте жок кылуу актысы түзүлөт. Ун же акшак салынган мүшөктө зыянкечтер табылса, бирок алар продукцияда жок болсо, мүшөктүн сырты щетка же чаң соргуч менен тазаланып, анын тигиштерине өзгөчө көңүл бурулат. Щетканын жардамы менен тазалоодо чаң жана зыянкечтер чакага же ящикке шыпырып салынат. Шыпырындылар керексиз калдыктарды жок кылуу үчүн каралган тартипте кылынат. Өзүнчө турган штабелдердеги продукциянын булгангандыгы аныкталганда штабелдерди турган ордунда плека менен жаап фумигациялоо камсыз кылынбаган шартта штабель тазалоо үчүн өзүнчө бөлүнгөн жайга көчүрүлөт. Кампанын полунун бошогон участогу, ошондой эле булганган продукция ташылган өтөөл чоң соргуч менен тазаланат же шыпырылат, шыпырындылар жок кылынат. Тоюттук каражаттарды майдалоо жана гранулдоо Аралаш тоюттук чийкизат (дан, гранулданган чийкизат, жымык жана шроттор) дан запастарынын зыянкечтерине чалдыкканда зыянкечтерди толук жок кылуу максатында барскандык майдалагычка салып майдаланат. Элек аралаш тоюттарды. БВК, аралашмаларды жана карбамид концентратын чыгаруу боюнча технологиялык процесстерди уюштуруу жана жүргүзүү эрежелерине ылайык орнотулат. Зыянкеч – курт-кумурскаларга чалдыккан эндей аралаш тоют гранулданат, мунун натыйжасында курт-кумурскалар толук жок болт гранулданган аралаш тоют буунун 0,35-0,40 мПа басымы астында кургак ыкма менен жүргүзүлөт.

КҮРӨШҮҮНҮН ХИМИЯЛЫК КАРАЖАТТАРЫ[оңдоо | булагын оңдоо]

Химиялык каражаттарды колдонуу менен дезинсекциялоо жна дератизациялоо боюнча иштерди дан азыктарын сактоо боюнча уюмдун отряддары (участкалары) аткарат. Ири көлөмдөгү фумикациялык иштер дан азыктарын сактоо боюнча экспедициянын начальнигинин, же энтомологунун, отряддын начальнигинин, участканын улук устатынын жетекчилиги менен жүргүзүлөт. Объекттерди химиялык иштетүү ыкмасын объекттин түрүн жана максатын, булганышын, теъникалык абалын, коопсуздук техникасынын талаптарын эске алуу менен дан азыктарын сактоо боюнча экспедициянын (отряддардын, участкалардын) адистери тарабынан аныкталат. Дан запастарынын зыянкечтерине чалдыккан дан фумигирленет же контакттык аракеттердин инсектициддери менен иштетилет. Контакттык аракеттердин инсектициддери менен зыянкечтерге чалдыгышын алдын алуу максатында дан жана кездеме мүшкөктөргө салынган продукциялар иштетилет. Бош турган элеваторлор жана кампалр газ, аэрозоль, нымдуу же нымдуу-газдык ыкма менен зыянсыздандырылат. Зыянкечтер менен булганган бардык ун тартуучу, акшак, аралаш тоют чыгаруучу жүгөрүнү кайра иштетүүчү заводдор жана башка ишканалар фумигацияланат. Жабык типтеги дан кургаткычтар жана имаратта жабылбаган потоктук линиянын жанчып-тазалоочу мунаралары эреже катары фумигацияланат. Ачык типтеги кургаткытар жана имаратта жабылбаган потоктук линиянын стационардык жабдуулары нымдуу ыкма менен зыянсыздандырылат. Зыянкечтер менен булганган дан тазалоочу көчмө машиналар, конвейерлер, жүктөочү-түшүрүүчү механизмдер жана башка машиналар, ошондой эле шаймандар кампаларда фумигацияланат. Техниклаык базаны даярдоо мезгилинде булгануу табылган аймактын бардык участкалары зыянсыздандырылат. Ишкананын аймагы нымдуу ыкма менен иштетилет. Ишкананын тышкы дубалдары, дан кургаткычтар, кургатуучу тазалоочу жан амайдалап-тазалоочу мунаралар жете турган бийиктикте жана аталган объектин аймагына жамаатташ жер кеминде 5 метрге чейин нымдуу дезинсекцияланат. Тышкы дубалдарды жана аймакты ишетеүү объектти нымдуу дезинсекциялоо менен бирге жүрүзүлөт, ал эми дезинсекциялоонун башка түрлөрүн жүргүзүүдө анын алдында желдетилет. Транспорт каражаттары нымдуу ыкма менен зыянсыздандырылат, ал эми темир жол вагондору да аэрозоль менен зыянсыздандырылат. Кыш мезгилинде химиялык жол менен зыянсыздандырууга шарт жок болгондо бардыктранспорт каражаттары механикалык жол менен өтө кылдат тазаланат. Иштин жетекчиси зыянсыздандыруу жүргүзүү белгиленген ишкананын өкүлдөрү менен бирдикте (ал эми элеваторлордо, ун тартуучу, акшак жана аралаш тоют чыгаруучу заводдордо – курамына жетекчиден тышкары башкы инженер, цехтин начальниги, санитардык-эпидемиологиялык кызматтык өкүлү, өндүрүштүк (технологиялык) лабораториянын начальниги жана ишкананын күзөт начальниги кирген комиссия алдын ала текшерүү жүргүзүп, зыянсыздандырууну талап кылган иштин түрүн жана көлөмүн, механикалык жол менен тазалоо тартибин жана ыкмаларын жана жайлардын жылчыксыздыгын, коомдук коопсуздукту камсыз кылган иш-чаралардын мүнөзүн жана көлөмүн, ошондой эле дегазациялоо ыкмасын жана мөөнөтүн аныктайт Изилдөөнүн натыйжасына жана фумигациялоо, данды жана элеваторлорду контакттык аракеттеги инсектициддар менен иштетүү белгиленген учурлардагы зарыл сунуштар белгиленген форма боюнча алдын ала текшерүү актысы катары таризделет. Ишканалардын жетекчилери төмөнкүлөргө милдеттүү: - дезинсекциялык иштердин жетекчилеринде ушул иштерди жүргүзүүгө укук берген кгбөлүктүн жана аларга колдонмонун болушун текшерүү; - механикалык тазалоону герметизациялоону жана иштин жетекчиси сунуш кылган жана алдын ала изилдөө актысында каралган башка иш-чаралардын (бекитилген календарлык планга ылайык) жакшы сапатта жана өз убагында жүргүзүлгөндүгүн камсыз кылуу; - дезинсекциялык иштердин жетекчисинин буюртмасы боюнча анын карамагына көмөкчү иштерди аткаруу үчүн жумушчуларды, ошондой эле шаймандарды, мүшөктөрдү, таарларды жана башка комөкчү каражаттарды бөлүү; талаптагыдай жабдылган жана коопсуздук техникасынын атлаптарына жооп берген жайларды уулуу химикаттарды убактылуу сактоо гчүн берүү жана аларда уулуу химикаттар сакталып турган учурда аны күнү-түнү кайтарууну камсыз кылуу; - фумигациялоодо, аэролдук ыкма менен зыянсыздандурууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу иш-чараларды дезинсекциялоо боюнча иштин жетекчисинин көрсөтмөсүнө жана алдына ала изилдөө актысына ылайык жүргүзүү, атап айтканда, корголуучу зонаны курчоо жана анын чегарасынын көрүнүктүү жжерине: “Кирүүгө болбойт. Газ”; фосфин колдонулганда – “Тутуанып кетет” деген эскерткич жазууну илүү. Зарыл болгон учурларда объектте медициналык кызматкерлердин көөмөтүн уюштуруу. - Фумигациялана турган объекттерге экспозиция учурунда толук дегазация аяктаган чейин кгнү-түнү күзөт коюу; - Зыянсыздандырылган кампаларды пломбалоону камсыз кылуу жана ларга данды же продукцияны кабыл алуу алдында текшерүү үчүн гана киргизүү. Фумигациялоонун бардык түрлөрүн жүргүзүүдө ишкананын жетекчиси буйрук чыгарат, анда зыянсыздандыруу жүргүзүүнүн мөөнөтү жана тартиби, коомдук жана жеке коопсуздук чаралары, ошондой эле буйрукта көрсөтүлгөн иш-чараларды аткарууга жекече жооп берген адамдардын тизмеси көрсөтүлөт. Буйруктун көчүрмөсү иш башталган чейин 2-суткадан кечиктирилбестен райондук саламаттык сактоо бөлүмүнө, экологиялык кызматка, милицияга жана өрт көзөмөлүнө берилет жана фумигация иштери жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө ал уюмдарга билдирүү документи болуп саналат. Химиялык иштетүүгө туш болгон дан жана андан жасалган азыктар эркин түрдө атайын журналга катталууга тийиш, анда пестициддин аталышы, чыгымдоо ченеми, калган санынын деңгээли жана аларды аныктоо датасы көрсөтүлөт. Дезинсекциялоо боюнча иштин жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү - алдын ала изилдөөдө каралган бардык даярдык көрүү иш-чараллары аткарылгандан кийин гана зыянсыздандыруу гчүн объекттерди кабыл алат; - зыянсыдандыруу жүргүзүүдө коомдук жана жекече коопсуздук чараларын камсыз кылууга көз салып турат; - фумигациялоо объекттерине коюлган күзөт кызматкерлерине инструктаж берүү на аларды текшерилген противогаздар менен камсыз кылат; - химикаттын химиялык курамынын ГОСТка же техникалык шарттарга ылайык келишин ырастаган чыгарган заводдун сертификаты бар химикаттар гана зыянсыздандыруу үчүн колдонот; - уулуу химикаттардын чыгымдалышына, сакталышына жана алрдын өз максатында гана пайдаланылышына контролдук кылат.

ДЕЗИНСЕКЦИЯЛООГО ДАЯРДЫК КӨРҮҮ[оңдоо | булагын оңдоо]

Механикалык тазалоо Дезинсекциялоонун бардык түрлөрүн жүргүзүүнүн алында милдуттүү түрдө зыянсыздандырууга жаткан объекттерди механикалык тазалоо жүргүзүлөт. Зыянкечтердин жана чаңдын атрап кетишин болтурбоо үчүн механикалык тазалоо өнөржайлык чыңсоргучтарды пайдалануу менен аткарылууга тийиш. Кампалардын дубалдары, тосмолор, устундар, түркүктөр, стропилалар, карниздер, шыптар, пол, эшик-терезе, калкандар, траптар. Ошондой эле төмөнкү жана жогорку галереялар – төмөнкү жана жогорку конвейерлер, төгүүчү арабалар жана башка жабдуулар мехникалык жол менен тазаланат. Данды күчтөп желдетүүчү стационардык жабдуулар жана аэрожапкычтар орнотлуган кампаларда ошол жабдуулардын каналдары жана торчолору да тазаланат. Эшиктин жыгач босогосу жана плинтустар чыгарылат, анын асты тазаланат жана кампа зыянсыздандырылгандан кийин гана кайра ордуна коюлат. Цемент же асфальт төшөлгөн полдогу жаракалар жана чуңкурлар тазаланат жана зыянсыздандырылгандан кийин ал жерлер оңдолот. Нымдуу дезинсекциялана турган дан төгүлө элек кампалар механикалыко тазалоодон кийин басым астындагы суу менен жуулат. Фумигацияланууга жана аэрозолдук дезинсекциялоого жаткан кампалар экспозициядан жана толук дегазациялоодон кийин жуулат. Кампаларды жууганды жана механикалык тазалоону дан азыктар ишканасынын кызматкерлери аткар. Дан же продукция фумигациялангандан кийн бөлмөнүн бош жерлер, устундар, карниздер, түркүктөр, эшик-терезелер ж.б. данды жана продукциялар жыйылган штабелдерди таар, пленка менен жаап жана данга жана продукцияга тоз-топондун түшүп кетишин болтурбагыдай коопсуздук чараларын көрүү менен механикалык тазалоодон өткөрүлөт. Кампалар менен бир учурда эле аны менен байланышкан бардык жайлар жана данды потоктук иштетүү үчүн линиялар тазаланат. Элеваторлордо, силостор дандын калдыктарынан тазалангандан кийин, аспирацияларды иштетүү менен 10-15 минута жөн гана иштетилет, мында силостордун жогорку люктары жана төмөнкү капкактары ачып коюлат. Элеваторлорду, кургатуучу-тазалоочу, майдалап-тазалоочу мунараларды жана дан кургаткычтарды тазалоо жогорку кабаттардан башталат. Бардык айлардын будалдары, полдору. Шыптары, силостор, кабыл алуу жана төгүп берүү бункерлер, таразалра, дан тазалоочу жабдуулар, кургатуучу шахталар, диффузорлор, трубоөткөргүчтөр, норийлердин баштары жана тамандары, норий түүктөрү жана аларда тасмалар, конвейерлер, өзү төккүчтөр, жледеткичтер, чаң тосуучу камералар, чыпкалар, циклондор жана башка жабдуулар тазаланат. Элеваторлордун силосторунда конустарды жана чыгаруучу тешиктерди, ошондой эле силостордук дубалдарынын жогорку бөлүгүн жана үстүңкү жапкычын тазалоого өзгөчө көңүл бурулат, нымдын конденсациясынын жана органикалык чаңдын топтолушунун натыйжасында өтө тыгыз, оңой менен тазаланбай турган катмар пайда болот. Ун тартуучу, акшак, аралаш тоют чыгаруучу заводдорду, жүгөрүнүн сорттуу жана гибриддик үрөнүн иштетүү боюнча заводдорду механикалык тазалоо ишкананын цехтеринин начальниктаринин түздөн-түз жетекчилиги астында алдына ала изилдөө актысына ылайык жүргүзүлөт. Ишкананын жайларын тазалоо шыпты, устундарды жана дубалдардын жогорку бөлүгүн шыпыруудан башталат. Андан кийин бардык жабдуулар, анын ичинде иштебей тургандар тазаланат, дубалдын төмөнкү бөлүгү шыпырылат, полдор тазаланат, жабдуулардын алдына түшкөн, жылчыктарга, чуңкурларга кептелге, плинтустун алдындагы ыпыр-сыпырлар алып салынат. Жабдууларды механикалык тазалоодо ал жарым-жартылай чечилет. Жабдууларды чечүү алдын ала изилдөө жүргүзгөн комиссия аныктаган мүмкүн болушунча аз, бирок жабдууларды толку азалоо жана фумиганттын ээн-эркин жетиши үчүн шарт түзгүдөй көлөмдө жүргүзүлөт. Ун тартуучу, акшак, аралаш тоют чыгаруучу заводдорду тазалоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - тырмоокор менен нория тгтүктөрү жана өзү төккүчтөр, өткөргүч материалдар, кабылдагычтар жана түшүргүчтөр тазаланат; норийлерде баштары, тамандары, чөмүчтөрү жана тамалары өтө кылдат тазаланат; - бардык чыгырыктардын; редлерлердин жана башка транспорттук жабдуулардын ичи-тышы тазаланат; - тазалоочу люктар ачылат жана бардык чыпкалоо тармагы тазаланат; - вальцдык, вальцдык станоктордук конустары, электер, барскандуу майдалагыч жана башка машиналар аларга толуп калган продуктулардан жана чаңдан тазаланат; - чачыраткычтар чыгарылат жана элек орнотуклган бардык алкактар тазаланат, чачыраткычтын алдындагы жыга патрубкалар ажыратылат жана тазаланат; электин алкактары ортолоруна жыга устунчалрды коюу менен штабель кылып жыйылат; - магниттүү аппараттар жана электроманиттүү сепараторлор тазаланат; - чыпкалардын кутулары ачылат, анын жеңчелерин күбүгөндөн кийин тазаланат; - сепараторлордун жана башка дан тазалоочу машиналардын электери, электик алкактар, дөөшүсү, аспирациялык каналдардын патрубкалары тазаланат; - бардык бункерлер тазалант, бункердин металл каптамасы бузулган учурда бункердин дубалы менен каптаманын ортосуна чогулуп калган ыпыр-сыпырды тазалоо үчүн ал чечилет жана фумигациялоодон кийин ордуна коюлат; бункер менен бөлмөнүн дубалдарынын ортосундагы мейкиндик тазаланат; дан же продукциялар төгүлүшү мүмкүн болгон жерлерде полдун плинтустары жана коңулдар чыгарылат, плинтустун астындагы боштук тазаланат жана зыянсыздандырылгандан кийин ордуна коюлат; - жүгөрүнүн сорттуу жана гибриддик үрөнүн иштетүү боюнча заводоордо төмөнкүлөр тазаланат: • автомобилдерди көтөрүп түшүргүчтөр, кабылдоочу бункерлер, норийдик түтүктөр, норийдик тасмалар, чөмүчтөр, норийдин баштары жана тамандары, кургатуучу камералар, барабандар жана майдалагычтын электик кузову; төмөнкү үйлөөчү жана жогорку соруучу желдеткичтер; үстүңкү элек жана пневмостолдун башка бөлүктөрү; БАСтын чөгөрүүчү камералары, таразанын чөмүчтөрү, циклондор, электин корпусу, электер, бункерлер жана сепаратордун чогөрүүчү камералары, сортточу столдор, кабыл алуучу сузгучтар, элек, калбырлоочу мүшөктүн түбү жана чөгөрүчтөрү; цилиндрлер жана триердин жапкычы. Герметизация Газ же аэрозолдук ыма менен зыянсыздандырууд механикалык тазалоодон кийин зыянсыздандырылган объекттерди герметизациялоо жүргүзүлөт. Жайларды аэрозоль менен иштетүүнүн алдында жылчыктар бүтөлүп, терезелер, люктар, желдеткич тешиктер, ошондой эле ичинен кулпу менен илине турган эшиктер, каалгалар, шпингалеттр жана дезинсекциялык жабдуулардын операторлору кири-чыга тургандан башка нерселер бекем жабылат. Объектти фумигациялоого даярдоодо герметизация өзгөчө кылдат жасалат, болгондо да дубалдардагы, чатырдагы, терезелердеги, эшиктердеги жана башка газ учуп кетиши мүмкүн болгон майда жылчыктардын бардыгы бөтөлөт. Кампаларда чатырларга, чатыр менен дубалдын бириккен жерлерине, фронтондорго, эшик-терезелердин ордуна, активдүү желдетүү каналдарына же аэрожапкычтардын сырткы бетине өзгөчө көңүл бурулат. Жыгач кампаларды фумигациялоодо кычык-жылчыктардын бардыгы тегиз шыбалат. Ишканаларда, элеваторлордо, кургатуучу-тазалоочу жана майдалап-тазалоочу мунараларда, жабык типтеги дан кургаткучтарда бардыгы жабылып жана тышты карай чыгуучу желдетүүчү жана башка жылчыктар герметизациялоочу аралашма же пленка менен жабылат, герметизациялоочу аралашма же пленка менен жабылат, башка бөлмөлөр менен катнашуу материал өткөргүчтөр жабылат жана герметизацияланат, ашканаларда бардык канализациялык тешиктер герметизацияланат. Фосфин менен фумигациялоонун алдында элеватордогу кураштырма темирбетондон жасалган силостордо аны айланта курчаган корпустарда силостун дубалынын жогорку чети менен силостук тактанын тактанын ортосундагы монтаждык жылчыктар, ошондой эле кураштырма элементтерден турган силостордун түбүндөгү бириктирүүчү жылчыктар бүтөлөт. Данды фумигациялоого даярдоонун бардык учурунда элеватордо чыгаруучу люктун эшигиндеги жылчык, ошондой эле конустун бетон менен бириккен металл бөлүгү герметизацияланат. Герметизациялоо жүргүзүүдө тешиктер менен жылчыктар сырт жагынан бүтөлөт. Тыш жагынангерметизация жүргүзүүгө мүмкүн болбогон көп кабаттуу имараттарда жогорку кабаттарды ич жагынан герметизациялоого жол берилет герметизация жүргүзүүгө мүмкүн болбогон көп кабаттуу имараттарда жогорку кабаттарды ич жагынан герметизациялоого жол берилет, ага чейин ал алдын ала тазаланат жана бүтөлгөн жерлерди нымдуу ыкма менен зыянсыздандырылат. Силостун жорку кырларындагы тешиктер жана алардын ортолору жана элеватордун силостук корпусунун силосунун тактасы да ич жагынан герметизацияланат. Тешиктер жана жылчыктар катуу кагаз менен, жабышкак полиэтилен капталат же төмөнкү рецепт боюнча даярдалган аралшма менен бекитилет: эки чака кум менен бир чака топуракты сууга эзип, бир тектүү масса болгонго чейин аралаштырат. Эшик-терезелерди, ошондой эле тышка чыккан чоң тешиктерди – активдүү желдетүү үчүн стационардык жабдуулардын патрубкалык каналдарын жана аэрожапкычтарды, желдетүүчү жана аспирациялык трубалар чыгуучу жерлерди, силостордун трубалары чыгуучу тешиктерди, кампалардагы конвейерлер ыртка чыкуучу жерлерди жана башка жүк түшүрүүчү, жүктөөчү, дан фумигациялануучу жерлердеги өткөөл жана башка люкатры, трюмдардагы люктарды, кампалардын эшик-терезелерин герметизациялоо үчүн калңдыгы кеминде 100 мкм келген синтетикалык плекаларды пайдалануу максатка ылайыктуу. Зыянсыздандыруу боюнча ишти жүрүзүүнүн алдында герметизациялоонун абалы сөзсүз текшерилет, ошондой эле экспозициянын ичинде анын абалына көз салынып турат; гыз чыгып жаткан жер табылганда ал кошумча герметизацияланат. Герметизацияны туура жана өз убагында жүргүзүү үчүн ишкананын жетекчиси жоопкерчилик тартат. Элеватордун силосторунун жылчыксыздык деңгээлин аныктоо Темирбетон силостордун жылчыксыздыгына баа берүү үчүн У»-УОГ жабдуусу пайдаланылат. Жабдуу текшерилип жаткан силостун жүктөөчү люгуна бекем орнотулат. Сынак иретинде иштетүү менен желдеткичтин дөңгөлөгүнүн айлануу багытынын тууралыгы же силостук топто катуу басым түзүлөт, ММН-240 микротонометрдин көрсөткүчтөрү боюнча аныкталат. Сыноо үч жолу кайталанат, басымдын төмөндөө убактысы үч жолу өлчөөнүн орточо арифметикалык өлчөмү катары аныкталат. Өлчөө аркылуу силостун же силостук топтун жылчыксыздык деңгээлинин мүнөзү 11-таблицада келтирилген. 11-таблица Силостордун жылчыксыздык деңгээли

