Даракка чыгуу

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—5 киши. Оюн дарактуу жерде өткөрүлөт. Оюнда дарактар колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар бутактары азыраак теректи тандашып алышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден дарактын белгилеген жерине чейин жармашып чыгышып, кайра жерге түшүшөт. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Аз убакыттын ичинде, дарактын белгилеген жерине чейин чыгып кайра түшкөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот. Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылуу, дарактын түбүңдө турууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарак бутаксыз болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда, күч, ийилчээктикке, чыдамкайлыкка тарбияланат, тырышчаактыкка үйрөтөт, адамдын ан сезимин остурот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]