Дардаңов, Камалбек

Википедия дан

Дардаңов Камалбек (1948-ж. т., Кара-Буура району, Бакыян айылы) — мамлекеттик ишмер.

1971-ж. Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун Кыргызстан мал чарба илим изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштөө менен баштаган.
1972—73-ж. Кара-Буура райондук «Айыл чарба техника» бирикмесинде инженер, 1973—78-ж. комсомолдун райондук комитетинде инструктор, бөлүм башчы, экинчи катчы, Компартиянын Кара-Буура райондук комитетинде инструктор.
1978—80-ж. партиянын Бакай-Ата райондук комитетинде өнөр жай жана уюштуруу бөлүмдөрүнүн башчысы, 1980—85-ж. партиянын Талас шаардык комитетинин экинчи катчысы.
1985—87-ж. СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Москва шаарындагы Жогорку мектебинин жетекчи кадрларды даярдоо факультетинде окуган.
1987—92-ж. Республиканын мамлекеттик коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн.
1992—95-ж. Талас облустук мамлекеттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары. 1995-жылдын февралынан Талас облустук эл депутаттар Кеңешинин төрагасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.