Жылчыксыздык деңгээлинин № Өтө жогорку басымдын 50%га төмөндөө убактысы, басымдын диапозонуна жараша, Па 500-250 400-200 300-150 200-100 1 220 200 160 140 2 50 48 46 40 3 6 5 5 4 4 2,5 2 2 2 Басымдын тандалган диапозонунда басым төмөндөшү таблицада көрсөтүлгөндө тез жүрсө, анда силос жылчыксыз эмес деп таанылат, ал жерде фумигациялоого жол берилбейт, силостор кошумча герметизациялоону талап кылат. Жылчыксыздык №4 деңгээле болгондо фумигациялоо ички силостордо гана жол берилет. Жылчыксыздык №1, 2, 3 деңгээле болгондо фумигациялоого тышкы силостордо, бирок тыштагы шамалын ылдамдыгы 7,0 м/с ашпаганда гана жол берилет. Данды жана продукцияларын дезинсекциялоо Данды жана дан продукцияларын дан кабыл алуу, данды кайра иштетүү жана аралаш тоют чыгаруу ишканалаында фумигациялоо ошол иш-чараны жүргүзүг зарыл болгондо гана жүргүзүлөт. Данды жана андан жасалган азыктарды зыянсыздандыруу үчүн төмөнкүдөй инсектициддер колдонулат: - фосфордук суутекке (фосфинге) негизделген препараттар – азыктык, тоюттук жана үрөндүк дан өсүмдүктөрүн жана дан продукцияларын зыянсыздандыруу үчүн; - контакттык аракеттеги инсектициддер: карбофос, простор, актеллик, алтерр, децис, арриво сумитион, 1:1,7 катышта актеллик менен перметриндин аралашмасы – узак мезгилге сактала турган, азыктык жана тоюттук багыттагы өсүмдүктөрүнүн уруктарын иштетүү үчүн; - простор – дандын сыртын жана идишке салынган дан продукцияларын алдын ала иштетүү үчүн. Үрөндүк данды фумигациялоонун алдында иштетүүгө чейин 10-15 мурда жана ал аяктагандан кийин 15-30 өткөндө үрөндүн өнүп чыгышын текшерүү керек. Талдоо үчүн эки үлгү алынат, алардын бири контролдук-үрөн лабораториясына жиберилет, экинчиси талдоонун натыйжасын алуу үчүн ишканада саталат. Химиялык иштерди аткаруучунун талабы боюнча үрөндүк дандын тандалып алынган үлгүсү анын катышуусу менен анын өнүп чыгышы текшерилет. Андай болгондо үчүнчү үлгү тандалат, ал аткаруучуда сакталат. Зарылчылыгына жараша экинчи жана үчүнчү үлгүлөр арбитраждык талдоого жиблерилет. Данды контакттык аракеттеги инсектициддер менен иштетүү атайын форсункалары жана транспорттук жабдууга бекитүүчү шаймандары бар чачыраткычтардын жардамы менен жүргүзүлөт. Дан препараттарды суу менен аралаштыруу менен же түздөн-түз эмульсиянын концентраты менен иштетилет. Кампаларада дандын үстүн алдын ала иштетүү аэрозолдук чачыраткычтардын жардамы менен контакттык аракеттеги инсектициддер менен жүргүзүлөт. Контакттык аракеттеги инсектициддерди колдонуу алдында иштетилген данды куюу үчүн резервдик сыйымдуулук тандалат, ал жакшылап тазаланат, зарыл болгон учурда зыянсыздандырылат. Контакттык аракеттеги инсектициддерди колдонуу алдында иштетүүгө дандын температурасы жана сырткы абанын температурасы 0°С дан төмөн болбогондо уруксат кылынат. Фосфористтик суутектин (фосфиндин) негизиндеги препараттар менен фумигациялоо дандын, дан азыктарынын, кампадагы абанын жана дан иштетилип жаткан жайдагы температура 15°С дан жогору болгондо жүргүзүлөт. Өзүнөн-өзү ысып кетүү очогу бар дандын партиясын фумигациялоого тыюу салынат. Өзүнөн-өзү ысып кетүү очогу фумигациялоонун алдында дандын негизги массасынын температурасына чейин муздатылууга тийиш. 3 айдан ашык которуштурулбастан, ошондой эле температурасы 10°С айланасында термелип турган дан фумигациялоого чейин аралаштырылып жана иштетилүүгө тийиш. Дандын тыгыздалып калган үймөгүн бириндетүү керек. Катуу шамал болгондо (7 м/с ашык) данды жана продукцияларды фумигациялоого уруксат кылынбайт. Жайдын ысык мезгилинде кампаларда данды жана продукцияларды фумигациялоо эртең менен эрте, кеч күздө күндүн экинчи жарымында абанын температурасы максималдуу болгондо жүргүзүлөт. Балдардын жана диетикалык азык үчүн арналган чийкизатты химиялык дезинсекциялоого жол берилбейт. Эгерде дан же аны иштетүүдөн алынган продукциялар химиялык жол менен иштетилүүгө алынган болсо, анын сапаты жөнүндө коштоочу документтерде төмөнкүдөй маалыматтарды жазып коюу керек: пестициддин аталышы, чыгымдоо ченеми, иштетилген датасы, сатып өткөрүү учурунда калдыктын деңгээли. Эгерде дан сакталып турган учурда химиялык иштетилбеген болсо, аны да коштоочу документке көрсөтүү керек. Силостун үстүңкү, силостун астыңкы жайлары жана жумушчу мунара жылчыксыздык анча болбогондо алар бош жайларды зыянсыздандыруу гчүн каралган тенология боюнча жана чыгымдардын ченемине ылайык инсектициддер менен нымдуу же аэролдук ыкма менен зыянсыздандырылышы мүмкүн. Нымдуу же аэрозолдук ыкма менен зыянсыздандыруу фумигациялоо башталганга чейин жүргүзүлөт. Фумигациялоодон кийин 3-4 сааттын ичинде жайлардын герметизацияланышынын ишенимдүүлүгү текшерилет. Идишке салынган данды кампаларда жана газокамераларда фосфин менен фумигациялоо төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: продукцияны жана идишке салынган данды 10 метрден ашпфаган узундукта жана 3 метрден ашпаган жазылыкта “үчилтиктерге” үсүтүнө штабель кылып коюлат. Кампанын дубалын бойлой жана штабелдердин ортосундагы өткөөл кеминде 0,7 метр болушу керек. Данды фумигациялоонун натыйжалуулугунун аныктоо жана экспозиция мөөнөтүн тактоо үчүн үймөктөн газдуу абанын аралашмасынын үлгүлөрүн туруктуу алып туруу, алрдагы фумиганттын катышын талдоо, экспозицияда ПКЭ катышын эсептөө жана ПКЭн зыянкечтеринин өлүшү үчүн зарыл болгон ПКЭсум иш жүзүндөгү маанисин салыштыруу жолу менен фумигациялоо процессине контролдук жүргүзүлөт. Үймөктүн жогорку (үстү жагынан 10-15см) жана төмөнкү (полдон 15 см) катмарынан газдуу аралашманын үлгүсүн алуу үчүн экиден зонд (кампанын ортосуна төрт газ бөлүштүргүч түтүктөрдүн диагонал боюнча кесишкен жерине) онотулат. Зондго кийгизилген резина шлангдар эшиктеги же терезедеги жыртыктар аркылуу кампанын сыртына чыгарылып кыпчуур же тыгын менен бекитилет. Газдуу абанын үлгүсү кампага фумигант берилгенден кийин ПСУ приборунун жардамы менен дароо эле, андан кийин экспозициянын 3; 6 (12); 24 сааттан кийин жана ар бир 24 саат сайын алынат жана талданат. Дандардын аралыгындагы зонада фумиганттын К концентрациясын ар бир жолку (биринчисинен тышкары) аныктоодо ПКЭп төмөнкү формула боюнча эсептелет:

мында К0, К1, К2, К3, ....Кn, - газдуу абанын үлгүсүн ар бир жолку алууда фумиганттын концентрациясы, г/м3; В0, В1, В2, В3, ....Вn, - экспозициянын башталган мөөнөтү, саат. Андан кийин ПКЭнин (ПКЭсум) жалпы чоңдугу белгилүү убакыт ичинде ошол көрсөткүчтөрдүн суммасы катары эсептелет: ПКЭсум = ПКЭ1 + ПКЭ2 + ПКЭ3 + ПКЭn К, ПКЭ жана ПКЭсум аныктоо боюнча алынган натыйжа 12-таблицадагы форма боюнча ар бир чекит үчүн жазылат. 12-таблица Газдуу абанын үлгүсүн алуунун маалыматтары.

Газдуу абанын үлгүсү алынган жер Өлчөөнүн көрсөткүчтөрү жана бирдиктери Экспозиция башталгандан тартып көрсөткүчтөрдүн чоңдугу, саат 0 3 6 (же 12) 24 48 70 96 Ж.б. К, г/м3 ПКЭn , г3 ПКЭсум, г, саат/м3

Фумигациялоонун экспозициясы ПКЭсум чоңдугуна ПКЭn чоңдугуна богон катышына жараша белгиленет. Эгерде ПКЭсум ПКЭn чоң болсо, экспозиция токтотулат, анткени курт-кумурскалардын жок болушу камсыз кылынат. Эгерде экспозициянын 5 суткасынын ичинде ПКЭсум ПКЭn аз болсо, ошол чоңдуктардын ортосундагы айырманы эске алуу менен фумигант кошумча берилет. Эсептин мисалы 12-тиркемеде келтирилген. Мүшөктөрдүн сыртынан фумигантты буулоожолу менен дандын, дын азыктарынын жана чөптүн үрөнүнүн чакан партиясын фумигациялоо Фумигант чыланган мүшөктөрдү колдонуу мданды, дан азыктарын жана чөптүн үрөнүн зыянсыздандыруу фумигациялоо газокамераларда же ал жок болгон учурда – кампаларда синтетикалык пленка же таар менен жаап, ал эми метеорологиялык жагымдуу шартта – мурдатан даярдалган ачык аянтта жүргүзүлөт. Фумигациялоодо дан үймөгүнүн бастырмасынын, идишке салынган дандын штабелинин же продукциянын үстүнө фумигант буулансын үчүн пленка же таардын астында 50 см жакын бийиктикте бош жер калсын үчүн каркас орнотулат. Пленка штабелди (үймөктү) толугу менен жапкыдай эсеп менен күн мурдатан жабыштырылышы керек. Пленка жана таардын учтары кампанын полуна же аянтка кум толтурулган узун мүшөктөрдүн жардамы менен бастырылышы керек. Таар аркылуу фумиганттын чыгып кетпеши үчүн алар бүткүл экспозиция ою суу менен бирдей нымдалып турушу керек. Кыш мезгилинде жайларда дандын, буурчак жана продукялардын чакан партиясы пассивдүү ыкма менен зыянсыздандырылат, андай жайларда данды 12°С төмөн болбогон температурага чейин жылытуу жана фумигациялоо жана дегазациялоо процессинде зарыл температураны кармап турууга болот. Жылытылган жайларда фумигациялоо жай мезгилинде фумигациялоо үчүн каралган шарттарды, чыгымдын ченемдерин жана экспозицияны сактоо менен жүргүзүлөт. Бийиктиги 0,75 метрден ашпаган үймөктөлгөн буурчакты жылытылбаган жайда анын температурасынын жана сырттагы абанын температурасынын жана сырттагы абанын температурасы 12°С аз эмес, бирок -15°С төмөн болбогон температурада пассивдүү ыкма менен фумигациялоого жол берилет. Буурчактын үймөгү фумигациялоодо анын үстүндө бийиктиги 15-20 см бош жер калтыруу менен таар же пленка менен жабылат. Идишке салынган данды, чөптүн үрөнүн же продукцияларды фумигациялоодо штабелдер механикалык жол менен зыянсыздандыргай жаткырылат, буга узундугу ар түрдүү болгон штабелдер кирбейт. Фумиганттар бир кылка таркатылышы үчүн кездеме мүшөктөр таарга же бекем тактай сөөрүгө жайылып, 3 мүшөккө 1 кг эсеби менен мурдатан даярдалган фумигант менен нымдалат. Мүшөктөрдү нымдоого жараша замбилдер менен ташылып же атайын ылайыкташтырылган ящиктерге дай үймөгүнүн үстүнө же идишке салынган дандын, чөптөрдүн үрөнүнүн, продукциялардын штабелдеринин ортосуна бирдей жайгаштырылат. Суюк фумиганттын данга же продукцияга тийип калаышын болтурбоо үчүн алар кургак мүшөктөр же пленка менен жабылат. Фосфиндин негизиндеги препараттар менен дан жана дан азыктарык фумигациялоо Элеватордун силосторунда данды фумигациялоо Фосфиндин (магтоксин, фостоксин, целфос, делиция-газтоксин жана термофос) негизиндеги препараттар менен дан жана дан азыктары фумигациялоого эгерде дан кургак же орточо кургак болгондо анын температурасы 15°С жогору болгон шартта жүргүзүлөт. Бул үчүн конвейерде белгиленген ченем менен автоматтык дозатордун жардамы менен аралаштырылган данга бирдей өлчөмдө гранулдан же препараттын таблеткалары берилет. Конвейрдик тасмадан дан мурдатан тазаланган жана герметизацияланган (жүктөлүүчү люктан тышкар) силоско келип түшөт. Силос данга толтурулгандан кийин жүктөөчү люк жабылат жана герметизацияланат. Фумигациялоонун берилген экспазичиясы сакталат. Экспозициялоо аяктагандан кийин силостун люгу дегазациялоо үчүн ачылат. Данды препараттар менен иштетүүнүн алдында элеватордо төмөнкгдөй даярдык көрүү иштери жүргүзүлөт: - булганган данга препараттын ага кошулган гранулары (таблеткалары) менен бирге аны салуу үчүн бош силостор тандалат жана каралат. Силостордо ачык көрүнүп турган жылчыктары жана тешиктери болбошу керек. Конусутун абалына өзгөчө көңүл бурулат. Иштетилген дан салына турган силостор толтура болгону ылайыктуу; - силосторду, силостун үстүңкү жана силостун астыңкы жайларын механикалык жол менен кылдат тазалоо, калдыктарды, чаң, шыпырындыларды, таштандыларды тазалоо; - жүктөөчү люктардын чыгаруучу калгаларын жана капкактарынын оң абалда экендигин текшерүү. Силостордун конустары жана чыгаруучу люктар пленка менен герметизацияланат же бардык жылчыктар 2-3 кат тыгыз кагаз менен бекитилет. Силостун үстүңкү катмарында жүктөочү люктарды герметизациялоо үчүн пленка, тыгыз кагаз жана жабыштыргыч, ошондой эле дандын калдыктарын жыйноо жана өзү түшүрүүчү коларабалардын тазалоо үчүн шыпыргы (щетка) даярдалат. Жабыштыруучу зат катары БФ тибиндеги жабыштыргыч, дубал кагаздарын чатоочу жабыштыргыч, клейсерлер, бакак жана башка герметизациялоочу материалдарды чаптоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кылуучу нерселер пайдаланышы мүмкүн; - даярдалган силостун жанына өзү жүктөөчү колараба орнотулат; - өзү жүктөөчү коларабадан кеминде 10 метрлик аралыкта силостун үстүңкү жагындагы конвейерге гранулдун дозатору орнотулат; - силостун үстүнкү жана астыңкы жайларынын эшик-терезелери ачылат; - аспирациялык система орнотулат - дем алуу органдарын коргоочу каражаттардын жана абадагы фосфиндин коцентрациясына контролдоо каражаттарынын, зарыл дары-дармектер салынган аптечканын болушун текшерүү. Даярдык көрүг фиштери аяктагандан кийин силостун үстүңкү жайына зарыл сандагы препараттарды алып чыгышат жана дазотордун 1 сааттык ишинин ичинде анын чыгымдалышынан ашпаган санда гранулдар (таблеткалар) дозаторго салынат. Бошогон флягалар жана ичинде препараттардын калдыгы бар флягалар дароо тыгындалат. Конвейерге зыянсыздандырууга тийиш болгон дан берилет. Дозатор баскычты кое берүү менен конвейердеги тасмадагы дандын агымынын таасири астында автоматтуу түрдө иштейт. Ар кандай объекттерди фосфиндин негизиндеги препараттар менен дезинсекциялоо режими 13-таблицада көрсөтүлгөн Иш процессинде керектелишине жараша дозаторго гранулдар жана таблеткалар берилип жана ал дозалаган гранулдун (таблетканын) саны эсептеги убакытка салыштырмалуу убакыт бирдигинде контролодонот. Транспорттук жобдуунун өндүрүмдүүлүнө жараша убакыт бирдиги үчүн данга дозатор менен берлиген гранулдардын же таблеткалардын саны 14- же 15-табицаларда келтирилген же төмөнкү формула боюнча эсептелиши мүмкүн: Б х В С = ------------------ 60 мында С –минутада гранулдардын (таблетканын0 саны; Б – 1 т данга препараттардын, гранулдардын (таблеткалардын) чыгымдалыш ченеми; В -= данды алмаштыруучу жабдуунун иш жүзүндөгү өндүрүмдүүлүгү, т/саат. Дан, препараттын гранулдары же таблеткалардын силостук тактага, өзгөчө силостон дан чогултуучу жерге түшүп кетишине көз салуу үчүн данды иштетүү процесине көз салынып турат жана элеватордун жайларында фосфиндин концентрациясына туруктуу контролдук кылынат. Бул үчүн препарат кошулган дан толтурулган силоско дан үймөгүн 2 метр тереңдиктеги газдуу аба үлгүсүн алуу үчүн зонд-түтүк киргизилет. Силостун жүктөөчү люгу жабылат жана герметизацияланат; пленка менен жабылат жана 2-3 кат катуу кагаз тилкелер менен бардык жылчыктар чапталат. Жүктөөчү люктун капкагына жана силостун өзү куюлуучу түтүгүнө экспозиция башталган дата жана убактысын көрсөтүү менен таасын ариптер менен эскертүүчү жазуу жазылат. Фосфиндин негизинде ар кандай объекттерде дедзинсекциялоо режими

Объект Фосфин боюнча чыгымдын ченем, г Препараттар боюнча чыгымдардын ченеми* Экспозиция, суткада ПКЭ**, г х с/м3 Фостоксин, делиция-газтоксин, целфос, магтоксин, квинкфос, (таблеткалар, гранулдар) Термофос (таблеткалар) Магтоксин (такта жана тасмалар) Делициягаз-токсин, фостоксин жана целфос үчүн Магтоксин жана термофос үчүн Элеватордун силосундагы дан 3*** 9 6 - 5 3 25 Пленка астындагы дандын чакана партиясы 3*** 9 6 18,7 5 3 25 Кампадагы идишке салынган ун жана акшак 2 6 5 12,5 5 3 7 Пленка астындагы ундун жана акшактын чакан партиясы 2 6 5 12,5 5 3 7 Данды кайра иштетүүчү ишкандар 3 - - 18,7 - 2 7

  • дан үчүн г/т жана башка объекттер үчүн г/м3 ***термофос үчүн 2,4 г/т
    • ПКЭ – экспозицияларда фосфиндин концентрациясын жасоонун чоңдугу

Ушундан кийин дозатор препараттын калгандарынан тазаланат, желдетилет жана сактоого коюлат. Гранул салынган, тыгын менен бекитилген бош флягалар жана пайдаланылбаган препарат салынган флягалар иш аяктары менен санап туруп жыгач ящиктерге салынат, алр элеватордон чыгарылып, уулуу химикаттар кампасына жөнөтүлөт. Таблеткалар менен иштөөдө препараттардын калгандары да саналып туруп такталат жана кампага жанаөнөтүлөт. Бош идиш дезинсекция жүргүзүүдө коопсуздук чаралары боюнча сунуштарга ылайык жок кылынат. Элеватордун дезинсекциялык иштер жүргүзүлгөн имаратынын бардык чыга бериш эшиктеринде иштетелиген дан бар силостордун номурларын көрсөтүү менен эскертүүчү жазуулар илинет. Препарат данга кошулгандан кийн силостун үстүңкү жана силостун астыңкы жайлары, жумушчу мунара жана жабдуулар аэрозоль же нымдуу ыкма менен дезинсекцияланат. 14-таблица Фосфиндин 3 г/т чыгымдалыш ченеминде (15гранул) гранул үчүн ачык тешиктердин санына жараша дозатордун өндүрүмдүүлүгү

Бергичтеги ачык тешиктердин саны Дозатордун, өндүрүмдүүлүгү гранул-саат Иштетилген дандын саны т/саат Бергичтеги ачык тешиктердин саны Дозатордун, өндүрүмдүүлүгү гранул-саат Иштетилген дандын саныт/саат 1 138 9,2 23 3174 211,6 2 276 18,4 24 3312 220,8 3 414 27,6 25 3450 230,0 4 552 36,8 26 3588 239,2 5 690 46,0 27 3726 248,4 6 828 55,2 28 38664 257,6 7 966 64,4 29 4002 266,8 8 1104 73,6 30 4140 276,0 9 1242 82,8 31 4278 285,2 10 1380 92,0 32 4416 294,4 11 1518 101,2 33 4554 303,6 12 1656 110,4 34 4692 612,8 13 1794 119,6 35 4830 322,0 14 1932 128,8 36 4968 331,2 15 2070 138,8 37 5106 340,4 16 2208 147,2 38 5244 349,6 17 2346 156,4 39 5382 358,8 18 2484 165,6 40 5520 368,0 19 2622 174,8 41 5658 377,2 20 2760 184,0 42 5796 386,4 21 2898 193,2 43 5916 395,6 22 3036 202,4 44 6072 404,8

Фосфиндин 3 г/т чыгымдалыш ченеминде (3 табл/т) таблетка үчүн ачык тешиктердин санына жараша дозатордун өндүрүмдүүлүгү

Бергичтеги ачык тешиктердин саны Дозатордун, өндүрүмдүүлүгү гранул-саат Иштетилген дандын саны т/саат Бергичтеги ачык тешиктердин саны Дозатордун, өндүрүмдүүлүгү гранул-саат Иштетилген дандын саны т/саат 1 138 46(69)* 6 828 276(414) 2 276 92(138) 7 966 322(438) 3 414 138(207) 8 1104 368(552) 4 552 184(276) 9 1242 414(621) 5 690 230(345) 10 1380 460(690)

