Дарбанов Эрмат

Википедия дан

Дарбанов Эрмат 1916-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

Орто мектепти Октябрь балдар үйүнөн аяктап, эмгек жолун Октябрь айыл кеңешинде иштеп баштаган. 1936-жылдан НКВДда (Элдик Ички Иштер Комиссарианты) кызмат кылып, Ош областтык НКВД башчысы болуп эмгектенип, 1941-жылы башталган Улуу Ата Мекендик согушка кетип, алгач кавалериялык полкто, андан кийин аткычтар полкунун атайын уюшулган “СМЕРШ” бөлүгүнүн командири болуп кызмат кылган. Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн “Кызыл Жылдыз”, “Улуу Ата Мекендик” II-III баскычтагы ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. Согуштан келгенден кийин 1953-жылга чейин НКВДда кызмат кылып, 1953-1957-жьшдары Жалал-Абад “Горпромторг”, Сузак РайПО, Октябрь СелПО төрагасы болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. 7 уул-кыздын атасы.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3