Дарканбаев, Темирбай Байбусынович

Википедия дан

Дарканбаев, Темирбай Байбусынович (24. 10. 1910-ж. т. - 1987) - советтик биохимик. Казак ССР ИАнын акад. (1958; корр. мүчө, 1954), биол. илимд. доктору, проф. (1953).

  • 1941-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Казак ССР илимге эмгек социалисттик ишмери (1954).
  • 1936-ж. МГУну бүтүргөн. 1936-61-ж. С. М. Киров атындагы Казак мамлекеттик университетинде окутуучу, кафедра башчысы, проректору жана ректору.
  • Казак ССР ИАнын биол. бөлүмүнүн акад. секретары (1972).
  • Дарканбаев буудай данында белоктун касиетин арттырууга биохим. жан багыт киргизген.
  • Дарканбаевдин 100дөн ашуун илимий эмгеги бар.
  • Казакстан КП БКнын мүчөлүгүнө кандидат (1955-61), Казак ССР Жог. Советинин (3-4-шайл.) депутаты.
  • Эки Ленин ордени, «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.