  • кашаада термофос менен иштетүүдө дандын саны көрсөтүлгөн

Экспозиция процессинде иштетилген силостордон зонд-түтүктөр аркылуу (12 жана 24 саатта, андан кийин суткасына бир жолудан) газ менен абанын үлгүсү алынат, андан фосфиндинконцентрациясына талдоо жүргүзүлөт. ПКЭ экспозициясында концентрация жүргүзүүнүн чоңдугу 37-беттеги формула боюнча эсептелет. Экспозиция 13-таблицанын маалыматтарына ылайык белгиленет. Экспозиция ПКЭни эсептөөнүн натыйжасына жараша такталат жана ПКЭнин чоңдугу 25 г саат/м3 жеткенде аяктайт. Дегазация пассивдүү жол менен жүргүзүлөт. Жүктөөчү люктар дегерметизацияланат жана ачылат. Силостун үстүңкү жана силостун астыңкы жайлрында эшик-терезелер ал жайлар жакшы желдетилсин үчүн ачык кармалат. Силосторду пассивдүү дегазациялоо адатта пассивдүү жүргүзүлүп 10 сутканын ичинде аяктайт. Эгерде иштетилген дан тез аранын ичинде сатыла турган болсо, ал эми пассивдүү дегазациялоо дандагы фосфиндин калыгына МДУнун деңгээлине чейин томөндөтө албаса, анда дандын бир силостон экинчисине которуу аркылуу активдүү дегазациялоо жүргүзүлөт. Дегазациялоонун толук жүргүзүлгөндүгү жумушчу зонадагы дандын үстүндөгү жана дандын ортосундагы мейкиндиктеги абадагы фосфиндин концентрациясы жана методика боюнча дандагы фосфиндин калдыгынын катышы боюнча аныкталат. Дегазация башталгандан кийин жумушчу зонадагы, дандын фосфиндин калыгынын катышы боюнча аны. Дегазация башталгандан кийин жумушчу зонадагы, дандын үстүндөгү жана дандын ортосундагы мейкиндиктеги абадагы фосфиндин катышын талдоо үчүн сутка сайын алынып турат. Дандын үстүндөгү жана дандын ортосундагы мейкиндиктеги абанын үлгүсү фумигациялоонун башталардын алдында силостордо жайгаштырылган зонд-түтүктөр аркылуу алынат. Дегазация башталгандан кийин 5 суткадан соң иштетилген дандын үлгүсүа анда фосфиндин калдыктарын аныктоо үчүн алынат. Эгерде дандагы фосфиндин катышы МДУдан ашык болсо, анда үлгү 3-5 суткадан кийин кайталап алынат. Фосфинге талдоо үчүн жумушчу зонадагы абанын үлгсү силостоллрго жакын жерде силосторго жакын жерде силостун үстүндөгү жана силостун астындагы данды фумигациялоо жүргүзүлгөн жайларда, ошондой эле жайдын өтө аз желдетилген 2-3 участкаларынан алынат. Элеватордогу силостордун кеминде 20%ы бир эле учурда фумигацияланууга тийиш. Эгерде элеватордун имаратында, дандын үстүндөгү жана дандын ортосундагы мейкиндиктеги абадагы фосфиндин концентрациясы 0,1 мг/м3 ашпаса, ал эми анын дандагы катышы 0,1 мг/кг болсо дегазация аяктады деп эсептелет. Зыянсыздандыруунун натыйжасы данды дегазациялоодон кийин дароо бааланат. Кампалардагы дан азыктарын фумигациялоо Фумигациялоо алдында даяр продукциялар турган кампалар тийиштүү абалга келтирилет. Кампанын ортоңку жана бурч жактагы бөлүгүндө жайгашкан азыктары бар штабелдерде адамдын боюна туура келген деңгээлинде газдуу абанын үлгүсүн алуу үчүн эки полиэтилен зонд-түтүк орнотулат. Зонд-түтүктүн бош учу сыртка чыгат жана кыпчуур менен бекитилет. Ар бир кампада дедзинсеторлордун кири-чыгышы үчүн бирден элик ачык калтырылат. Магтоксиндин, фостоксиндин жандырылган бүктөмг тасмалары жана такталары кампага алып келинип, герметизациялык таңгактан бошотулуп, даяр продукципялар турган штабелдердин ортосуна бүткүл кампа боюнча бирдей жаткырылат. Препараттардын гранулдары же таблеткалары бир кат кылып бүткүл жай боюнча полго бирдей кылып ташталат. Препараттардын гранулдары же таблеткалары бир кат кылып бүткүл жай боюнча полго бирдей кылып ташталат. Препараттардан бошогон идиштерди бөлмөдөн алып чыгып, уулу химикаттар кампасына жөнөтүлөт, андан кийин рекомендацияларга ылайык жок кылынат. Идишке салынган ун жана акшак кампаларын фумигациялоодо ар кандай препараттардын жана экспозициялардын чыгымдалышынын ченеми 13-таблицадагы маалыматтарды жетекчилкикке алуу менен белгиленет. Такта же тасма түрүндөгү магтоксин препаратынын зарыл санын аныктоо үчүн 16-таблицада келтирилген маалыматтар жетекчиликке алынат. Фумигациялоонун экспозициясы ПКЭнин чоңдугун эсептөөнүн натыйжасына жараша такталат жана анын чоңдугу 7 гч/м3 жеткенде аяктайт. 16-таблица Магтоксинди чыгымдоо ченеми

Препараттык ченем Масса, г Бир препараттык түр менен фумигациялоонун көлөмү, м3 100 м3 дан азыктарын фумигациялоо үчүн талап кылынган препараттын саны Кг даана Такталар 206 16,5 1,25 6,1 Тасмалар 3296 264 1,25 0,38

Бул үчүн экспозиция процессинде фумигациялоо обхекинен газдуу абанын үлгүсү мезгил-мезгили менен алынып турат. Алгачкы суткаларда үлгү экспозиция башталгандан кийин 12-24 сааттан соң, андан кийин суткасына бир жолудан алынып турат. ПКЭнин чоңдугу 37-беттеги формула эсептелет Дегазациялоо фумигациялануучу жайдын бардык эшиктерин ачып салуу менен пассивдүү ыкма боюнча жүргүзүлөт. Дегазациялоо аяктагандан кийин дезинсекциялоонун натыйжасы аныкталат. Пайдаланылган такталар жана тасмалар, ошондой эле препараттардын гранулдарын жана таблеткаларын калыктары ылайыктуу идишке (мисалы, полиэтилен мүшөккө, чакага ж.б.) чогултулуп, кампадан алып чыгылат жана рекомендация боюнча кийин жокко кылуу үчүн уулуу химикаттар кампасына жанаөнөтүлөт. Синтетикалык пленкалардын астындагы дандын жана дан азыктарынын чакан партиясын фумигациялоо Кандай максатта пайдаланыла тургандыгына карабастан бардык өсүмдүктөрдүн кампалардагы же аянттардагы, ошондой эле дан азыктарынын өзүнчө штабелиндеги бийиктиги 3 метрден, салмагы 200 тоннадан ашпаган зыянкечтерге чалдыккан данынын чакан партиясын фосфиндин негизиндеги тасмалар жана такталар менен дезинсекцияланат. Пленка астындагы дандын жана дан азыктарынын чакан партиясын иштетүү фостоксин менен магтосиндин гранулдары, ошондой эле фостоксиндин, делиция-газтоксиндин, магтоксиндин, целфостун жана термофостун таблеткалары менен жүргүзүлөт. Иштетүү алдында үйүлгөн дан тегизделет жана зарыл болгон учурда анын бийиктиги төмөндөтүлөт. Дан азыктарынын ар бир штабели өзүнчө пленка менен жабылат. Дандын үймөгү же идишке салынган продукциялардын үстүнөо жыгач каркас орнотулат же пленканын астында 50 см жакын боштук калсын үчүн мүшөктөр кырынан жаткырылат. Дан үймөгүнүн жогорку жана төмөнкү горизонтторунан газдуу абанын үлгүсүн алуу үчүн фумигациялоо жана дегазациялоо процессине контролдук кылуу максатында эки зонд-түтүк киргизилет.дан азыктары кодлган штабелдердеги мүшөктөрдүн ортосуна адамдын бою менен тең даз азыктары коюлган штабелден чыккан түтүктүн бош учу кыпчуур менен бекитилет. Пленканын аягы кампанын же аянттын полуна кум толтурулган узун мүшөктөр менен бастырылат. Герметизациялоочу таңгактан бошотулган такталар же магтосиндин, фостоксиндин тасмасы дан үймөгүнүң үстүнө куолат. Үймоктү пленка менен жабаардын алдында бир аз чуңкурайтылат. Дан азыктарынын айрым штабелдерин иштетүүдө препарат кампанын полуна тегиз коюлат. Данды таблетка же гранулдар менен пленканын астында иштетүүдө алар дандын үстүнө тегиз чачылат же анын үстүнө чакан чыңкур идишке коюлат, андан кийин плека менен жабылат. Дан азыктарын таблетка же гранулдар менен иштетүүдө препарат сөзсүз түрдө дан азыктарын тийбегидей кылып чункур идишке коюлат. Дандын жана дан азыктарынын чакан партиясын пленканын астында дезинсекциялоодо препараттардын чыгымдалышынын ченеми жана экспозиция “іөтаблицадагы малыматтарга ылайык белгиленет. Тасма жана такта түрүдө магтонксиндин зарыл санын аныктоодо 16-таблицада клетирилген маалыматтар жетекчиликке алынат. ПКЭнин чоңдугун эсептөөнүн натыйжасына жараша экспозиция такталат жана данды фумигациялоодо ал чоңдук 25 г/саат/м3 жеткенде, дан азыктарын фумигациялоодо 7 г/саат/м3 жеткенде аяктайт. Бул үчүн экспозиция процессинде газдуу абанын үлгүсү экспозиция башталгандан кийин 12 жана 24 сааттан, кийин суткасына бир жолудан алынып турат. ПКЭнин чоңдугу 36-беттеги формула боюнча эсептелет. Кампанын бүткүл жайлары жана анда сакталып турган дандын же дан азыктарынын майда партиялары дан запастарынын зыянкечтерине чалдыкканда ал партия пленканын астында зыянсыздандырылат. Андан кийин дандын же дан азыктарынын партиясы жайгашкан зонада жумушчу суюктуктун чыгымдалышынын ченеминин ашып кетишине жана суюктук-тамчылардын топтолук кетишине жол бербөө менен ушул нускама ылайык инсектициддер менен нымдуу ыкма юоюнча кампанын бардык жайлары дезинсекцияланат. Экспозиция аяктагандан кийин дегазация жүргүзүлөт. Бул максатта дандын жана дан азыктарынын партиясынан пленкалар алынат. Дегазациянын толук жүргөндүгү мурдатан даярдап коюлган зонд-түтүктөрдү пайдалануу менен дан үймөгүнөн же дан азыктарынын штабелдеринн газдуу аба үлгүлөрү алуу, ошондой эле данды жана дан азыктарын химиялык талдоо жолу менен аныкталат. Дезинсекциялоонун натыйжалуулугу дегазациянын аякташы боюнча аныкталат. Пайдаланылган такталар жана тасмалар, ошондой эле препараттын жайып коюлган гранулдары менен таблеткаларынын калдыктары ылайыктуу идишке (мисалы, полиэтилен мүшөккө, чакага ж.б.) чогултулат жана рекомендацияларга ылайык кийин жок кылуу үчүн уулуу химикаттар кампасына жөнөтүлөт. Потокто контактык аракеттеги инсектициддер менен данды алдына ала иштетүү жана дезинсекциялоодо контактык аракеттеги инсектициддер колдонулат. Алдын алуу максатында бардык үрөнүк данды, ошондой эле 20°С жана андан жогорку температурада сактоого даярдалган (такзаланган жана кургатылган) башка данды иштетүү максатка ылайыктуу. Мындай данды сактоонун болжолдуу мөөнөтү кеминде 3-4 ай. Кургак жана орточо кургак данды гана иштетүүгө жол берилет. Иштетилген данда инсектициддердин калдыктары узак мезгил бою сакталып калат, ал анын курт-кумурскаларга кайрадан чалдыгышынан сактайт. Сактоо аракетинин мөөнөтү болжол менен карбофос үчүн 2ден 3 айга чейин, башка инсектициддер үчүн 4 айдан 12 айга чейин болот. Ал дандын температурасына жана нымдуулугуна байланыштуу болот. Температура жогорулап жана данн нымдуулугу көбөйгөн сайын индексиддердин калдыктарынын жок болуп кетүү ылдамдыгына байланыштуу болот. Температура жогорулап жана дандын нымдуулугу көбөйгөн сайын индексиддердин калдыктарынын жок болуп кетүү ылдамдыгы көбөйөт, ал эми коргоо мөөнөтү азаят. Данды исектициддер менен иштетүңүнү суу аралашмасы түрүндө же эмульсиянын концентратын тикелей эле чачуу жолу жүргүзүүгө болот. Суу аралашмасы түрүндө инсектициддерди данга чачууда ИПЧ (инсектициддерди пневматикалык чачыраткыч) аппараты же атайын форсунка менен жабдылган чачыраткычтардын башка түрлөрү колдонулат. Жумушчу суюктуктун чыгымдалышынын ченеми – бир тонна данга 500 мл. Данды иштетүүнүн алдында форсункалардын тийиштүү өндүрмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн транспорт каражаттарынын орточо өндүрүмдүүлүгү транспорт каражаттарынын өндүрүмдүүлүгүнө жараша жанаөнгө салынат (17-таблица). Форсункалардын ондүрүмдүүлүгүнүн транспортердун өндүрүмдүүлүгүно богон катышы

Транспрт каражаттарынын өндүрүмдүүлүгү, т/саат 30 40 50 60 70 80 90 100 Форсункалардын өндүрүмдүүлүгү, мл/Һмин 250 330 420 500 600 660 750 840

