Дарек таануу
Дарек таануу - тарыхый даректи изилдөө ыгын жана методун иштеп чыгуучу Жардамчы илимий дисциплина.
Дарек таануу коомдун күндөлүк турмушунда алгачкы документти аныктоонун иштелип чыккан эрежелеринен пайда болгон. Кайра жаралуу доорунда гуманисттер (Л.Балла, У. фон Гуттеа ж. б.) байыркы тексттерди илимий жактан сынга алышкан. 17-кылымда дипломатиянын өнүгүшүнө байланыштуу документтерди илимий изилдөө методикасын түзүүгө аракет жасалган.
18-кылымдын аягы - 19-кылымдын 1-жарымында немец илимпоздору A. А. Шлецер, Б. Г. Нибур жана Л. Ранк тарыхый сындоо методун иштеп чыккан. Батыш Европа жана Россия окумуштууларынын дарек таануу боюнча эмгектери дүйнөгө идеалисттик көз караштын негизинде жазылган. Жазуу түрүндөгү даректи талдоонун негизги методу - дарек тааануу боюнча изилдөө жүргүзүү. Ал даректен айрым фактыларды тандап алууга мүмкүндүк берүүчү анализден жана синтезден (анын милдети даректердин комплексинен фактылардын жыйындысын алуу) түзүлөт.
Түшүндүрмө даректердин (санжыра, публицистика ж.б.) чындыгын далилдөө 3 милдети чечүүгө тийиш: информация пайда болгондогу шартты белгилөө; автордун ташык жана саясий кызыкчылыгын аныктоо; конкреттүү билдирүүлөрдү текшерүү. Бардык зарыл даректерди изилдегенден кийин тарыхчы дарек таануу синтезине киришет. Синтез процессинде мурда алынган маалыматтар жыйынтыкталат, даректин ырастыгы жана толуктугу салыштырылат, алардын ортосундагы генеалогиялык байланыштар белгиленет.
Азыр кыргыз дарек таанууда теориялык проблемалар иштелип, математикалык метод жана компьютер колдонулууда. Кыргызстанда дарек таануу илимий изилдөө иштерин КРИУАнын Тарых институтунун дарек таануу сектору жүргүзөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9