Форснукалардын өндүрүмдүүлүгү суюктуктун басымын өзгөртүү жолу менен жөнгө салынат. Жумушчу суюктукту даярдоо үчүн суу чачыраткычтын багына куюлат жана инсектициддн эмульсиясын концентратынын зарыл саны кошулат. Эмульсиянын концентратынын чачыраткыч боюнча эсептелет: Б х В А = ------------ 5 х Г мында А – зарыл сандагы жумушчу суюктук алуу г инсектициддин эмульсиясынын концентратынын саны, кг; Б – таасир этүүчү зат боюнча инсектицидди чыгымдоо ченеми; В – чачыраткычтын багындагы суунун эсептелген саны, л; Г – инсектициддн препаратынын эмульсисынын концентратындагы таасир этүүчү заттын катышы, %. Перметрин жана пиримифосметил аралашмасын колдонууда эсеп ар бир компонент боюнча өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Жумугчу суюктук даярдалган күнү чыгымдалгыдай санда даярдалат. Данды иштетүүнүн алдында бир тектүү аралашмадаярдоо үчүн чачыраткычтын багынын аралаштыргычы 3-5 минутага иштетип коюлат. Инсектициддерди данга кошуу атайын аппарат м жасалат, ал данды өзү төккүчтүн ичине аэрозолдук фазада (бөлүкчөлөрдүн өлчөмү 50 мкм чейин) инсектициддин эмульсиясынын концентратын тикелей чачыратууну камсыз кылат. Данды дезинсекциялоонун натыйжа данга инсектициддер киргизилгенден кийин 15-20 күндөн соң текшерилет. Инсектициддер менен иштеткенден кийин данды пайдаланууга инсектициддер менен иштеткенден кийин данды пайдаланууга инсектициддердин саны ар бир инсектицид үчүн максималдуу жол берлиген деңгээлден ашпаган санда калганда гана жол берилет. Перметрин жана пиримифосметил аралашмасы менен иштетилген данды үч шарт сакталаганда андагы инсетициддердин калдыгын талдоого албастан эле азык-түлүк үчүн пайдаланууга жол берилет: эгер ал чыгымдалуу ченеми 3,5 г/тоннадан ашпастан иштетилгенде; эгерде ал кеминде 4 ай сакталса; эгерде сактоо учурунда дандын температурасы кеминде 20°С болгондо. Үрөндүк данды анда калган инсектицидди талдоого албастан эгүү үчүн пайдаланууга болот. Данда инсектициддердин калдыгы ыкмалар боюнча аныкталат. Мүшөкетөлгөн дан азыктарын карбофос менен алдынала иштетүүдөн өткөрүү Кездеме мүшөктөргө салынган ундарды жана акшактарды зыянкечтердин жугуусунан алдынала коргоону аларды кампаларда жыйылып турган жеринде сыртынан чачыратып зыянсыздандыруу же болбосо аэрозолдук генератордун жардамы менен жаадырып жуу аркылуу жүзөгө ашырууа болот. Азык-заттардын зыянкечтер менен булгана элек жана узак мөөнөткө сактоого арналга партиялары гана иштетүүдөн өткөрүлөт. Зыянкечтер менен булганган азык-заттардын партияларын фумигиялашат жана аларды желдеткенден кийин кайра булгануудан сактоо үчүн иштетүүдөн өткөрүшөт. Азык-заттарды сыртынан иштетүүдөн өткөрүүдө абанын температурасы 0°Стан томөн болууга тийиш эмес. Адатта иштетүүдөн өткөрүүнгн эрте жазда, жылуу аба ырайы баштала электе жүргүзүшөт. Андан соң кампага түшкөн булгана элек азык-заттардын баарын иштетүүдөн өткөрүшөт. Баштык түрүндөгү же башка бир типтеги чачыратып себүүчү жабдууларды колдонуу менен иштетүүдөн өткөрүүдө карбофосту жыйылган мүшөктөр бардык тараптарынан иштетүүдөн өткөрүлөт, ошондой эле алардын ортосундагы жолчолор, кампанын дубалдары жана мамылар да иштетүүдөн өткөрүлөт. Иштетүү жыйылып турган каптардын үстү жагынан башталат. Андан соң анын жыйылып турган каптардын капталадары, пол, дубалдар, мамылар иштетүгдөн өткөрүлөт. Жыйылып турган каптарды иштетүүдөн өткөрүүгө чейин да, андан кийин да бузуп, кайра жыюуга болбойт. Мүшөккө салынган азык-заттарды аэрозолдук жол менен алдынала иштетүүдө карбофосту чыгымдоо ченеми 0,2 г/м3 аракет кылуучу азт иретинде болууга тийишг. Иштетүүдөн өткөрүүнүн алдында кампанын бир эшигинен башка эшиктерин жана терезелерин бекем жабышат, жабылбаган эшиктен иштетүүдөн кийин пестециддерди тумандатуучу генераторду сүйрө чыгарышат жана ага коркунуч тууралуу эскерткен белгилер илинет же жабыштырылат. Генераторду кампанын орто жерине, анын факели кампанын ортосуна багыт алгандай кылып орнотушат. Аралыктан башкаруу пультун көчөдо, электр берүү калканынын жанына орнотушат. Кампанын көлөмүнүн жарымына жеткидей аэрозолду чачыратуунун убагын эсептеп чыгарышат. Туман генераторунун объектилери зыянсыздандыруудагы ишинин убактысын эсептөө жана карбофосту чыгымдоонун ченеми бул туюнтма жүргүзүлөт: О х Н Т = ----------------- 60 П мында Т – генератордун иштөө убактысы, сек.; О – объектинин көлөмү, м3; Н – карбофос препаратын чыгымдоонун ченеми г/ м3; П – генератордун өндүрүмдүүлүгү, г/мин; 60 – секундага өткөрүлгөндөгү коэффициент. Генераторду жүргүзгөндөн кийин кампадан сыртка чыгышат жана анын эшигин бекем жабышат, анткени генератор иштеп жатканда орун-жайда болууга тыюу салынат. Карбофос аэрозолун берүү бүткөндөн кийин операторлор жекече сактоочу каражаттарды кийип, кампанын биринчи жарымына киришет, генераторду 180 градуска буруп, аны кайрадан иштетишет. Кампанын баары иштетүүдөн өткөрүлгөндөн кийин операторлор жекече сактоо каражаттарын кийин кампага киришет, генераторду алып чыгышат жана эшиктерди бекем жабышат. Бир суткадан кийин эшиктер ачылат, кампа 2-3 саат бою желдетилет. Андан кийин гана адамдар иштөө үчүн кампага кире алышат. Анда жана акшакты сатып өткөрүү аларда карбофостун жол берилүүчү эң төмөнкү өлчөмү болгондо гана жүзөгө ашырылат: ундуку – 2мг/кг, акшакты - 1 мг/кг (манна акшагын карбофос менен иштетүүдөн өткөрүүгө ол берилбейт). Кампалардагы үйүлгөн дандын үстүн иштетүүдөн өткөрүү Сактоо үчүн кампага үйүлүп коюлган , зыянкечтер жуга элек дандыанын үстүн пестициддерди тумандатуучу генератор аркылуу карбофос фэрозолу менен мштетүүдөн өткөрүшөт. Бул үчүн кампанын бир эшигинен башка эшиктерин жана терезелерин бекем жабышат, жабылбаган эшик аркылуу генераторду алып киришет. Коптуулук тууралуу белгилерди илип коюшат. Генераторду кампанын жогорку галереясына сырткы дубалдарынын биринге орнотушат. (мындай галерея болбогон учурда – жыгачтан же тунукеден жасалган, болжол менен « чарчы метр өлчөмүндөгү секичеге орнотулат) жана анын иштөө агымын карама-карша дубалга карата багытташат. Аралыктан башкарлуучу пультту сырткан электр берүүчү калкандан жанына коюшат. Үйүлгөң дандын үстүно аэрозоль чачуу мезгилинин узактыгын ченемдерге ылайык эсептеп чыгышат. Генераторду иштеткенден кийин кампадан чыгышат жана эшикти бекем жабышат. Генератор ишеп жатканда опраторлор кампанын сыртында болушат. Үүлгөн дандын үстүн иштетүүдөн өткөрүү үчүн карбофостун ченеми аракеткылуучу заттын үйүлгөн дандын үстүндөгү мейкиндиктин көлөмүнө жараша өлчөмү менен 0,2 г/м3 дан баштап эсептелет (50% тик препарат боюнча 0,4 г/м3). Кампа иштетүүдөн өткөрүлгөндөн кийин операторлор жекече сактоочу каражаттарды кийип кампага киришетн генераторду алып сактоочу каражаттарды кийип кампага киришетн генераторду алып чыгышат жана эликт бекем жабышт. Бир суткадан кийин эшиктер ачылат жана кампанын ичи 2-3 саат бою желдетилет. Данды сатып өткөрүүгө кампаны желдеткенден кийин адроо эле уруксат берилет. Данды жана дан азыктарын инсектициддердин калдыктарынан тазалоо Данды, унду жана акшакты инсектициддер менен иштетүүдөн өткөргөндөн кийин аларда инсектициддердин жол берилүүчү эң төмөнкү өлчөмдөрүнөн ашкан калдыктары болбогон шартта гана аларды жүктөп берүүгө жана өз багыты боюнча пайдаланууга уруксат берилет. Даныд, унду жана акшакты дегазациялоо негизинен данды жана башка азыктарды сапырып аралштырбастан туруп, бардык эшик-терезелерди ачып желдетүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Элеваторлордо көп сандагы фумиганттардын атмосферага чыгып кетүүсүнүн алдын алуу максатында адгенде жумушчу мунарадагы силос турган жайдагы айрым бир эшиктер жана терезелер ачылат, алар күн мурдатан орун-жайдын ичине кирбестен сырт жагынан ачылууга даярдалып коюлат. Андан кийин индикатордук түтүкчөнүн жардамы менен орун-жайдын ичинде фумиганттардын жогорку даражада топтолуусу жок экендиги ырасталгандан кийи, газга каршы беткаптарды кийип орун-жайга киришет жана башка эшик-терезлерди биринен сала бинрин ачышат, желдетүү жабдууларын иштетишет. Орун-жайды фумиганттардын жогорку даражада топтолуусунан арылтуу менен, акырындап силостордун сыртка чыгаруучу тешиктерин жана жүк түшүрүлүүчү, жел чыгуучу, оңдоочу тешиктерин кезек менен ачышат. Аба ырайы муздаган сайын желдетүү орун-жайларда үйүлгөн дандардын үстүндөгү мейкиндикте дегазацияланган дан азыктары мүмкүн болушунча муздабай тургандай кылып жүзөгө ашырылууга тийиш. Данды фумиганттан дегазациялоону тездетүү үчүн силосто ВМ-20, ВОЭ-5 жана башкажелдеткичтери колдонулушу мүмкүн. Ал эми 200 тоннадан ашык көлөмдөгү силосто ПВУ-1 түтүктөрү да колдонулат. Желдеткичтерди силостордун оңдоочу тешиктеринин торчолоруна, аба соруучу жагын ылдый каратуу менен орнотушат. Тешиктин бош клаган жери фанера же тактай менен тосулат жана бекем тыгыздалып бекитилет. Силостордон чыгарылуучу тешиктер бекемделүгчү каражаттардан бошотулат. Желдеткичтин сыртка чыгуучу тешигин резина кошулган же пленка материалдан жасалган атайын жеңчени кошушат. Жеңченин эркин учун же силостук жайдын үстүндөгү терезе аркылуу шамалга ыктоо жагына сыртка чыгарышат же болбосо силостук корпустун чатырында жайгашка дифлекторго кошушат. ПВУ-1 түтүкчөлөрүн пайдаланууда даярдык көрүү иштерин жүргүзүү керек. Мында силостун оңдоочу тешиги аркылуу данды фумигациялап, ПВУ-1 түтүкчөсү аркылуу өткөрүү зарыл, ал силостун чет-жайына карагнда кыйла эле узун жана силостун бийиктигине бир аз жете бербейт. Оңдоочу тешикт бүтөөдө түтүктүн тешиктен сыртка чыгуучу акыр жагын силостун тешиги ачылбай тургандай кылып жабышат, мында аны ачканда силостун тешиги ачылбашы керек. Данды силосто түтүкчөлөрдүн жардамы менен мындайча желдетишет: силостун чыгаруучу тешигин ачышат, жүктөөчү, оңдоочу жана желдетүүчү тешиктерин бүтөлгөн бойдон калтырышат. Түтүктүн башындагы жабуучу катмарды алып салгандан кийин анын ордуна соруу режиминдеги желдеткичти орнотушат. Желдеткичитн чыгуучу тешигине синтетикалык кездемеден атайын даярдалган жеңчени орнотушат, ал аркылуу желдеткич соруп чыгарган аба тышка чыгарылат. Данды фосфин менен зыянсыздандыргандан кийин фумиганттыз алсыз жыты калганда жана булл данды тез арада сатып өткөрүү зарылдыгы туулганда жигердүү дегазациялоо сунуш кылынат. Мындай партияларды жигердүү желдетүү туруктуу жана көчмө желдеткич жабдуулардын жардамы менен жүзөгө ашырылат. Жигердүү дегазацияны данды муздата тургандай кылып жүргүзүүгө болбойт. Үйүлгөн дандын сыртындагы температура дандын температурасынан төмөн болгондо, ошондой эле фумигация сырткы абанын температурасы 12°С тан төмөн кеде өткөрүлгөн учурларды баарында дегазация үйүлгөн данга үйлөтүлүүчү абаны жылытуу менен өткөрүлөт. Дегазацияны тездетүү үчүн айрым бир үйүлгөн азыктарга ВМ-200 желдеткичтерин колдонушат. Желдеткичтер үйүлгөн дан желдтекич аркылуу ургаалдуу желдетилип тургандй кылып орнотулат. Муздаган дегазация кылынбаган данды жана азыкты ташууга тыюу салынат. Кампаларда жана элеваторлордо фосфин менен зыянсыздандырылган данды, унду, акшакты дегазациялоону мелүүн желдетүү менен 5 сутканын ичинде жүргүзүшөт, ал эми силосто болсо желдеткичтерди жана ПВУ-1 түтүктөрүн колдонуу менен 10-15 саатын ичнде жүзөгө ашырышат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин дегазациянын жыйынтыгын индикаторрдук түтүкчөлөрдүн жардамы менен кампанын же силостун (камеранын) дан (азык) турбаган бош жеринде текшеришет. Түтүкчөнүн көрсөтүүлөрү терс болгондо үйүлгөн дандардын ортосундагы бош жерлерден алынган абаны, же болбосо үйүлгөн дандан бир аз санда алып текшерүүдөн өткөрүшөт. Үрөндүк данды дегазациялоонун деңгээлин фумигантты бүтүндөй алгандагы жыттанышын жана тартылган дандын жыттанышын жыттап көрүү аркылуу аныкташат. Жыт болбогон учурда аны аралаштырып, өз багыты боюнча пайдаланууга уруксат берилет. Инсектициддер менен тикелей иштетүүдөн өткөрүлгөн данды аралаштыруу сунуш кылынбайт. Мындай данды тезарада сатып өткөрүү зарыл болгон учурларда иштетүүдөн өткөрүлгөндөн кийин бир айдан ашпаган мөөнөткө чейин сакталып турган дандагы инсектициддердин калдыктарын эң жогорку өлчөмдө калтырууга жол берилген деңгээлег чейин азайтуу иши аны элеватордун же кампанын технологиялык линиялары аркылуу өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Иштетүүдөн өткөрүлгөндөн кийин бир айдан ашык мөөнөттө сакталып турган дандагы препараттын калдыктарын азайтуу максатында технологиялар аркылуу өткөрүү алгылыксыз, анткени мындай өткөрүү дандагы инсектициддердин байкалрдлык азайышына алып келбейт. Мындай данды иштетүүдөн өткөрүлө элек дан менен арлаштырып жиберүү жолу менен пайдаланууга болот. Иштетүүдөн өткөрүлө элек дандын бул үчүн зарыл болгон өлчөмү төмөндөгү туюнтма менен аныкталат: (А – Д) Б В = ------------ Д мында А – дандагы инсектициддердин калдыктарынын иш жүзүндөгү сакталышы, г/т; Д – дандагы инсектициддердин калдыктарынын сакталышынын жол берилген олчөмү, г/т; В – иштетүүдөн өткөрүлө элек дандын саны, т. Данды жана аны кайра иштетүүдөн кийин алынган азыктарды инсектициддердин калыктарынан арылтуунун эрежелерин аткарууга контролдук кылуу милдети ишкананын өндүрүштүк (технологиялык) лабораторияларын жүктөлөт. Алар дандагы инсектициддердин калыктарын жыттап көрүг жолу менен текшерүүнү да жүзөгө ашырышат. Фумиганттардын жумушчу орун-жайларда болушун дан азыктарын сактоо боюнча экспедициялар аныкташат. Санитардык-эпимилогиялык кызмат органдары көзөмөлдүк кылуу иретинде ар кайсы жерден үлгү катары дан жана азык алып екшерүү жүргүзө алышат. Дандагы жана азыктагы химикаттардын калдыктарынан арылтуунун деңгээлин жыттап көрүү жана химиялык жол менен айкындоо үчүн текшерилүүчү заттар ишкананын өндүрүштүк (технологиялык) лабораториясы тарабынан мынадй данга жана азыкка карата мамиле кылуунун өзгөчөлүктөрүнө жараша тандалып алынат Данды жыттап көрүү менен текшерүү текшерилүүчү үлгү заттар алынары менен дароо жүргүзүлөт. Дан сакталуучу жайларды жана ишканаларды дезинсекциялоо Кампаларды фумигациялоо Кампаларды фумигациялоо үчүн фосфиндин негизиндеги препараттарды колдонушат. Кампаларды фумигациялоону орун-жайдагы абанын температурасы 12°Стам төмөн болбогон шартта өткөрүшөт. Катуу шамал болгон учурда (7 м/с ден ашканда) кампаларды фумигациялоого жол берилбейт. Жигердүү желдетүгчү туруктуу тутуму же болбосо аэрокобулу бар кампаларды фумигациялоону жүргүзүүдө газ-аба аралашмасын берүү тутумдун каналдарынын бири аркылуу жүргүзүлүшг мүмкүн. Газ-аба аралашмасын кампанын дубалдарын жандатып берүг үчүн анын полунун ортоңку тилкесинде бир катарга алты коллектор же газ түтүктөрүн орнотушат. Температура анчалык жогору болбогон же сырткы абанын салыштырмалуу нымдуулугу жогору болгон учурларда аппараттардын желдеткичтери аркылуу берилүчү абаны жылытуу зарыл. Данды кайра иштетүүчү ишканалардаы, элеваторлорду, кургатуучу-тазалоочу, майдалоочу-тазалоочу мунараларды. Дан кургатуучу жайларды фумигациялоо Данды кайра иштетүүчү ишканаланарды, элеваторлорду, кургатуучу-тазалоочу мунараларды жана жабык типтеги дан кургатуучу жайларды фумигациялоо фосфинди колдонуу менен жүргүзүлөт. Фумигациялоону орун жайлардагы абанын жана сырттагы абанын температурасы 15°Стан төмөн болбогон шартта өткөрүшөт. 7 м/сден ашкан шамла болгон учурда да фумигациялоого жол берилбейт. Орун-жайларда шыбалган, акталган, боелгон жерлер кургай элек учурларда да, ошоной эле дезинсекциялоо алдында жуулган пол кургай элек учурда фумигациялоону жүргүзүүгө тыюу салынат. Фумиганттардын жогору даражадагы диффузияга (сырттагы абага аралашып кетүү) жөндөмдүүлүкүнөн улам техниклаык абалы жакшы жабууга (герметизациялоого) мүмкүндүк берүүчү объектилерде гана алрды колдонууга уруксат берилет. Фумигациялоону жүргүзүүнүн алдында коридорлор, тепкичтер жана өткөөлдөр ашыкча нерселерден тазаланат, бул алардын жумушка жолтоо кылбашы жана орун-жайдан тез чыгып кетүү үчүн зарыл. Орун-жайда турган данды жана азыктарды, мүшөктөрдү, таза сууну жана таза суу куюлуучу идиштерди алып чыгып кетүү зарыл. Фумигациялоого даярдык көрүүдө ар бир орун-жайда бардык кабаттардагы эшиктер менен терезелердин бир бөлүгү аларды жайдын ичине кирбестен эле сырт жактиан оңой ачылгандай кылып ыңгайлаштырылшы керек. Бул терезелер менен эшиктерди сыртынан атайын белгилер бөлүп белгилеп коюшат. Машиналардагы бардык капкактар, жел чыгуучу жана кароочу оюк-тешиктер, өзү агып чыгуучу кобулдардын жана башка жабдуулардын тосмолору, норийлердин баштары жана бут кептери, шкафтардын эшиктери д.у.с. фумигациялоого жана дегазациялоо мезгилинде ачылып коюлат. Дегазацияны камсыз кылуу үчүн объектти бош иштегенге даярдык абалына, анын ичиндеаспирация абалын келтиришет. Фумигациялоону сутканын күндүзгү сааттарында гана, саа 17 ге чейин бүткөндөй кылып жүргүзүшөт. Объекттерди дегазациялоонун башталышы күндүн биринчи жарымына туура келүүгө тийиш. Дегазацияну орун-жайдан фумиганттардын көп санда бир мезгилде чыгып кетишине жана анын корголуучу аймактын чегинен сырткары таралышына жол бербегендей кылып өкөрүшөт. Фумигациялоо жана дегазациялоо учурунда корголуучу аймактын чектеринде аба мейкиндигинин абалына контролдук жүргүзүлөт магтоксинди колдоного учурда жыттанышын жыттап көрүү ыкмасы колдонулат жана индикатордук түтүкчөлөр да пайдаланылат. Дегазациялоону толук жүргүзүү жана ишканаларды, элеваторлорду актысы менен таризделет. Фумигациялануучу объекттердин бардык кабаттарында полиэтилен түтүкчө-зонддорду коюшат, алар аркылуу фумигациялоо жана дегазациялоо процесстерине контролдук кылуу үчүн текшерилүүчү аба-газ аралашмасы алынат. Ишканаларды фосфин (тактайчалар, тасмалар) менен фумигациялоо Фосфиндин гармошка кылып бүктөлгөн түрүндөгү тактайчалары менен тасмаларын фумигациялануучу объекттин бардык кабаттары менен орун-жайларынын полуна тегиз жайып коюшат. Препараттан бошогон идишти орун-жайдан чыгарып кетишет жана сунуштамаларга ылайык жок кылышат. Фосфинди чыгымдоонун ченеми аракет кылуучу зыттын процетинин өлчөмүнө жараша белгиленет. Фумигациялоону жайгаштырууну ПКЭнин эсебинин натыйжаларына жараша жайгаштырышат жана такташат, бул көрсөткүч 7 г/ч/м3 ге жеткенде токтотушат. Бул үчүн фумигацияланып жаткан объекттен фумигацияло жайгаштырылгандан кийин 12 жана 24 саат өткөн соң аба-газ аралашмасынын үлгүсүн алышат. Андан кийин бир суткада бир жолу алышат. ПКЭнин көрсөткүчүн 12-тиркемеге ылайык эсептеп чыгарышат. Дегазациялоону фумигациялануучу объекттин бардык эшик-терезелерин ачуу менен жөнөкөй ыкма боюнча желдетип жүргүзүшөт, ошондой эле жигердүү ыкма менен да аспирация тутумун ишке киргизүү аркылуу да жүзөгө ашырылат. Дегазациялоонун узактыгы 6 сааттан кем болбойт. Дегазациялоонун толук ишке ашырылышын 10-тиркемеде баяндалган ыкмаларга ылайык аныкташат. Анализ жасоо үчүн алынуучу аба-газ аралашмасынын үлгүсүн эң аз желденүүчү орун-жайларда жана данды кайра иштетүүчү ишкананнын участкаларында тандап алышат. Препараттын пайдаланылган тасмалары менен тактайчаларын зыянсыздандырылуучу орун-жайдын ичинен алып чыгышат жана уу-химикаттардын кампасына жөнөтүшүп, андан соң сунуштамларга ылайык жок кылышат. Дезинсекциянын натыйжалуулугу дегазациялоо бүткөндөн кийин аныкталат. Дан сакталуучу жайларды пестициддер менен аэрозолдук дезинсекциялоо Аэрозолдук дезинсекцичялоону пестициддерди тумандатуучу генератордун жардамы менен жүргүзүшөт, алар колдонулуучу пестициддерди диаметри 50 мкм чейин жеткен аэрозолдорго айландырат. Бул болсо пестициддерди иштетүүдөн өткөрүлүүчү жерлерге сууну колдонбостон тегиз чачып, учпоочу курт-кумурскаларды жок кылууга мүмкүндүк берет. Анткени пестициддин эң майда тамчылары бир нечек саат бою абада кармалып турат жана учуучу курт-кумурскаларды өлтүрөт. алар барык булуң-бурчтарга, оюк-тешиктерге, жабдуулардын ичкери жагына кирет. Андан соң акырындап иштетүүдөн өткөрүлүүчү жерлерге жабышып, учпоочу зыянкеч курт-кумурскаларды өлтүрөт.

Бош дан кампаларын аэрозолдук дезинсекциялоо

Бош дан кампаларын аэрозолдук дезинсекциялоодон өткөрүүдө милдеттүү тартипте кылдат механикалык тазалоо жүргүзүшөт. эң четтеги бир эшиктен башка бардык эшик-терзелерди жабышат. Кооптуулук жөнүндө алдынала эскертүүчү белгилерди илишет. Генераторду кампанын ичине, анын эң четки эшигинен болжол менен 2-2 м аралыкта, аэрозолдун агымы кампанын диагоналы боюча карма=каршы жактагы жогорку четки бурчка багытталгыдай кылып орнотушат. Аралыктан башкаруучу пультту сыртка, электр берүү калканынын жанына коюшат. Генератор электр тармагына кошулат. Аэрозолду чачыратуунун убактысын жана пестициддин чыгымдалуу ченемин эсептеп чыгып, генераторду иштетишет, эшикти жабышат. Оператор генератор иштеп жатканда кампанын сыртында болот. Аэрозоль кампага чачыратылып бүткөндөн кийин операторлор жекече сактануу каражаттарын кийишип, кампанын эшигинин бир жагын ачышат жана генераторду алып чыгышып, эшикти бекем жабышат. Кампаны аэрозолдук иштетүүдөн өткөргөндөн кийин дубалдардын сырткы жактарын кампанын чатырынын үстүн жана 5 менен аралыктагы чектеш аймакты нымдуу дезинсекциялоодон өткөрүшөт. Бир суткадан кийин эшиктерди ачышат,кампанын жанында болууга тыюу салынат. Желдетилип бүткөндөн кийин аэрозолдук дезинсекциялоонун технологиялык натыйжалуулугун текшеришет. Иштетүүдөн өткөрүлгөндөн бир суткадан кийин кампага дан киргизүүгө уруксат берилет.

Элеваторлорду аэрозолдук дезинсекциялоо

Аэрозолдук дезинсекциялоону баштаар алдында элеваторлорду механикалык тазалоодон өткөрүшөт. Андан кийин силостордун төмөнкү илгичтерин илишет. Кооптуулук жөнүндөгү белгилерди илип коюшат. Бош силосторду аэрозолдук дезинсекциялоону баштаардан мурун эшик-терезелерди ачышат, аспирацияны ишке киргизишет. Дезинсекциялоо боюнча бардык жумуштарды жекече сактануу каражаттарын кийип жүргүзүшөт. Иштетүүдөн өткөрүүнү кире бериштер эң алыс жайгашкан силостон башташат. Адегенде силостун оюгунун капкагын жана эки актуу тосмолорун ачышат. Андан кийин генераторду оюктун үстүно коюп, электр тармагына туташтырышат. Аэрозолдун агымы ылдый көздөй тике багытталышы керек. Силосторду генератор аркылуу иштетүүдөн өткөрүү автоматтык режимде жүргүзүлөт. Бул үчүн аэрозолду чачыратуу мезгилинин узактыгын эсептеп чыгышып, аны генератордун убакыт релесине коюшат жана генераторду иштетишет. Генераторду очүргөндөн кийин аны силостун оюгунан жылдырышып, оюкту дароо капкагы менен жабышат. Экилтик силосторду жүк салуучу бир оюк аркылуу иштетүүдөн өткөрүшөт. Үчилтик силосторду жгк салуучу ортоңку оюк аркылуу иштетүүдөн октөрүшөт. Бири-бирине өтүүчү терезелереи бар экилтик жана үчилтик силосторду иштетүүдөн өткөрүүдө, алардын аэрозоль чачыратылбаган оюктары бекем жабылууга тийиш. Силостун үстүндөгү жана силостун астындагы орун-жайларды жана жумушчу мунараны аэрозолдук дезинсекциялоонун алдында элеватордун эшик-терезелерин бекем жабуу зарыл. Ири жаракалар жана тешиктер пленка, кагаз же башка бир материалдар менен бүтөлүшү керек. Дезинсекциялоо мындайча тартипте жүргүзүлөт: адегенде силостун үстүдөгү орун-жай, андан кийин жумушчу мунара жана силостун астындагы орун-жай иштетүүдөн өткөрүлөт. Ишти баштоонун алдында, зыянсыздандырылуучу орун-жайдын көлөмүнө жараша аны шарттуу түрдө бирдей бөлүктөргө бөлүшөт жана иштетүүдөн өткөрүү мезгилинде генератор коюлуучу жерлерди аныкташат. Генераторду жылдыруунун багыттарын алдын ала белгилешет жана аны жылдыруу үчүн атайын өткөөл тилкелерди бошотушат. Ар бир белгиленген жерде генератордун иштөө узактыгын жана шарттуу бөлүктү иштетүүдөн өткөрүү үчүн зарыл болгон пестициддин санын эсептеп чыгышып, генераторду ишке киргизишет. Ишти жумушчу мунарадан эң алыс жайгашкан жерден башташат. Жалпы жарык берүүчү жана электр калканына келүүчү электр энергиясынан башка электр энергиясын өчүрүп коюшат. Генераторду электр тармагына бириктиришип, аны иштетүүдөн өткөрүлүүчү биринчи жерге орнотушат. Шарттуу бөлүккө аэрозоль чачыратуунун узактыгын эсептеп чыгышып, генератордун релесине коюшат жана генератордун релесине коюшат жана генераторду ишке киргизишет. Генераторду өчүргөндөн кийин аны иштетүүдөн өткөрүлүүчү кийинки жерге жылдырып орнотушат, ошентип бардык жерлер иштетүүдөн өткөрлүлмөйүнчө ушундайча улантыла берет. Силостун үстүндөгү орун-жай дезинсекциялангандан кийин жумушчу мунара ишетүүдөн өткөрүлөт. жумушчу мунаранын ар бир кабатын эң жогорку кабатынан баштап өз-өзүнчө иштетүүдөн өткөрүшөт. Андан кийин силостун астындагы орун-жайды дезинсекциялоодон өткөрүшөт. силостун астындагы орун-жайды иштетүүдөн өткөрүүнү силостун үстүндөгү орун-жайды иштетүүдөн өткөргөн тартипте жүргүзүшөт. Бир эле мезгилде дубалдардын сырт жагын жана чектеш аймакты нымдуу иштетүүдөн өткөрүшөт. Иштетүүдөн өткөрүлүп бүткөндөн кийин генераторду сыртка алып чыгышат жана кирүүчү эшиктерди жабышат. Бир суткадан кийин элеватордун ичин желдетишет, бул үчүн эшик-терезелерди ачышып, аспирацияны ишке киргизишет. Элеваторго адамдарды киргизүүгө ал желдетилгенден кийин 3-4 сааттан кийин уруксат берилет. Андан кийин аэрозолдук дезинсекциялоонун натыйжалуулугу текшерилет. Силосторго данды салууга зыянсыздандыруунун натыйалары текшерилгенден кийин дароо эле уруксат берилет.

Ишканалардын айрым бир жайларын локалдык зыянсыздандыруу

Ишканалардын жыйнап сактоочу жайларында, транспорттук жабдууларда, айрым бир жорун-жайларда, машиналарда зыянкечтер табылган учурда аларды локалдык зыянсыздандыруу жүргүзүлөт. муну ишканалар он күнгө токтоп турган мезгилде ишке ашырышат. Иштетүүдөн өткөрүлүүгө тийиш бардык машиналар, жабдуулар жана орун-жайлар кылдат механикалык тазалоодон өткөрүлөт, анткени 1,5-2 мүмкүн калындыктагы азык же чаң катмарлары инсектициддердин өтүшүнө тоскоолдук кылат. Жабдууну локалдык дезинсекциялоону жүргүзүүдө, орун-жайдын дубалын жана полун, ошондой эле машинанын жана жабдуунун ичиндеги зыянкечтер табылган жерлерди иштетүүдөн өткөрүүдө кампалык зыянкечтерге каршы күрөшүүгө арналган инсектициддер колдонулат. Локалдык дезинсекциялоодо препаратты тешиктүү борпоң материалдан жасалган пластинага сиңдиришет. Аларды даярдоо үчүн былпылдак резинаны же кийизди пайдаланышат. Пластинанын өлчөмү 8х15 см, калыңдыгы 1 смден ашпайт. Пластинага препараттын эсептелген санын сиңдирүү соруп тартуучу шкафта жүргүзүлөт. препаратты акырындап, тамчылары агып кетпегендей кылып сиңдиришет. Препарат сиңдирилген пластинаны синтетикалык пленкадан жасалган пакетке салышып , аны жабышкак тасма менен бекитишет же болбосо оозун бекем байлашат. Пакетке препараттын саны көрсөтүлгөн этикетка жабыштырылат. Пакетти ушундай түрүндө зыянкечтер табылган объекттерге жеткиришет. Машиналарда бардык алып келүүчү жана алып кетүүчү түтүктөр тосмолору менен жабылып, синтетикалык пленка менен бекем бекитилиши керек. Жабдуудагы жарака-тешиктерди жабышкак тасма же болбосо калың кагаз тилкелери менен тыгыздап бекитүү зарыл. Инсектицид киргизилүүчү оюктарды жана капкактарды инсектицид салынгандан кийин бекем жаап, айланасын тыгыздап бекитишет. Чубуртуп түшүрүүчү тетиктерди зыянсыздандырууда кездеме жеңдерди чыгарып алып,тетиктин ичине салышат, калган оюк-тешиктерди жана тетиктин үстүнкү бөлүгң пленка же жабышкак тасма менен тыгыздап бекитишет. Элөөчү тетиктердин каптал бөлүктөрүн пленка менен бекитишет. Бул үчүн пленканы төмөн жагынан полго, ал эми үстг жагынан машинанын станинасына жабышкак лента менен жабыштырышат. Пластиналарды пайдаланууда аларды пакеттерден тез алып, зым илгичтер же болбосо жип менен машинанын же жабдуунун ичине алар эч нерсеге тийип турбагандай кылып илип коюшат. Зыянсыздандырууну жайгаштыруу 4 сакттан кем болбоого тийиш. Жайгаштыруу учурунда зыянсыздандырылуучу машиналардын жана жабдуулардын үстү жактары жана пол нымдуу ыкма менен иштетүүдөн өткөрүлөт. Бул максатта суюктукту майда тамчылар менен чачыратуучу чакан чачыраткычтарды (автомакс, лактоочу-боечу пистолет ж.б.) колдонулат. Локалдык дезинсекциялоону жүргүзүүдө ал жүргүзүлүүчү арун-жайга машиналар иштетүүдөн өткөрүлмөйүнчө жана препарат салынуучу оюктар тыгыздалып бекитилмейинче, ошондой эле пестициддер менен иштетилген үстүңкү жактар кургамайынча чоочун адамдардын киришине тыюу салынат. Жайгаштыруу бүткөндөн бардык объекттерди ачышат. Пластиналар алынып, бүтүн пакеттерге салынат. Зыянсыздандырылуучу объекттерге жакын жердеги жайлардын терезелери ачылат. Дегазацилоону 1 саатка тездетүү үчүн машиналарды бош жүргүзүп коюшат жана аспирацияны ишке киргизишет. Иштетүгдөн өткөрүлгөндөн кийин ишканада алгачкы бир саатта чыгарылган азыкты пестициддердин калдыгына карата текшерүүдөн өткөрүшөт. Дан сакталуучу жайларды нымдуу ыкма менен дезинсекциялоо Кампаларды жана элеваторлорду дезинсекциялоо үчүн тикелей таасир этүүчү инсектициддерди колдонушат. Элеваторлорду жылуу жана кургак аба ырайы болгондо нымдуу иштетүүдөн өткөрүшөт, бул болсо дезинсекциялоодон кийин силостор жана орун-жайлар тезирээк кургашы үчүн керек. Нымдуу ыкма менен дезинсекциялоону жүргүзүүдө абанын температурасы 12°Стан төмөн эмес болушу керек. Жумшалуучу суюктукту чыгымдоонун ченеми 0,05 л/м2 болт. Нымдуу дезинсекциялоодо жумшалуучу суюктукту иштетилүүчү жерге атайын аппараттар – бирдей нымдоочу чачыраткычтар менен чачыратылып себилет. Чачыратып себүүнүн сапатына жана чачыраткычтагы суюктуктун басым астында болушу аркылуу жетишилет. Жумшалуучу инсектицид суюктуктарды ачык жерде, суу өткөрмө куурлардын, кудуктун же алдын ала чыпкаланаган арыктын суусун пайдалануу менен даярдашат. Жумшалуучу суюктуктарды даярдоону дезинсекциялоо жумутарын аткаруунун алдында жүргүзүшөт, аларды кийинки күнгө калдтыруу сунуш кылынбайт. Жумшалуучу суюктукту даярдоо үчүн сууну чачыраткычтын идишине куюшат ага зарыл өлчөмдөгү инсектицид эмульсиясынын концентратын кошушат. Кошор алдында эмульсияга бир аз суу куюп суюлтушат (1 бөлүк эмульсия концентратына 2-3 бөлүк суу). Чачыраткычтын идишине кошулуучу эмульсия концентратынын зарыл болгон санын төмөндөгү туюнтма менен эсептеп чыгышат. Б х В А = ------------------- 0,5 х Г мында А – жумшалуучу суюктукту алуу үчүн зарыл болгон инсектицид эмульсиясынын концентратынын саны, кг; Б – таасир этүүчү зат боюнча инсектицидди чыгымдоонун ченеми, г/м2; В – чачыраткычтын идишиндеги сууну эсептелген саны, л; Г – инсектицид препаратынын эмульсия концентратында таасир этүүчү заттын камтылышы, %. Иштетүүдөн өткөрөрдүн алдында чачыраткычтын идишиндеги аралаштыргычты 3-05 минута иштетишет, бул бирдей эритмени алуу үчүн керек. Кампаларды кымдуу дезинсекциялоону жүргүзүүдо чачыраткычты сыртка коюу жана бардык эшиктерди ачып коюу зарыл. Кампанын ичинде дубалдарды, мамыларды, устундарды, полду, плинтустарды, жогорку жана ылдыйкы өткөөл жана өткөөл эмес галереяларды, жигердүү желдетүү каналдарын жана алардын торчолорун, калкандарды кылдат жана бирдей чачыраты иштетүүдөн өткөрүшөт, мында жарыктарга, тешиктерге жана бурчтарга айрыкча көңүл бөлүшө. Кампанын ичин итетүүдөн өткөрүп бүткөндөн анын эшиктерин жабышат. Кампанын ичин иштетип бүткөндөн кийин дубалдардын сырт жактарын, фронтондорду жана кампага жалгашкан аймакты милдеттүү түрдө зыянсыздандырышат. Элеваторлорду кымдуу дезинсекциялоону жүргүзүүдө чачыраткычты силостук корпустун жанына коюшат. Чачыраткычтын шлангасын жогорку галереяга көтөрүшөт. Силосторду иштетүүдөн өткөрүү үчүн атайын чачыратуучу уч-тетиктерди колдонушат, аларда жумшалуучу чуюктук чыгуучу тешиктер радиал түрүндө жайгатырылган, бул болсо суюктукту силостун дубалдарына бирдей чачыратууга мүмкүндүк берет. Бмындай уч-тетиги бар шланганы ар бир силостун эң түбүнө чейин түшүрүшөтр. Силостун үстүндөгү жана силостун астындагы орун-жайлар, жумушчу мунара бош кампа жайлары сыяктуу эле иштетүүдөн өткрүлөт. Нымдуу дезинсекциялоо боюнча жумуштар жасалып бүткөндөн кийин аппаратты жана шланганы суу менен жакшылап жуушат жана кургатышат. Дан сакталуучу жайларды нымдуу дезинсекциялоо боюнча жүргүзүлгөн жумуштардын сапатын бир сутка откөндөн кийин аныкташат. Мында шал болуп калган курт-кумурскаларды өлүк деп эсептешет. Эгерде дезинсекциялоодон кийин шал болбогон тирүү зыянкечтер табылса орун-жайдын ушундай жерлерин же болбосо бүтүдөй объектти кошумча иштетүүдөн өткөрүшөт. Дан сакталуучу жайларга адамдарды киргизүүгө жана дан салууга коопсуздук техникасы боюнча нускамага ылайык уруксат берилет. Ишканаларда жана дан азыктары сакталуучук кампаларда тегирмен жана түштүк шайтан көпөлөктөрүнүн пайда болушун билүү, санын эсепке алуу жана көп санда кармоо үчүн синтетикалык жыныстык феромондорду колдонуу Феромондор – тирүү организмдер курчап турган чөйрөгө бөлүп чыгаруучу жана ошол эле биологиялык түргө кирүүсү организмдер аларды кабыл алганда өзүнчө бир – жүрүм-турум реакциясын (же өнүгүүнүн мүнөздүү процессин) пайда кылуучу химиялык бирикмелер. Жыныстык феромондор – жыныстык өнөктөштөрдүн ортосундагы байланыштуу каражаты. Тегирмен жана түштүк шайтан көпөлөктөрүнө каршы күрөшүү үчүн жыныстык феромондун экологиялык жактан таза синтетикалык аналогун колдонушат. Ал – Z9E12- тетрадекадиенил-1-ацетаттын (Z9E12-ТДДА) жана Z9E12-тетрадекадиен-1-олдун (Z9E12-ТДОЛ) 9:1 катышындагы аралашмасы. Бул бирикмени жабышкак кармагычка колдонушат, ал каркылуу эркектери орун-жайдан жок кылынат, ушуну менен алардын вакууму түзүлөт. Натыйжада шайтан көпөлөктөрдүн саны азаят. Феромондук кармагычтарды колдонуу тегирмен жана түштүк шайтан көпөлөктөрүнүн пайда болушун билүүгө жана алардын санын корголуучу объекттин ичинде чарнбалык мааниге ээ эмес төмөнеү деңгээлде кармап турууга, химиялык иштетүүдөн өткөрүүнү (фумигациялоону) жокко чыгарууга же санын азайтууга, фумигациялоолордун аралыгында азыктарды курт-кумурскалардын бглдүрүшүнөн улам болуучу жоготууларды төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Тегирмен жана түштүк шайта көпөлөктөрүнө каршы күрөшүү үчүн феромондук препараттарды колдонуу зыянсыздандырылуучу орун-жайдын ичиндеги абанын температурасы +10°Стан огору болгондо натыйжалуу болот. Препараттык формаларды сактоонун мөөнөтү -5°С тан +5°С чейинки температурада (муздаткычта) 12 ай, бөлмө температурасында – 6 ай. Феромондук кармагычтар ишкананын санитардык абалы жакшы болгондо гана зарыл натыйжа берет. Көпөлөктөрдүн пайда болушун билүг үчүн жана аларга каршы кгрөшүү үчүн жабышкак кармагытарды колдонушат, аларды синтетикалык торчо тасмадан же полиэтилен пленкасы менен ламинацияланган кагаздан жасашат. Алардын өлчөмү 90 х 5 см (кармоочу аянты 900 см2) болот жана 1 мг жыныстык феромонду өзүндөкамтыйт. Ал бир кармагычка эсептегенде 0,9 мг Z9E12-ТДДАдан жана 0,1 мг Z9E12-ТДОЛдон турат. Шайтан көпөлөктөргө каршы күрөшүү үчүн феромондук кармагычтарды ун жана акшак тартуучу заводдордо жана нан заводдорунда, дан сакталуучу бардык типтеги кампаларда ( жылытылуучу жана жылытылбоочу өндүрүштүк орун-жайларда) колдонууга болот. Кармагычтарды жумушчу абалга келтирүү анын жумушчу (кармоочу) аянтын орогучунан чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт. Андан кийин жип же зым менен кармагычты өндүрүштүк орун-жайда 2,5-4 м бийиктикте илип коюшат. Сигнал берүүчү кармагычтарды өндүрүштүк орун-жайлардын начар жарык болгон, жел жүрбөгөн жерлерине, ошондой эле туруп калган азык жайгашкан жабдууга жакын жерге, тепкич аянтчаларына жана көмөкчү орун-жайларга коюшат. Дан сакталаган жылытылбаган кампаларда кармагычтарды орун-жайдын 500-700 м3 көлөмүнө бир феромонкармагыч туура келгендей эсеп менен илишет. Кармагычтарды койгондон кийин күн сайын кармалган курт-кумурскаларды карап туруу жана эсепке алуу жүргүзүлөт. 7 сутка өткөндөн кийин ар бир орун-жайда сигнал берүүчү кармагычтарга түшкөн көпөлөктөрдүн жалпы санын алардын көбөйүп кетишин билүү максатында эсептеп чыгышат. Бир кармагычка бир суткада 2 көпөлөк тгшө баштаса, аларды көп санда кармаану баштоо зарыл. Тегирмен шайтан көпөлөктөрүнүн санынын көбөйүп кетишин эсептөө 1-мисал Ун тартуучу заводдун вальцовдук станоктор турган, көлөмү 2000 м3 болгон кабатында 3 сигнал берүүчү кармагыч илинген. 7 сутканын ичинде бул кармагычтарда тегирмен шайтан көпөлөгүнүн 26 нуска эркеги кармалган, анын ичинде 1-суткада – 3, 3-суткада – 2, 4-суткада - 4, 5-суткада – 2, 6- жана 7-суткаларда 10 нуска. Бир кармагыта бир суткада кармалган көпөлөктөрдүн орточо саны 1,2 нусканы түзөт. (25:3:7=1,2), башкача айтканда алардын көбөйүп кетүү санынан төмөн. Тегирмен шайтан көпөлөгүнүн мындай санында аларды көп санда кармаа үчүн кошумча кармагычтарды илүүнүн зарылдыгы жок. 2-мисал Көлөмү 3500 м3 болгон дан сакталуучу кампада 5 сигнал берүүчү кармагыч илинген. 7 сутканын ичинде бул кармагычтарда тегирмен шайтан көпөлөгүнүң 110 нуска эркеги кармалган, анын ичинде 1-суткада – 20 нуска, 2-де – 15, 3-дө 17, 4-дө - 19, 5-де – 12, 6- жана 7-суткаларда – 27 нуска кармалган. Бир кармагычта бир суткада кармалган көпөлөктөрдүн орточо саны 3,1 нусканы түзөт (110:5:7=3,1), башкача айтканда алардын көбөйүп кетүү санынан жогору. Тегирмен шайтан көпөлөгүнүн мындай чанында аларды көп санда кармоо үчүн тийиштүү санда кошумча кармагычтарды илүү зарыл. Көпөлөктөрдү көп санда кармоо үчүн кармагычтардын саны орун-жайдын 50-150 м3 көлөмүнө бир феромон кармагыч туура келгендей эсеп менен аныкталат. Кармагычтардын мынадй санын зыянсыздандырылуучу объектте шайтан көпөлөктөрдүн саны толук азайганга чейин, башкача айтканда бир кармагычта кармалган көпөлөктөрдүн саны бир суткадан 2 нускаданашпай калганга чейин сакталат. Мындай санга жетишилгенден кийин орун-жайда сигнал берүүчү кармагычтар көпөлкөктөрдүн кийинки көбөйө башташына чейин калтырылып коюлат (600-700 м3 көлөмгө бир кармагыч эсебинде). Курт-кумурскалар кайра көбөйө баштаганда (бир кармагычта бир суткада экиден көпөлөктүн эркеги кармала баштаганда) аларды көп санда кармоо үчүн зарыл сандагы кошумча кармагычтар илинет (150-200 м3 көлөмгө бир кармагыч). Феромондук кармагычтарды алардын кармоочу (жабышкак) аянтына кармалган копөлөктөрдүн толо башташына жараша (170-200 нуска) алмаштырып турушат. Өндүрүштүк орун-жайларда курт-кумурскалардын саны төмөн болгон учурда кармагычтарды 45 суткадан кийин алмаштырышат, анткени ушул мөөнөттө феромондун жигердүүлүгү жоголот. Пайдаланылган феромондук кармагычтар өрттөө жолу менен жок кылынат. Бул же тигил кармагычта кармалган көпөлөктөр тез көбөйүп кеткенде ошол кармагычтын жанындагы зыянкечтердин булагын (мисалы, үйүлгөн азык д.у.с.) айкындоо зарыл жана механикалык тазалоону жүргүзүп,тикелей фосфордук-органикалык инсектициддер менен локалдык дезинсекциялоону (үстү жагынан иштетүүдөн өткөрүүнү) жүзөгө ашыруу керек. Ишкана жыл сайын жүргүзүлүүчү капиталдык оңдоого токтотулганда да ушундайча иштетүүдөн өткөрүшөт. Жыл бою өндүрүштүк жана көмөкчү орун-жайларынын санитардык абалына ар дайым көз салып турушат, аларда данды кайра иштетүүдөн алынган азыктардын топтолуп кетишине жол берилбейт. Мезгил-мезгили менен машиналарды жана механизмдерди тазалап турушеат, мында аларда азыктар топтолуп калуучу жерлерге (туруп калуучу жерлерге) өзгөчө көңүл бурулат. Зарыл учурларда тикелей инсектициддерн менен локалдык дезинсекциялоо жүргүзүлөт. Ишканалардын аймагын дезинсекциялоо Зыянкечтер табылган учурда дан сакталуучу жайларга, ишканаларга жана башка объекттерге жалгашкан аймактарды зыянсыдандырууну инсектициддерди колдонуу менен кеминде 5 менен аралыктан туруп жүргүзүү зарыл. Дезинфекциялоону 12°Стан төмөн болбогон температурада жүргүзүшөт. Жумшалуучу суюктукту асфальтталган аянттарды иштетүүдөн өткөрүү үчүн чыгымдоонун ченеми 1 м2 аянтка 0,2 л. Асфальтталбаган аянттарды иштетүүдөң өткөрүү үчүн жумшалуучу суюктукту чыгымдоонун ченеми эки эсеге көбөйтүлөт. Иштетүүдөн өткөрүлүүчү аянттан турак-жай имараттарына чейинки аралык 20 метрден кем болбоого, ал эми адамдар ошол учурда иштеп жаткан өндүрүштгк объекттерге чейики аралык 10 метрден кем болбоого тийиш. Иштетүүдөн өткөрүлүп жаткан аянтка чоочун адамда, ү й жаныбарлары кирип кетпешине көз салып туруу зарыл. Дезинсекциялоо боюнча жумуштардын натыйжалуулугуна баа берүү Жүргүзүлгөн жумуштарга баа берүү төмөндөгү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт: - тегирмендерди, акшак жана кургак тоют заводдорун, элеваторлорду, кампаларды жана башка ишканаларды газ менен зыянсыздандырууда – дегазация бүткөндөн кийин бир суткалык мөөнөттө; - данды, унду жана акшакты фосфиндин негизиндеги препараттар менен фумигациялоодо – дегазациялоо бүткөндөн кийин. Башка фумиганттарды колдонгондо – дегазациялоо башталгандан тартып үч суткадан мурда эмес жана 5 суткадан кеч эмес мөөнөттө; - данды тикелей таасир этүүчү инсектициддерди колдонуп нымдуу ыкма менен зыянсыздандырууда – ал бүткөндөн кийин 15-20 күн өткөндө; - орун-жайларды тикелей таасир этүүчү инсектициддерди колдонуп нымдуу ыкма менен зыянсыздандырууда – ал бүткөндөн кийин бир сутка өткөндө. Данды жана азыктарды фумигациялоонун текшерүү үчүн үлгүлөрдү тандап алуу жекече коопсуздук чараларын сактоо менен жүргүзүлөт. Жайларда фосфиндин жыты болгон учурда жана данды алып жатканда ушул жыт пайда болгондо текшерүү үчүн үлгүлөрдү тандап алуунгу противогаз кийип жүргүзүшөт, ал эми кездеме мүшөкчөлөргө салынган үлгү данды ачык жерде, мүшөкчөлөрдөн төкпөстөн туруп фумиганттын жыты кеткече желдетишет. Жүргүзүлгөн жумуштардын сапатын аныктоодо зыянкечтердин болушун иликтөөнү ушул нускаманын 1-бөлүмүндө баяндалган эрежелерди жетекчиликке алуу менен жүргүзүшөт. Эгерде иликтөөдө тирүү зыянкечтер табылбаса, жумуш кабыл алынат жана анын жыйынтыктары белгиленген формадагы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет (инсектициддерди пайдалангандан кийин шал болуп калган курт-кумурскаларды олгөндөрдүн санына кошушат). Эгерде орун-жайды зыянсыздандыруу жүргүзүлгөндөн кийин тирүү зыянкечтер табылса, андай жерлерди кошумча иштетүүдөн өткөрүшөт жана кайталап иликтегенде кийин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт.

ДАН АЗЫКТАР ИШКАНАЛАРЫНДА ОТОО ЧӨПТӨР МЕНЕН КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН ГЕРБИЦИДДЕРДИ КОЛДОНУУ[оңдоо | булагын оңдоо]

Гербициддерди темиржол жолдору ишканаларынын аймактарын, эң оболу тосмолорго жакын участокторду тазалоо үчүн пайдаланышат. Отоо өсүмдүктөрү өсүшүнүн алгачкы фазасында гербициддерге көбүрөөк сезгич келишет. Уталом, пивотом, стомпом топурак гербициддери менен тазалоону 2,4 – Дегазация амин тузу менен кезектештирип тазалоо керек, анткени бул гербециддер отоо чөптөрдүн ар кандай түрлөрүнө таасир көрсөтүшөт. Эки ыл аралыгында аймактын участокторун топурак гербициддери менен бир жолу жана 2,4-Дегазация – амин тузу (ошол эле участокторду) менен эки жолу чачып тазалоону ишке ашырышат. Топурак гербициддери менен тазалоону эрте жазда өсүмдүктөр чыга электе абанын температурасы 8-10°С болгон учурда жүргүзүшөт. Жогорку нымдуулукта тазалоонун натыйжалуулугунун жогоруларын эске алып, гербециддер менен тазалоону жамгырдан кийин же жамгыр учурунда жүргүзгөн жакшы. 2,4-Дегазация амин тузу менен тазалоону аба ырайы кургакта абанын температурасы 16-22°С жүргүзүшөт. Тазалоону бүчүрлөр пайда болгонго чейин өсүп келе жаткан өсүмдүктөргө жүргүзүшөт. Эгерде тазалангандан кийин биринчи үч саатта жамгыр жаап өтсө, анда тазалоону кайталашат. Утал препараты системалык аракеттеги гербицид болуп саналат, б.а. ал бүткүл организмге таасир көрсөтүп, өсүмдүктөрдүн кантамыр системалары боюнча жылып жүрүүгө жанаөндөмдүү. Гербициддер мелүүн жылуу аба ырайында көбүрөөк натыйжалуу (15-25°С). Ысык күндөрү чачууну эртең менен же кечки убактарда жүргүзгөн жакшы. 8-10°С температурасында бул гербициддер отоо чөптөргө начар таасир тийгизишет. Өсүп чыккандан кийин аракет көрсөтүүчү гербициддердин жогорку натыйжалуулугунун маанилүү шарты тазалоодон кийин нымдуулук жок болушу керек, анткени шүүдүрүм жалбырактардагы гербициддин тамчыларын жууп кетет жана алар отоо чөптөргө таасир көрсөткөнгө жетишпей калышат. Көбөйүп келе жатышкан отоо чөптөргө чачууда эң жогорку натыйжал өсүмдүктөрдүн ткандары жана жалбырактары соктуу болуп турган учурда жетишилет. Кургак аба ырайы учурунда отоо чөптөр гербициддерге туруктуу келишет. Аймактарды гербициддер менен тазалоодо чачыраткычтардын ар кандай модификациялары колдонулат. Химиялык тазалоо жумушчу суюктугунун чыгымдалышынын нормасы – 0,1 л/м2 жүргүзүшөт. Чачыраткычтын багына кошула турган гербицид препаратынын керектүү өлчөмүн төмөнкү формула боюнча эсептешет: А = (Б х В)/ Г, мында А – керектүү өлчөмдөгү жумушчу суюктугун алуу үчүн гербицид препаратынын өлчөмү, кг менен; Б – аракет көрсөтүүчү зат боюнча гербициддин чыгымдалышынын нормасы, г/м2 ; В – чачыраткыч бактагы эсептелген суунун өлчөмү, л менен; Г – гербицид препаратындагы аракет көрсөтүүчү заттын өлчөмү, % менен. Гербициддер менен чачууну шамалдын ылдамдыгы 3 м/с ашпаган учурда жүргүзүү керек. Чачуу учурунда химикаттар сактоодогу запастарга жана культуралык өсүмдүктөргө түшүп калышын болтурбоо чараларын колдонуу керек. Аймакты гербициддер менен тазалоо процессинде тазалоо учурунда камсыз кылынышы керект. Гербициддерди ар бир колдонуу менен иштөөнү аяктаган соң чачыраткычтын резервуары жана шлангылары суу менен жуулат, андан соң 0,5%үү сода аралашмасы менен (50 үчүн кальций содасын бир чака жылуу сууга) жууш керек. Андан соң аларды кайрадан суу менен кылдаттык менен жууп жана кургатуу керек.

ЧЫЧКАН СЫМАЛ КЕМИРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН КҮРӨШҮҮ ЧАРАЛАРЫ (ДЕРАТИЗАЦИЯ)[оңдоо | булагын оңдоо]

Кемирүүчүлөрдүн санына изилдөөлөр жана жумуштарды уюштуруу Кемирүүчүлөр менен күрөшүү алдын-алуу чараларынан, кемирүүчүлөрдү механикалык жол менен жак кылуудан жана уулуу заттарды колдонуудан турат. Дератизациялык чаралар калктуу пункттарда, ар канда министрликтер менен ведомстволордун объекттеринде кемирүүчүлөр менен күрөшүүнүн жүзөгө ашыруучу алдын-алуу десинсекция, санитардык-эпидемиологиялык станциялардын бөлүмдөрүндөгү бирдиктүү пландар же макулдашылган план боюнча жүргүзүлүшү керек. Кемирүүчүлөрдүн көбөйүү мезгилдеринде (март-апрелде) жүрөндөр жана даяр продукция сакталган жерлерге күзгү жапырт миграция (октябрь-ноябрь) учурунда айына эки жолу, башка мезгилдерде – айына бир жолу объекттерден чычкан сымал кемирүүчүлөрдү табуу жана алардын жыштыгын тактоо жана алар менен күрөшүү ыкмаларын жана каражаттарын тандоо үчүн изилдөөлөр жгргүзүлөт. Изилдөө учурунда төмөнкүлөрдү сакташат: - жайлардын жана аймактардын техникалык жана санитардык абалы, анткени бул фактор жайлардын чычкандар менен жайгашышында жана алар менен күрөшүүнүн натыйжалуулугунда кыйла ролду ойнойт; - кемирүүчүлөрдүн түрлөрү жана алардын болуу жыштыгы; - жумуштардын жалпы көлөмү жана дератизациялоо ыкмалары, бөлүп чыгаруулары жана үрөндөрдү, каптарды, полдун жана башкалардын бузуу белгилери боюнча жана кемирүүчүлөрдүн кармагычтарга жана капкандарга түшүшү боюнча аныкташат.

18-таблица Кемирүүчүлөрдүн жайгашышынын жыштыгынын шкаласы

Кемирүүчүлөрдүн санын аныктоо үчүн белгилер Жайгашышынын жыштыгын баалоо Ийиндер азыраак. Кемирүүчүлөр изилдөө убагында байкалбайт. Кемирүүлөрү, издери жана бөлүп чыгаруулары сейрек. Аз Ийиндер бир нече. Бөлүп чыгаруулар, издер, кемирүүлөр кездешет. Кемирүүчүлөр бар экендигине даттанышат. Сейрек Ийиндер көп санда. Бөлүп чыгаруулар, кемирген жерлер, бузулган таралар. Изилдөө убагында кемирүүчүлөр көп кездешет. Кемирүүчүлөрдүн бардыгына көптөгөн даттануулар Көп

Издер боюнча кемирүүчүлөрдүн бардыгын аныктоонун негизги жана объективдүү ыкмаларынын бири келемиштер үчүн көлөмг 30х15х2 см жана чычкандар үчүн 15х10х1 см картондон же фанерадан лоток түрүндө контролдук чаңча аянтын колдонуу болуп саналат. Лотокко ун калдыктарын же талькты 1-25мм калыңдыкта чачыпа, үстүн кагаздын бети менен тешилеп, ортосун курулган нандын кесимин кою коюшат. Контролдук аянтчаларды аянты 1000 м2 га чейин болгон жайларда дубалды бойлото ар бир 4-5 мметр сайын, чоң аянттуу жайларда 8-10 метр сайын, ал эми үрөн толтура болгон кампаларда болгон жайларда эшиктин кашектеринде коюп коюшат. Жайгашуунун жыштыгын бир жумадан кийин кемирүүчүлөр келген бардык аянттардын санын издери табылган бөлмөлөрдүн жалпы аянтына бөлүү жолу менен аныкташат.

Кемирүүчүлөрдүн ар бир түрү менен жайгашуусунун жыштыгын баалоо шкаласы

1000 м2 аянтчаларга келүүлөрүнүн саны Жайгашуу жыштыгын баалоо 1ден аз Аз 1-5ке чейин Анча көп эмес 5тен көп эмес Көп Мисал. 10000 м2 аянтта кемирүүчүлөрдүн издери 17 аянтчадан табылган, мында жайгашуу жыштыгы Х түзөт: Х= 10000 м2 / 1000 м2 = 1,7 кемирүүчүлөр келген аянтчалар (анча көп эмес) Контролдук аянтчалардагы жайларда издер табылса, кемирүүчүлөрдүн түрлөрүн жана алардын санын тактоо үчүн бирден келемиш капкан (мисалы, ийилме) же бирден чычкандын капкандарын же кармагычтарды коюшат. Ар бир түрдүн жайгашуу жыштыгын үч күн катары менен кармалган 1000 м2 жайгашкан бөлмөлөрдөгү ошол түрдөгү кемирүүчүлөрдүн жалпы санын алар кармалган бөлмөлөрдүн аянтына бөлүү жолу менен аныкташат.

20-таблица Кемирүүчүлөрдүн жайгашуусунун жыштыгын баалоо шкаласы

1000 м2 кармалган кемирүүчүлөрдүн ар бир түрүнүн саны Жайгашуу жыштыгын баалоо 0,5 тен аз Аз 0,5-1 Аз санда 1ден көп Көп Мисалы Эгерде 10000 м2 аянтта 4 боз келемиш жана 12 үй чычканы кармалсы, анда ар бир түрдүн жайгашуу жыштыгы Х1 жана Х2 түзөт:

Х1= 4 боз келемиш / 10000 м2 = 1000 м2 ка 0,4 боз келемиш (аз);

Х2= 12 үй чычканы / 10000 м2 = 1000 м2ка 1,2 үй чычканы (көп).

Кемирүүчүлөр менен жайгашуу жыштыгын баалоонун жыйынтыгы боюнча нан продуктыларын коргоо боюнча отряддардын (участоктордун) кызматкерлери нан кабыл алуучу жана дан азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын кызматкерлери менен бирдикте кемирүүчүлөрдүн санынын өсүшү же азайышы тууралуу бүтүм жасашат, алар менен күрөшүүнүн ыкмаларын жана каражаттарын жана башка ишчараларын аныкташат. Ишканаларда кемирүүчүлөрдүн жайгашуусун изилдөө боюнча ишчаралар, алардын жайгашуусунун жыштыгын аныктоо, бөлмөлөргө кирип кетишин болтурбоо, объкттердин санитардык абалын кароо, кемирүүчүлөрдү механикалык ыкмалар менен жок кылууну нан кабыл алуучу жана дан азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын жана башка чарбачыл мекемелердин күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырышат. Кемирүүчүлөргө каршы химиялык каражаттар менен күрөшүүнү нан продуктыларын каргоо боюнча экспедициянын адистери гана жүргүзүшөт. Нан кабыл алуучу жана дан азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларда кемирүүчүлөрдү толук жок кылуу үчүн дератизациялоону тынымсыз жүргүзүшөт. Чет жакалардагы ишканаларда кемирүүчүлөрдү жок кылууну ошол ишканалардын билдирмелери боюнча химиялык ыкма менен жүргүзүшөт. Эгерде дератизациялык иштерди ишкананын чектеринде жана ага тутуш аймактарда бир эле маалда бардык бөлмөлөрдө жүргүзүшсө, кыйла натыйжалуу жыйынтыктарды алса болот. Алдын-алуучу ишчаралар Кемирүүчүлөр менен күрөшүүнү алардын жашаган ийиндерин жок кылуу, тамак-ашка жана сууга жетүүлөрүнө тоскоол болуу, дандарды сактоочу жайларга жана ишканаларга келүүлөрүн болтурбоого багытталган алдын-алуучу ишчаралардан башташат. Алдын-алуучу ишчаралар өзүнө санитардык чаралардын комплексин камтыйт. Бул бөлмөлөрдө жана нан кабыл алуучу жайларды жана дан азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын бөлмөлөрдүнго кемирүүчүлөрдүн кирип кетишин болтурбоо боюнча ишчаралар болуп саналат. Ишканалардын аймактарында балчыктар, ачык өрт өчүргөнгө пайдаланылган көлмолөр жана челектер, бузук суу түтүк крандары болбошу керек. Бөлмөлөргө кемирүүчүлөрдүн кирип кетпешин болтурбоо үчүн терезелерди айнектөө жана металлторчолор менен тосуу, электр проводдору, суу түтүктөрү жана канализация түтүктөрү, жылытуучу тармактар киргизилген жерлердеги тешиктерди бетондоо зарыл, полдордо, эшиктерде, кашетерде жана босоголордогу жылчыктарды түздөп, кемирүүчүлөрдүн ийиндерин бүтөө керек. Жок кылуу чаралары Кемирүүчүлөр менен кгрөшүүнүн натыйжалуу ыкмаларынын бири тама-аш жана суюк ууландырылган азыткыларды жана газдык дератизациялоону колдонуучу химиялык ыкма болуп саналат. Механикалык ыкма (кармагыч курал-жарактарынын ар кандай түрлөрүн пайдалануу_ негизинен кошумча каражат катары жана зарыл болгон учурда айрым объекттерде өз алдынча (мисалы, кызматтык бөлмөлөрдө же терең жайгашкан ишканаларда химиялык ыкманы колдонуу мүмкүнчүлүгү чектелген учурларда) колдонулат. Химиялык ыкма Ууланган азыткыларды колдонуу Уулар менен аралаштырылган азыткыларды атайы азыткы салуучу ящиктерге же кемирүүчүлөрдүн ийиндерине салышат. Толтура турган сактоочу жайларга ящиксиз азыткыларды коюуга тыюу салынат. Азыткыларды жаны, бузулбаган, кемирүүчүлөр кызыккан тамак-аш продуктыларынан: жумшартылган дандан, нандан, кебектерден же кургатылган нандын майдасынан, ар кандай ботколордон (сулуу, перловкадан,арпадан, буудайдан), кара буудайдан, буудай же жүгөрүнүн унунан, эт же балыктын калдыктарынын фашынан,жаңы жана бышырлыган жашылчалардан,арпанын же жүгөрүнүн куурулган данынан даярдашат. Кургак продуктылардан жасалган азыткыларга 30-40%ке чейин суу (ууландыруу үчүн узакка аракет берүүчү точкаларга таасир көрсөткөндөрдөн сырткары) же 3-5% өсүмдүк майы кирет. Ууландыруунун узакка таасир берүүчү точкаларына кургак азыткыларды салганда аларга аттрактант катары 10% кумшекер кошушат. Бир нече продуктылардан чогултулган азыткыларды пайдалануу максатка ылайык, мисалы нандан, боткодон азыткыларга 20-30% эт же балык калдыктарынын фаршын кошот. Азыткыларды даярдоо үчүн продуктыларды тандоо кемирүүчүлөрдүн түрдүк курамынан, сакталган продукциянын түрүнө, жыл мезгилине жана ууландыруу үчүн колдонулган ууга жараша болот. Жылдын ысык мезгилинде чийки жашылчаларды жана бакча өсүмдүктөрү (алар өскөн райондордо) же суулуу азыткыларды кеңири колдонушат. Кышында кампаларда жана башка жылытылбаган жайларда азыткылар тоңуп калбашы үчүн нымды аз өлчөмдө кармаган продуктыларды колдонуу керек. Азыткыларды ууландыруу үчүн – родентицид штормду колдонушат. Азыткыларды жакшы шамалдандырылган, тийиштүү жабдуу жана оабдыктар менен жабдылган атайы лабораторияларда же ал үчүн бөлүнгөн бөлмөлөрдө же ачык,коопсуз жерде даярдоо керек. Ууландырылган азыткыларды даярдап бүткөн соң, столдорду, идиш-аяктарды жана башка жабдууларды самындалган ысык суу же 2%түү содо аралашмасы менен жууш керек. Уу кошулгандан кийин азыткыны бышыруу же кууруу жана азыткыларды тез ачуучу продуктылардан (бышырылган жашылчалар, кычкыл ара нан ж.б.) жасоого тыюу салынат. Азыткыларды даярдоо үчүн ууларды же даяр азыткыларды сактоочу идишке, ошондой эле ууланган азыткылрады иштеле турган жерге алып баруучу чемодандардын ички тарабына сөзсүз “уу” деп жазып коюу керек. Мындан тышкары, чемодандардын ички бетине чемодандын ээси болгон адамдын жана мекеменин дарегин көрсөтүү керек. Ным жогору катыштагы азыткыларды (эт жана балык калдыктарынан фарштар, ботколор ж.б.) даярдалган күнү колдонуу керек. Аларды бөлмөлөрдө азыткы коюучу ящиктерге салышат, алардын санын 100-150 м2 полдун аянтына 1 ящик коюлат эсебинен салышат. Ящиктерди бөлмөнүн ички периметрине ар бир 10-12 метр сайын коюшат. Ийиндер табылса, аларга жакшы сакталуучу продуктылардын (дандар, нан, кебек, катырылган нандын күкүмдөү, чемичкенин уруктары, ун, крупалар ж.б.) негизинде даярдалган азыткыларды салышат. Үрөндөр же продукция бар кампаларда полдун ачык аянттарына же ийиндерге азыткы салынган ящиктерди коюшат. Подентицид штормду колдонгондо кемирүүчүлөр өлүмгө алып келүүчү уунун дозасын азыткыны үч-төрт күндүн аралыгында анын кемирүүчүлөр жээр-жебесин текшерүү керек, азыткы желген же бузулган жерлерде аны кошушат же жаңысы менен алмаштырышат. Кемирүүчүлөрдү иш жүзүндө толук жок кылууга жетшүү жана бүткүл ишкананын масштабында жетишилген натыйжаны сактоо үчүн кемирүүүлөр жашаган дээрлик бардык жерлерге уулануунун узакка таасир корсөтүүчү точкаларына салышат. Бул точкаларды кемирүүчүлөр коп келген жерлерге жайгаштырышат: ийиндердин жанына (1 метрде алыс эмес), тараларды бузушкан же алар кемирген нерселердин, экскременттер топтолгон жерлер ж.б. Азыткы ящиктериндеги ууланган азыткылардын саны объекттеги кемирүүчүлөрдүн санына туура келиши керек. Объектти кемирүүчүлөрдөн бошоткондо, уулануунун узакка таасир көрсөтүүчү точкаларына салынган азыткыларды жыйнап салышпайт, бул объектте алардын кайтадан пайда болушунан сактайт. Ууланган азыткыларды колдонуу менен иштер башталганга чейин дератизатор нан кабыл алуучу же данды кайра иштетүүчү ишкананын жетекчиси дайындаган жооптуу адамды адамдар, үй канаттуулары жана жаныбарлар үчүн уулуулугу тууралуу,тийиштүү абайлоо чараларын көрүү зарылдыгын түшүндүрөт, азыткылар коюлган жерлер менен тааныштырат жана ошол адамдын жоопкерчилигине жумушту тапшырып, ал жөнүндө кабыл алуучу-өткөрүүчү актыда дератизациялык иштер жүргүзүлгөндүгү тууралуу жазылып, жооптуу адамдын коюлган мөорү менен тастыкталат. Декада ичинде кемирүүчүлөр жебеген уулуу азыткыларды чогултуп алуу керек (узакка таасир көрсөтүүчү точкалардан сырткары). Чогултулган азыткылардын калдыктарын дератизатор жок кылышы керк. Колдонулбаган азыткыларды жок кылуу дератизация жасалган нан кабыл алуучу, дан-азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлүнүн катшуусунда жүргүзүлөт жана ишти кабыл алуу-өткөрүү актысында белгиленет. Дератизация жүргүзүлгөндөн кийин табылган кемирүүчүлөрдүн өлүктөрү чогултулат жана администрация атайы болгөн ишкананын кызматкерлери жок кылышат. Кемирүүчүлөрдүн өлүктөрүн жок кылууну алгач хлор акиташы же 10 пайыздуу хлор акиташынын кошулмасы менен себелеп туруп, андан соң от жагуучу мештерде өрттөшөт же жерге 0,5 менен тереңдикте көмүү жолу менен жүргүзүшөт. Газ менен дератизациялоо Ийиндерде жана бөлмөлөрдө кемирүүчүлөрдү жок кылуу үчүн ууланган азыткылардан сырткары уулуу газдарды колдонушат. Толтурулган же толтура эмес кампаларды. Элеваторлорду, ишканаларды жана башка объекттерди газ менен дератизациялоо бир эле учурда аларды фосфиндин негизиндеги препараттар менен фумигациялоону жүргүзүү менен ишке ашырылат. Ал эми складдарды дезинсекциялоо талап кылынбаган учурда, бирок келемиштерди тез жок кылуу зарыдыгы келип чыккан учурда газ менен дератизациялоону гана жүргүзүшөт. Дан азыктары жана продукция толтура кампаларды газ менен дератизациялоону нан продуктыларын сактоо ооюнча экспедициянын дарегине жөнөтүлгөн ишканалардын жетекчилигинин арыздары боюнча жүргүзүшөт. Газ менен дератизациялоо үчүн фосфинди колдонушат. Газ менен дератизациялоону баштаганга чейин кампаларды фумигациялоо үчүн каралган кампаларды герметизациялоону жана башка ишчараларды жүргүзүшөт. Толтура кампаларда газ менен дератизациялоону жүргүзгөн учурда фумиганттардын дандарга же продукцияга түшүп калуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоогоочаралар көрүлүшү керек. 1 м3 бөлмөдө фосфиндин нормасынын чыгымдалышы 1 г ды түзөт, 1 ийинге – 5 г’ды түзөт, андан соң ар бир ийинди толтурушат. 1 суткага коюп коюшат. Экспозиция аяктаган сон бөлмөнү шамалдатуу менен газду чыгарышып, продукция менен дандын дегазациялоонун толук өлчөмдө болгонунун Механикалык ыкма Келемиштер менен чычкандарды жок кылуунун механикалык ыкмасын колдонууда бөлмөлөрдүн дубалын бойлото жана бурчтарда коюла турган кармагычтарды, верштерди, капкандарды жана кармоонун башка каражаттарын колдонушат. Кармагычтарда жана капкандарга салынган өсүмдүк майы кошулган нан, ошондой эле куурулган эт жана балык калдыктары жакшы азыткылар болуп саналат. Кармагычтарды, капкандарды жана кармоонун башка каражаттарын бузбай жана тазалыкта кармоо керек, щетка менен сүртүп кайнак суу менен жууп, андан соң кургатып, өсүмдүк майы же малдын майы менен кармагычтар жана капкандардын металл бөлүктөрүн сүртүп коюу керек. Коюлган капкан, кармагычтарды жана верштерди эртең менен ар дайым текшеришет. Кармалган кемирүүчүлөрдү өлтүрүү үчүн аларды кармагычтар менен бир нече минутага резина же жакшы тигилген кленка мешокко салып коюшат да, ага 50 г 25 %түү нашатырь спиртин куюшуп, бекем байлап коюшат. Коомдук жана өздүк оопсуздук чаралары Жалпы жоболор Нан азыктарынын зыянкечтер менен күрөшүүдө колдонулган химиялык каражаттардын бардыгы бул же тигил катышында адам үчүн белгилүү – бир коркунучту туудурат. Алардын (фумиганттардын) кай бири организмге де менен алуу жолдору аркылуу кирип, курт-кумурскаларга жана кенелерге ууландыруу үчүн талап кылынгандан кыйла аз концентрацияда уулануу чакырат. Башкалары терини күйгүзүп же кабылдатып жибериши мүмкүн.алардын бардыгы өз-өзүнчө алганда организмге атайын таасир көрсөтөт, андыктан коргонуу каражаттары алардын атайын таасирлерин эске алуу менен мштелип чыккан. Организмге таасир көрсөтүүлөрү боюнча пестициддер төрт коркунучтуулук классына бөлүнөт: 1 - өзгөчө коркунучтуу; 2 - өтө коркунучтуу; 3 – орточо коркунучтуу; 4 – аз коркунучтуу. Пестициддердин коркунучтуулук классы алардын нормаларына жана көрсөткүчтөрүнө жараша (чогулуш чегине уруксат берүүчү концентрация ПДК – жумушчу зонасынын абасында зындуу заттардык мүмкүн болгон чегине жеткен концетрация мг/м3) өсот. Сырткы чөйрөнүн объекттеринде туруктуу сакталышы боюнча пестициддер абдан туруктуу (токсиндүү эмес компоненттерге 2 жылдан ашык убакытта ажырайт), туруктуу (0,5-2 жыл), орточо туруктуу (1-6 ай), туруктуу эмес (1 ай). Дезинсекция, дегазация, дератизация, уулуу азыткыларыд даярдоо, ташуу, сактоо, уулуу заттарды берүү, уу химикаттар менен булганган жекече коргонуу каражаттарды, дезинсекциялык машиналарды, унаа каражаттарын, тараларды, уу химикаттар төгүлгөн жерлерди тазалоо юонча бардык иштер, ошондой эле жарамсыз болуп калган уулуу заттарды жок кылуу колдонуудагы коопсуздук техникасынын эрежелери жана нан запастарынын зыянкечтери күрөшүү үчүн колдонулган уу химикаттарын кабыл алуу, берүү, ташуу жана сактоо тартиби тууралуу инструкцияга ылайык жүзөгө ашырылат. Иштерди жүргүзүүгө медициналык кароодон өткөн жана оң бүтүм алышкан, уу заттар менен иштөөгө атайын окуудан өтүшкөн, алардын касиеттерин жакшы билишкен, коргонуу каражаттары жана атайын жабдыктар менен колдонууну билген,ошондой эле ууланганда биринчи жардамды көрсөтө алышкан 18 жаштан жогору курактагы адамдарга уруксат берилет. Нан продуктыларын коргоого кызматкерлерди окутуу жылына 1жолудан кем эмес өткорүлүүчү атайын курстарда, семинарларда ишке ашырылат. Ар бир окутулган предмет боюнча экзаменациялык комиссиянын мүчөлөрү кол тамгасын коюшкан экзамен баракчасы толтурулат. Курсту аяктаган же семинарларда окутуудан өткөн адамдарга уу химикаттары менен иштөөүо жана уу химикаттар иштөөүо жетекчилик кылууга уруксатка укук берүүчү күбөлүк тапшырылат. Анын бардыгы күбөлүктүн колдонуу мөөнөтгн көрсөтүү менен ишкананын жарлыгы менен таризделет. Уу химикаттары менен иштөөго кош бойлуу аялдар, эмчек эмизген энелер, тери кабыкчасында ачык жабыркаган жерлери бар, ошондой эле врачтын бүтүмү боюнча бул иштерди аткарууга каршы көрсөтмөлөрү бар адамдарга жол берилбейт. Дезинсекциялык иштердин жетекчиси фумигациялоого дуушарлана турган объектти изилдөөлөрдүн маалыматтарынын негизинде объекттин жетекчиси да кол тамгасын кое турган алдын-алуу изилдөө актысына объект аткара турган коомдук коопсуздук чараларын камсыз кылуу боюнча ишчаралардын так тизмесин кошо киргизет. Коомдук коопсуздук чараларын камсыз кылууга дезинсекциялоык иштердин жетекчиси жана дезинсекциялые иштер жүргүзүлүп жаткан объекттин жетекчиси жооп берет. Фосфиндин негизиндеги препараттардык олдонуу менен фумигация иштери жүргүзүло турган олъеттердин, элеваторлордун (бош же дан менен кошо), ун, акшак жана комбинирленген тоюттарды чыгаруу заводдорунун жана цехтеринин, жүгөрүнүн сорттук жана гибриддик үрөндөрүн тазалоо боюнча заводдорунун жана башка ири ишканалардын жетекчилер фумигациялоону жүрүзүүнү баштаганга чейин бул иштер туурасында саламаттыкты сактоонун райондук бөлүмүнө билдирүүгө милдеттүү. Алардын көрсөтмөсү боюнча объектке иштерди жүргүзүү мезгилинде медициналык жардам көрсөтүү үчүн тийиштүү дарылоо мекемеси бекитилет. Ар бир иш башталаардан 2 суткадан кем эмес күн убакытта тапшырыла турган объекттин жетекчисинин билдирмеси боюнча дарылоо мекемеси фумигациялоо, экспозиция жана дегазациялоонун бүткүл мегили учуруна ишканада же элватордо терапевт-врачтын жана бирже эки мээрмандын күн-түн нөөмөтүн камсыз кылат. Медициналык кызматкерлер кеблей калганда же аларда жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон каражаттар жок болсо дезинсекциялык иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Дезинсекциялык иштердин жетекчиси медициналык кызматкерлерди противогаздар менен камсызкылууга милдеттүү. 1. дезинсекцияны жүргүзүү учурундагы коопсуздук чаралары Дезинсекциялык иштердин бардык түрлөрүндө бөтөн адамдардын болуусуна тыюу салынат. Фумигациялоону ишеничтүү герметизациялоону, ошондой эле газдын жетишерлик кирбешин камсыз кылган синтетикалык пленкалардан же брезенттерден жабууну камсыз кылууга мүмкүн болгон техникалык өзгөчөлүктөгү жайларда гана өткөрүүгө уруксат берилет. Фосфинди колдонуу менен иштер объект өндүрүштүк жайлардын, кызматтык курулуш жайларынан жана эксплуатациядагы темир жолдордон 30 метрден жакын эмес, ал эми турак-жайлардан – 50 метрден кем эмес алыс болгондо гана жол берилет. Объект бул талаптарга туура келбеген учурларда, комиссия саламаттыкты сактоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жергиликтүү шарттарга жараша жогоруда айтылгандан азыраак аралыкта деле фумигациялоону жүргүзүүнү ошол жерде аныкталган сактануунун кошумча чараларын аткаруу менен жана адамдар менен үй жаныбарларынын толук коопсуздугуна кепилдикте уруксат бере алат. Зарыл болгон учурда фумигациялоонун бүткүл учуруна коркунучтуу зонадан адамдан менен жаныбарларды көчүрүү чараларын кабыл алышат. Объекттин администрациясы коргонуу зонасын жип менен тосууну камсыз кылууга милдеттүү (же башка ар кандай кошумча каражаттар) жана тазалоого жаткан объекттердин чектеринде жана сырткы эшиктеринде коркунучтуу эскертүүчү жазууларды илип коюлары керек, ошондой эле фумигациялана турган объекттер иш башталгандан тартып, дегазация аяктаганга чейин күн-түнү кайтарылууга тийиш. Нөөмөт объекти объектти коргонуу зонасын бойлот, анын чектеринен чыкпастан көзөмөлдүк жасайт. Дезинсекциялык иштердин жетекчиси нөөмөттү милдеттери, ошондой эле коопсуздук чаралары тууралуу ыраттуу инструкция бериши керек,ошондой эле текшерүүдөн өткөн противогаздар менен камсыз кылат. Ишкананын (мекеменин) техника коопсуздугу журналына өткөрүлгөн инструктаж жөнүндө жазуу жазылып, нөөмөт кызматкерлеринин аны тастыктаган кол тамгасы коюлат. Фумигациялоо башталганга чейин фумигациялоо боюнча ишктерге катышкан бардык адамдар объекттен жана коргонуу зонасынан чыгарылышы керек. Цехтерден (участоктордон) адамдардын чыгарылышы үчүн цехтин (участоктун) начальниктери, ал эми жалпы объект боюнча –ишкананын жетекчиси жооп беришет. Фумигациялоо боюнча иштерге тиешеси жок адмадрды коргонуу зонасына дегазация бүткөнгө чейин киргизүүгө тыюу салынат. Фосфиндин негизиндеги препараттарды колдонуу менен фумигация иштери жүргүзүлөт турган элеваторлордо (бош же дан менен кошо), ун, акшак жана комбинерленген тоюттарды чыгаруу заводдорунда жана цехтеринде, жүгөрүнүн сотррук жана гибриддик үрөндөрүн тазалоо боюнча заводдорунда жана башка ири ишканаларда препаратты себүү, белгилүү бир убакытка дейре кармоо жана дегазация учурунда графикке ылайык фумигация жүргүзүшкөн кызматкерлердин күн-түнү нөөмөтүн коюшат. Нөөмөтчү индикатор горелкаларынын жана түтүкчөлөрүнүн жардамы менен санитардык-коргонуу зонасынын жана анын чегарасынын чектеринде абанын чөйрөсүно системалыцк түрдө көзөмөлдү ишке ашырууга милдуттүү, зарылчылык келип чыккан учурларда фумиганттар чыгып жаткан жерлер табылганда герметизациялоо боюнча чараларды же фумиганттардын коргонуу зонасынын чектеринен тышкары таралышын болтурбоо үчүн дегазация учурунда бөлмөлөрдү шамалдатуунун интенсивдүүлүгүн кыскартуу обоюнча чараларды кабыл алышы керек. Тара бозасында, жумшак тара фабрикаларында, тара оңдоо мастерскойлорунда, нан кабыл алуучу жана үрөндү кайра иштетүүчү ишканаларда уу заттар менен дезинсекциялоочу дезинсекциялык камералар атайын,абдан ишенчиликтүү бекемделген, табигый шамалдатуу жакшы бөлмөлөрдө жабдылышы керек. Тараны фумигациялоо, экспозициясы жана дегазация иштери учурунда, дезкамера бөлмөлөрүнө бөтөн адамдар киргизилбеши керек. Объекттин администрациясы камерада кызматкерлердин бүткүл иштөө мезгилине дезинсекциялыкиштердин жетекчиси атайын үйрөткөн нөөмөтчүнү коюуга жана текшерилген противогаздар жана индикатор горелкалары менен жабдууга милдеттүү. Дезкамералардын эшигине коркунучтуу эскертүүчү жауулар жазылышы керек. Дезинсекция, дератизация, кабыл алуу, уу заттарды кое берүү, ошондой эле жарабай калган уу заттарды жок кылуу боюнча иштерди жүргүзүү күндүзгү убакытта, бүтөөрүнө саат 17 ден кем эмес эсебинде жүргүзүүгө уруксат берилет. Фумигацялоо аяктаган соң жетекчи тазалана турган бөлмөлөрдүн сырткы эшиктери илгичтерге, шпингалеттерге жабылганбы жана аларда эскертүүчү жазуулар бар экендигин текшерүүсү керек. Ун чыгаруучу, акшак чыгаруучу жана башка ишканаларды дегазациялоо эртен менен – 12ден кеч эмес убакытта жүргүзүү керек. Фосфиндин негизиндеги препараттарды колдонууда төмөнкү өрткө каршы коопсуздуктун чараларын аткаруу керек: - фумигациялоо мезгилинде, экспозиция убактысын кармоодо жана дегазациянын биринчи суткасында фумигациялануучу кампанын күч жана жарык электр линияларын өчүрүп салышат; - фумигациялануучу кампадан 20 м аралыктагы күч, жарык, сигналдык жана телефон зымдары экспозициянынбиринчи суткаларында өчүрүлөт; - коргоо зонасынын чектеринде от жагуу, ширенке чагуу жана тамеки чегүүгө тыюу салынат, иштердин бардык катышуучуларынын ширенкелери жана башка күйүүчү, жарык берүүчү приборлору алынып салынат; - бөлмөлөрдө жылытуучу предметтер, нымдуу таралар, өзүнөн-өзү күйүүчү заттар, ошондой эле жылыткычтар иштеп турганда жана жасалма жарыктандыруу болсо иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат; - калориферлерди колдонууда фумигациялана турган бөлмөлөрдөн аппаратты 20 м алыстыкта жайгаштырышат жана кошуучу муфтылардын жардамы менен аппараттан кеткен газ түтүктөрүн узартышат; - аппараттын жана газ бөлүштүрүүчү системанын түйүндөрүндөгү бардык биригүүлөрдү газаба аралашмасынын учуп кетишин толугу менен болтурбоо үчүн кылдаттык менен текшеришет; - фумигантты киргизген соң кампанын эшигин герметизациялай турган май менен майлашат, мыктар менен эшиктерди кагууга тыюу салынат; - катышуучулардын бут кийими темир мыктарсыз жана таклары урулбаган болушу керек. Өрт келип чыккан учурда фосфиндин негизиндеги өрттөнгөн препараттарды кампада дайыма даярдыкта кармашкан кум менен, ошондой эле ОУ-2, ОУ-5 жана ОУ-9 тибиндеги көмүркычкылдуу өрт өчүргүчтөр менен өчүрүшөт. Өрттү суу жана көбүктүү өрт өчүрүүчүлөр менен өчүрүүгө тыюу салынат. Үрөндү контакттык аракеттеги инсектицид менен тазалоодо тазалоочу жерди 2,5 радиуска дейре форсункалардан тосуу керек жана тосулган зонага дезинсекцияга катышпаган адамдарды киргизбөө керек. Бөлмөлөрдөн сырткары чачыратуу жумуштарын шамалдын ылдамдыгы 3 м/с ашпаганда уруксат беришет. Фумигацияланууга дуушарланышкан бардык объекттер алар эксплуатацияланууга берилгенге дейре толук дегазациядан өтүшү керек. Ири объекттерди дегазациялоо учурунда бир эле маалда атмосферага газдын чоң көлөмү кетпешин алдын-алуу үчүн бөлмөлөрдү шамалдатууну акырындык менен жүргүзүү керек. Дегазация процессинде аба катмарынын коргоо зонасынын чектеринен сырткары фумиганттын таралышын болтурбоо үчүн андагы абанын абалына контролдук жүргүзүү керек. Фосфиндин негизиндеги препараттардын ажыроо калдыктарын жана ал сакталган тараларды жок кылууну төмөндөгүдөй жол менен жүргүзүшөт. Препараттардан бошогон бардык тараны (калий челектер, алюминий флягалар, алюминий капсулалар, жапкычтар,алардын пробкалары, газды сактоочу капчалар) тазалоо бүтөөр замат чогултулуп,тийиштүү түрдө таңгакталып, уу химикаттар үчүн кампага жанаөнөтүлүп, ал жерде тазалоо үчүн (CuSO4) 1 %түү жез купоросун куюп коюшат. Бир суткадан кийин аралашманы канализацияга төгүп салышат, ал эми металл тарасын металлоломго өткөрүшөт. Гранула жана таблеткалардын ажыраган калдыктарын 1-5%түү жез купоросунун аралашмасы куюлган идишке салышып, аны бир суткадан кийин канализацияга төгүп салышат. Препараттын ленталарынын жана плиткаларынын калдыктарын бычак же кайчы менен кылдаттык менен кесишип, анын ичиндегини 1-5%түү жез купоросунун аралашмасына куюшат, кабыкчасын өрттөп салышат же болбосо атайын бөлүнгөн жерде бүтүн бойдон көмүп салышат. Фосфорорганикалык пестициддерди тазалоону 3-5%түү сода аралашмасы менен жүргүзүшөт. Ал үчүн 0,3-0,5 кг кальций водасын же кир жуучу порошокту 10 литр сууга эритишет. Бул аралашманы фосфорорганикалык пестициддер төгүлгөң жерлерге куюшат. Фумигацияланууга дуушарланган элеваторлорду, кампаларды жана башка жайларды эксплуатациялоого киргизүү, ошондой эле аталган жайларга адамадарды киргизүүгө курамында жалпы ишкана боюнча фумигациялоону жүргүзүүдө коопсуздук чараларын сактоо үчүн жооптуу адамдардан, дезинсекциялык иштердин жетекчисинен, фумигациялоо жүргүзүлгөн участокко жооптуу адамдан, ишкананын ПТЛнын өкүлүнөн турган атайы комиссиянын бүтүмү боюнча гана уруксат берилет. Ун чыгаруучу заводдордун, элеваторлордун, акшак жана тоют даярдоочу заводдорду ишке киргзүүдө комиссиянын курамына санитардык өзөмөлдүн өкүлүн сөзсүз кошуу керек. Комиссиянын чечими акт менен таризделет, анда дезинсекциялоонун мөөнөтү, башталган жана аяктаган убактысы, экспозициянын узактыгы жана умиганттын жоктугун тастыктаган дегазациялоонун толуктугунун акыркы текшерүүсүнүң убактысы көрсөтүлөт. Фосфиндин негизиндеги препараттар менен тазалоого дуушарланган объекттерди өткөрүүдө, актыда фумиганттын калган калдыгына абанын химиялык анализинин жыйынтыктары көрсөтүлөт. Фосфиндин концентрациясы 0,1 мг/м3 керек. Газдык тазалоого дуушарланган дандарды жана продукцияны андагы фумиганттын жыты толук кетмейинче жылдырууга тыюу салынат. Фумигациялоодон соң каптар менен брезенттерди алдын-ала дегазациясыз которууга же эксплуатацияга берүүгө тыюу салынат. 2. Дератизация жүргүзүүдө коопсуздук чаралары Ууланган азыткыларды даярдоодо жана дератизациялоону жүргүзүүдө төмөнкү эрежелер аткарылышы керек: - ууланган азыткыларды жакшы шамладанган бөлмөлөрдө же шамалдын ылдамдыгы 3 м/с ашпаган учурда ачык абада даярдоо зарыл; - ууланган азыткыларды даярдоочу бөлмө тартуучу шкаф, атайын жабдыктар, үстү оңой сүрүлө турган стол жана кол жуугуч менен жабдылышы керек. Бул бөлмөлөргө бөтөн адамдарга кирүггө тыюу салынат; - ууланган азыткыларды даярдоо жана колдонуу процессинде бөтөн адамдардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга , ошондой эле ууланган азыткыларды же ууларды кимдир-бирөөлөрдүн колуна берүүгө тыюу салынат; - бөлмөлөрдө ууланган азыткыларды түздөн-түз полго, кагаздарга колдонууга тыюу салынат; - жашаган бөлмөлөрдө ууларды, ууланган азыткыларды жана күндүн аралыгында пайдаланылбаган азыткыларды жана алар сакталган тараны химикаттар сакталуучу складга кайтарылышы керек. Айрым гана учурларда колдонулабаган азыткыларды кулпу менен кулпуланган жана пломбаланган жашабаган айрым бөлмөлөрдө калтырууга уруксат берилет; - чычкан сымал кемирүүчүлөрдү чогултууда жана жок кылууда кызматкерлер резина колкаптарын кийип жана кыпчуурларды колдонуулары керек; - газдык дератизациялоодо фумигация үчүн каралагна бардык коопсуздук чаралар сакталышы керек. 3. Гербициддер менен иштөөдө коопсуздук чаралары Гербициддер менен иштөөдо аталган жободо уу химикаттарын колдонууда сунуш кылынган коопсуздук техникасынын жалпы эрежелери сакталышы керек, анын үстүнө гербициддердин техникалык препараттары терини, былжырлуу кабыкчаны жана көздү дүүлүктүрүүчү ар кандай уу аралашмаларды кармашы мүмкүн. Гербициддер менен тазаланган участоктордо убактылуу сактоо зарылчылгы келип чыккан учурда, алар жыгач же пленка жабуу менен жабдылышы керек. Бул жабууларсыз гербициддер менен тазаланган участоктордо данды убактылуу сактоого тыюу салынат. 4. Феромондуу кармагычтарды колдонууда коопсуздук чаралары Феромондуу кармагычтарды шайтан көпөлөктөр менен күрөшүү үчүн колдонууда энтомологоиялык клейди жана феромонду беттин, колдун терисине жана кийимге тийип кетүүлөрүн болтурбоо керек. Клей жана феромон беттин, колдун терисине жана кийимге тийип калса, аларды өсүдмүк майында же бензинге матрылган таза чүпүрөк же вата менен тазалоо керек, андан соң алардын үстүн сүртүп, андан соң самындуу суу менен жууп коюу керек. 5. Өздүк коопсуздук чаралары, коргонуу каражаттары, атайын кийимдер, атайын тамактануу Дезинсекциялоо, дегазацияло, дератизациялоо боюнча иштерге, аймакты гербициддер менен тазалоого же уулуу заттарды кабыл алуу, берүү, сактоо, ташуу, ошондой эле жарабай калган уулуу заттарды зыянсыздандыруу жана жок кылууга катышкан адамдар атайын коргоочу кийимдер жана бут кийимдер менен камсыз кылынууга тийиш (кислотадан коргонуу г сиңирилген пахтанын буласынан костюм же комбинезон, ич кийим, резина өтүк, резина колкап, колкап, этекке тарткыч). Жылдан муздак мезгилинде адаттагы атйын кийимден сырткары куртка, пахтанын буласынан шым, резина өтүк, жылуулуанган негиздеги колкап берилет. Фумиганттар менен иштөөдө дезинсекциялоого катышкан адамдарды баштарынын размерлерине жараша туура келген шлемдүү противогаздар, нымдуу дезинсекция каражаттары менен иштөөдө - сактоочу көзайнектер жана респираторлор, ошондой эле резина же полихлорфинилдүү этек тарткычтар, жеңкап, капюшондор менен касыз кылуу керек. Ууланган азыткылар менен иштөөдө кызматкерлерди пахтанын буласынан даярдалган халаттар, резина колкаптар жана респираторлор менен камсыз кылуу керек. Коргоочу атайын кийим, атайын бут кийим жана атайын ич кийим нан продуктыларын коргоо боюнча өндүрүштүк участоктордун жабдыктары болуп саналат жана ар бир иштеген кызматкерге жекече бекитилип берилет. Иштердин жетекчиси аталган коргонуу каражаттары түздөн-түз иштер башталардын алдында кийилип, иштер бүтөр соң чечилишине көз салууга милдеттүү. Атайын кийимдерди атайын бөлүнгөн бөлмөдө химикаттардан бөлөк сакташат. Фумигациялоо иштери аяктаган соң аны аткарууга катышкан адамдар фумигацияланган жайдан чыгып жатканда 5-10 минутанын аралыгынад противогазадрын чечпестен, абада шамал соккон участокто атайын кийимди шамалдатуу максатында туруп турушу керек. Анадн соң атайын кийимди жакшы шамалданган бөлмөдө чечип жана дегазациялоо жана кургатуу үчүн ачык абада же бастыраманын алдында аба жакшы согушу үчүн түздөп, тартып илип коюшат. Аба бүркөө күндөрү иштер жүргүзүлгөн ишканада атайын кийимди дегазациялоо үчүн жакшы шамалданган бөлмө, ал эми жылдын муздак мезгилинде жылуу бөлмө бөлүнүшү керек. Дегазацияланбаган кийимди жана бут кийимди кошо алып жүрүүгө тыюу салынат. Фумиганттар менен иштөөдө кийимди бир сааттан кем эмес шамалдатышат, атайын кийимди дегазациялоо аяктаганын жытынын жоктугу боюнча аныкташат. Контакттуу препараттар менен иштеген соң атайын кийимди төмөнкү ыраттуулукта чечүү керек: колкап кийилгено колду зыянсыздандыруучу аралашма (1 чака сууга 0,5г кальций содасы)менен жууп, андан соң суу менен жуугандан кийин коргоочу көзайнекти жана респираторду, өтүктү жана комбинизонду чечүү керек. Көзайнек менен респираторду сыртынан ошол эле аралашма менен сүртүп, андан соң колкапты чечип салышат. Колду нашатырь спиртинин аралашмасы (5 л сууга 25 мл) менен жууш керек. Атайын кийимди зыянсыздандырууну жана жууганды ишкана өзүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзөт. Атайын кийимди кирдегенине жараша жуушат, бирок эки жумада бир жолудан кем эмес. Атайын ичкичмди төрт жолу колдонгондон кийин жуушат. Атайын кийимди үй шартында жууганга тыюу салынат. Атайын кийимди кир жуугуч машиналарда жүргүзүшөт. Фосфорорганикалык жана пиретроиддик кошулмалар менен булганган атайынкийимди 2-3 жолу алмаштырлыган самын-содалуу аралашмада жуушат. Резинадан жана пленка менен жабылган ткандан жасалган буюмдарды күнүгө кальций содасынын 3-5%түү аралашмасы же хлор акиташынын сүтг менен жуугандан кийин таза суу менен жууп салышат. Резина өтүгң жана колкапты андан сырткары хлор акиташынын боткосу менен тазалашат. Противогаздардын жана респираторлордун резиналанган бет бөлүктөрү иштегенден кийин күнүгө самынды колдонуп, жылуу суу менен кылдаттык менен жуулат жана этил спиртине (противогаз үчүн – 5 мл, респиртаор үчүн – 4 мл эсеби менен) же 0,5%түү марганц кычкыл калийдин аралашмасына чылынган пахтанын тампону менен сүртүлөт. Дезинфекциялоодон соң бет жактарын кайрадан таза суу менен жууп жана кургатуу керек. Толук дегазацияланбаган коргонуу каражаттарын колдонууга тыюу салынат. Коргонуу каражаттарын тазаолоо же жуу тапшырылган кызматкерлер оиштерди жүргүзүүдө коопсуздук чаралары жөнүндө инстукция алышат. Уулуу заттарды колдонуу менен байланышкан иштерди жүргүзгөн жерден алыс эмес аралыкта жылуу жана самын менен кол жуугу,ошондой эле атайын ичкийим, атайын кийимдин, атайын буткийимдин кошумча комплекттери, противогаздар жана респираторлор болушу керек. Уулуу заттарды колдонуу менен иштер аяктаган соң кызматкерлер душ кабыл алышып же ысык суу менен жуунуулары керек. Ишкананын администрациясы кызматкерлерге душ же мончо берүүгө милдтеттүү, ал эми жок болгон учурда бөлмө бөлүп жана жылуу суу менен камсыз кылышы керек. Дезинсекциялоо, дегазациялоо жана дератизациялоо боюнча иштерди жүргүзгөн, ошондой эле уулуу химикаттарды кабыл алуу, кое берүү, сактоо жана ташуу, жарабай калган уулуу химикаттарды тазалоо жана жок кылууга катышкан бардык кызматкерлерге бир адамга айына 400 г эсебинде кир самын, ошондой эле колдонуудагы ченемдер боюнча сүлгүр берилиши керек. Дезинсекциялоо, дератизациялоо, жарабай калган уу химикаттарын зыянсыздандырууга жана жок кылууга, уу химикаттарына анализ жүргүзгөн, ошондой эле уулуу химикаттарды кабыл алуу, кое берүү, сактоо жана ташуу иштерин жүргүзүүгө катышкан бардык кызматкерлерге атайын тамактануу – күнүно бир адамга 0,5 л сүт берилет. Коргонуу каражаттарын жана атайын кийимди,ошондой эле атайын тамактанууну жана самынды админстрация кызматкерлерге бекер берүүгө милдеттүү. Ар бир отряд дары-дармектер жана каражаттардын топтому жана ууланган учурда жабыркагандарга биринчи жардамды көрсөтүү үчүн каражаттар менен камсыз болушу керек. Фосфиндин негизиндеги препараттар менен иштөөдө “М”, “Е” же “БКФ” маркасындагы коробкалуу противогаздарды колдонушат. Противогаздын ар бир коробкасына белгиленген форма боюнча паспорт түзүшөт. Колдонуунун башталышында противогаздуу противогаз коробкасы таразаланат жана бардык маалыматтар анын паспаортуна жазылат. Иштер аяктган соң коробка кайрадан таразаланат – анын салмагы 35 г көбөйсө, бул противогаздык коробка заңысына алмаштырылат. Баштын размерлери боюнча кылдаттык менен тандалган шлемдүү противогазадар ар бир кызматкерге жекече бекитилип берилет. Иш башталар алдында ар бир кызматкер ага берлиген противогаздын бузук эместигин текшерүүгө милдеттүү. Противогаздык коробканын корпусунун сыныктары жана урунулган жерлери болбошу керек,коробканы силкилдеткенде аны толтуруп турган шихта ары-бери жылып турбашы керек. Клапандуу коробка дем алуучу, дем чыгаруучу жана сактоочу (экинчи дем чыгаруучу) клапандар менен жабдылгандыгын текшерип көрүү зарыл. Противогаздын бөлүктөрүн карап чыккан соң,чогултулгандан кийин да текшерилет. Бул үчүн противогаздын маскасын кийишет жана противогаз коробкасынын түбүндөгү тешикти резина пробкасы менен жабышат. Эгерде мында дем алуу мүмкүн болбосо (масканын алдына аба кирбесе) – противогаз оң. Аба масканын алдына кирген соң, противогаздын ар бир бөлүкчөсүнүн жарактуу экендигин текшеришет (коробканы бурап чыгарышат жана гофрирленген түтүктгн аяк жагын кол менен жабышат). Бөлүкчөлөрүнүн бири бузук болсо – аны алмаштырышат. Дезинсекциялоо иштеринин жетекчиси ар бир кызматкер иш башталар алдында ага бекитилип берилген противогаздын бузук эместигин текшерип алышына көз салууга милдеттүү. Противогаздар фумигациялоо боюнчаиштер жүргүзүлө турган бөлмөгө кире бериште же фумигацилоанган объекттин алдындагы коргонуу зонасында кийилиши керек. Фумигацияланган бөлмөлөрдө же коргонуу зонасынын чектеринде кыска мөөнөткө болсо да противогазсыз жүрүүгө таптакыр тыюу салынат. Нымдуу дезинсекциялоо боюнча жана ууланган азыткылар ом иштөө “А” же “В” маркасындагы патрондору менен РУ-60 маркасындагы респираторлорду кийүү менен жүргүзүлөт. Аэрозолдуу дезинсекцияло боюнча иштер аэрозоль фильтрлери менен “А” маркасындагы патрондуу РУ-60м маркасындагы респриторлор менен жүргүзүшөт, РУ-71 чечилүүчү аэрозоль фильтрлери же аэрозолдуу фильтрлүү (ак вертикалдуу чийини бар күрөң түстө) “А” маркасындагы коробкалуу өндүрүштүк фильтрлүү противогаздарда жүргүзүшөт. Уулуу заттар менен иштеген убакта тамеки чегүүгө, ичүүгө, тамактанууга таптакыр тыюу салынат. Күчтүү аракеттеги жана жогорку токсиндүү препараттар менен иштерди аткарууда жумушчу күндүн жалпы узактыгы (тыныгууларды кошкондо) – 4 саат (уу химикаттар менен байланышпаган иштерде 2 саатты сөзсүз кошуп иштөө менен),башкалары менен – 6 саат. Фосфиндин негизиндеги препараттар менен иштөөдо фумигацияланган бөлмөдө кызматкерлер тыныгуусу 45 мүнөттөн ашык жүрбөшү керек. Бул убакыт өткөн соң иштен таза абага чыгып, 15 мүнөт тыныгуу жасаш керек, андан ишти улантса болот. Дезинсекциялык иштерди жүргүзүүдө катышуучулардын санын иштин көлөмүно жараша аныкташат, фумигациялоонун бардык түрлөрүн жана бул максаттарда колдонулагн уулуу заттар менен иштөөгө байланышкан бардык жумуштарда (дератизациялоодон сырткары) ар бир участокто бир эле маалда эки адамдан кем эмес кызматкер иштеши керек. Уу химикаттары менен иштөөгө киргизилген адамдар иш сезону башталганга чейин жылына врачтык кароодон өтүүлөрү керек. Уу химикаттарын колдонуу менен байланышкан жумуштарга кирген адамдарды медициналык кароодон өткөрүүдө жана кесиптик оорулардын алдын-алуу максатында жылына өткөрүлүүчү мезгилдик кароолордо терапевт, стоматолог, невропатологдун катышуусу зарыл, андан тышкары окулисттин, оталарингологдун, дерматовенерологдун, гинекологдун жана эндокринологдун көрсөтүүлөрү керек. Ууланган, ал тургай жеңил формада ууланган адамдарга толук айыкмайынча жана аталган жана ушуга окшош аракеттеги мүнөздөгү заттар менен кайрадан иштөөгө мүмкүн экендиги тууралуу врачтык бүтүм алмайынча уулуу заттар менен иштөөгө жол берилбейт. Үрөндү сактоо жана кайра иштетүү ишканалардагы тармактык коопсуздук техникасынын жана өндүрүштүк санитария эрежелерине ылайык кайра кайрадан кабыл алынган кызматкерлер киришүү инструктажын жана технкикалык коопсуздук боюнча жумуш ордунда инструктаждан өтүүлөрү керек. Бул инструктаждарды өткөргөндүгү тууралуу белгиленген формадагы контролдук карточкада белги коюлат. Мындан соң ар бир 6 айда нан продуктыларын коргоо боюнча өндүрүштүк участоктордо уулуу заттар менен иштерде алектенишкен бардык кызматкерлер менен инструктажды кайталап өткөрүшөт. Инструктажды кайталап өткөндүгү белгиленген формадагы техника коопсуздугу боюнча каттоо журналында чагылдырылат. Ишканада жыл сайын жүргүзүлгөн семинарлардын программасында кызматкерлерди коопсуздук техникасына сөзсүз түрдөгг 6-8 сааттык окутуу каралышы керек. Окутууну өткөндүгү белгиленген формадагы коопсуздук техникасы боюнча адис жооптуу болушат. Киришүү инструктажын, жумуш ордундагы инструктажды жана кайталап инструктажды өткөрүүнү өндүрүштүк участоктун улук устаты жана коопсуздук техникасы боюнча адис өткөрө алат. Белгиленген тартиптеги коопсуздук техникасы боюнча инструктажды өз убагында жана сапатсыз өткөргөндүгү үчүн улук мастер жана коопсуздук техникасы боюнча адис жооп тартышат. Дезинсекциялык иштердин жетекчиси дезинсекциялоо, дегазациялоо жана дератизациялоо боюнгча бардык иштерди ушул нускоого ылайык гана жүргүзүүгө милдеттүү: - уу химикаттары менен иштөөго медициналык кароодон, коопсуздук техникасынын инструктажын өтпөгөн, ошондой эле тийиштүү атайын кийимдери, жеке коргонуу каражаттары жана запас противогаздары , коробкалары жок адамдар киргизилбейт; - санитардык сумкада биринчи жардам көрсөтүү үчүн жана ууланууларда биринчи же медициналык жардамды көрсөтүг жана уюштуруу үчүн зарыл дары-дармектер болушуна көзөмөлдүк кылуу; - дезинсекциялык иштерди жүргүзүү процессинде кызматкерлерди кароо жана алардын уулар менен иштөөдө белгиленген режимди кароо жана абайлоо эрежелрени сакташын, ошондой эле фумигацияланган жайлардан барык кызматкерлердин чыгып кетүгсү көзөмөлдөшү керек; - атайын кийимди, ичкийимди, бут кийимди, ошондой эле жабдууларды, химикаттар салынган тараларды, азыткылар даярдалган идиштерди, дезинсекциялык иштерди жүргүзүүдө уу химикаттары менен кокусунан булганган жерлерди өз убагында дегазацияланышына, жуулушуна жана оңдолушуна көз салуу; - зарыл болгон учурда ууланууларды алдын-алуу үчүн кошумча чараларды иштеп чыгуу максатында дезинсекциялоо боюнча иштерде ал тургай жеңил ууларуулардын ар бир себебин кылдаттык менен текшерүг жана акт түзүү; - дандарды сактоо жана кайра иштетүү боюнча ишканаларда коопсуздук техникасынын жана өндгрүштгк санитариянын эрежелери жана ушул нускоого ылайык уу менен иштөодө кызматкерлердин отряддарын коопсуздук чаралары туурасында системалуу инструктажды жүргүзүү. Дезинсекциялоонун бардык түрлөрү башталганга чейин жетекчи иштин катышуучулары менен учурдагы инструктажды өткөрүүгө жана жумуш ордунда инструктаж каттоо журналына жазып коюуга милдеттүү.

1-форма
Пестициддер (уу-химикаттар) менен иштөөчү адамдын медициналык китепчеси

Фамилиясы _______________________________________________________
Аты _____________________________________________________________
Атасынын аты ____________________________________________________
Туулган жери ____________________________________________________
Ээлеген кызматы _________________________________________________
Кайсы жылдан бери уу-химикаттар менен иштейт ____________________
Үй дареги _______________________________________________________
Китепче ээсинин колтамгасы ______________________________________
Жетекчи _________________________________________________________
Китепче берилген дата “___”__________________, 20___жыл
Дарыгердин колтамгасы ___________________________________________


Медициналык комиссиянын корутундусу

2-форма

Жогорку кооптуулуктагы жумуштарды аткарууга наряд – уруксат

“БЕКИТЕМИН”

_______________
Жетекчинин колтамгасы


(жумуш аткарылуучу жер, анын дареги, участоктун аталышы)

Жумуштун башталышы ___с. ____ мин., ______ күн, ________________ айы, 200 ____ жыл
Жумуштун аякташы ___с. ____ мин., ______ күн, ________________ айы, 200 ____ жыл
Жумуштардын жооптуу жетекчиси ____________________________________________________
аты-жөнү, кызматы)
__________________________________________________________________________________

Бригаданын (звенонун) ____________________________________________ адамдан турган
__________________________________________________________________ курамы менен
_______________________________________________________________________________
(бардык кызматкерлердин аты-жөнү)
Төмөндөгүнү аткаруу тапшырылат ________________________________________________
(жумуштун конкреттүү мазмуну, орду, шарты)

Коопсуздук чаралары ___________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
Техникалык коопсуздук боюнча нускоону жүргүздүм _______________________________
(аты-жанаөнү, кызматы, колтамгасы, датасы)
Наряд бердим __________________________________________________________________
(аты-жанаөнү, кызматы, колтамгасы, датасы)

Нарядды жана нускоону алдым ___________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы, колтамгасы, датасы)

УУЛАНГАНДА АЛГАЧКЫ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ЧАРАЛАРЫ[оңдоо | булагын оңдоо]

Уу-химикаттар менен ууланганда жардма көрсөтүүнүн жалпы принциптери

Кандайдыр бир уу-химикат менен катуу ууланганда өмүрдү сактап калуу үчүн күрөштүн ийгилиги алгачкы медициналык жардам берүүнүн тездигине жана жүргүзүлгөн дарылоо иш-чараларынын тууралыгына да жараша болот. Алардын ичинен бакылары төмөндөгүлөр: организмге уунун киришин токтотуу жана аны организмден өтө тез чыгаруу, антидоттор менен дарылоо (эгерде буга мүмкүн болсо); ууланууда бузулган жашоо функцияларын (дем алуу, кан айлануу) калыбына келтирүү; симптоматикалык терапия. Организмге уунун киришин токтотууга биринчи кезекте уу менен контакттык токтотууга багытталган чаралардын жардамы менен жетишилет. Дем алуу жолдору менен ууланганда жабыр тарткан адам дароо противогаз кийгизүү жана аны булганган жерден тез чыгарып кетүү зарыл. Эгерде уулануу уу-химикаттардын териге тийүүсүнүн натыйжасында болсо, булганган кийимди чечип, теридеги уу-химикатты этияттык менен, шыбп албастан тазалоо, булганган терини самындап жакшылап жууп салуу керек. Уу-химикатарды жутуп алып уулананда адамды кустуруу зарыл жана ашказанды зонддсуз тазалоону жүргүзүү зарыл. Организмден ууну тез чыгаруу үчүн ууланган адамга көп суюктукту, туздуу ич алуучуларды, заараны тездетүүчү жана башка дары-дармектерди берүү керек. Антидоттор менен дарылоо ууланууга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу каражаты болуп саналат. Антидоттор деп ууну ал канга сиңгенге чейин бетарапташтырууга, аны канда организмдин ткандарында зыянсыздандырууга, ошондой эле жашоо үчүн маанилүү биохимилык тутумдарда функциялык антагонизмди камсыз кылууга жөндөмдүү дары-дармектерди аташат. Мисалы, фосфордук-органикалык уу-химикаттар менен ууланганда натыйжалуу антидоттор болуп холинолитикалык препараттар (антропин, тропацин, апрофен,пентафен ж.б.) жана холиэстеразанын реактиваторлору, мисалы, дипироксим ТМБ-4 эсептелет. Уу-химикаттар менен катуу уулануу катуу дем кысылуу менен коштолот; табигый дем алуунун токтоп калышы – өлүмдүн башкы себептеринен бири. Дал ошондуктан зарыл учурларда (табигый дем алуу кескин начарлаганда же толук токтоп калганда) жасалма дем алдыруу жүргүзүлөт. Жасалма дем алдыруунун ийгиликтүү жүргүзүүнүн башкы шарттарынын бири – дем алуу жолдорунун толук өткөрүүчүлүгүн түзүү. Айрыкча фосфордук-органикалык уу-химикаттар менен ууланганда жардам көрсөтүүдө муну эске алуу керек, анткени мынгда бронхаларынын жана кекиртегинин көзөнөктөрү какырыкка толуп калышы жана бронханын кысылуусунун натыйжасында ал кескин кууштап кетиши ыктымал. Жасалма дем алдырууну жүргүзүүнүн алдында ооздун ичин жана мурунду какырыктан жана кусундудан тазалоо зарыл. Тилдин артка тартылыш астынкы жаакты алдыга тартуу менен токтотулат. Жасалма дем алдыруунун кеңири белгилүү ыкмаларынан (Сильвестр, Шеффер, Нильсен ж.б. боюнча) тышкары кыйла натыйжалуу ыкмалар ооздон оозго үйлөө, ооздон мурунга үйлөө ыкмалары сунуш кылынат, алар жабыр тарткан адамдын өпкөсүнө абаны анын оозу жана мурду аркылуу үйлөп киргизүүгө негизденет. Атайын изилдөөлөрдө аныкталгандай, жардам көрсөтгп жаткан адам гйлөгөн абада жабыр тарткан адамдын канындагы гемоглобинди кычкылдандаруу үчүн жетиштүү санда кычкылтек болот. Жабыр тарткан адамды чалкасынана жаткыртышат. Жабыр тарткан адамдын башы анын ээги мойну менен бир катарда болгондой кылып кескин чалкалатылат, жакасын жана белин бошотушуп, зарл учурда анын оозундагы жасалма тиштерин (протезин) алып коюшат. Таза абанын келишин жакшыртышат. Жабыр тарткан адамдын башы анын ээги мойну менен бир катарда болгондой ачылып, өйдөңкү дем алуу жолдору бир топ кеңеет. Жардам берүүчү адам жабыр тарткан адамдын каптал жагында болуп анын башын кармап турат.