Дароот-Коргон

Википедия дан

Дароот – Коргон – сансыз жылдардын санаты төгүлүп, сапар карып, ат арып, сан – миң өмүрлөр кыйылган жер. Опол тоого орногон бул жерде айтылбай калган калган өктөм тарыхтынырын ырдап, күүсүн черткен бир гана элес; бир тарабы көчүп, маанайы өчүп калган бир сепил.
Бул алп тоолордун кучагында тээ эзелтен эч кимге баш ийип, кулдук урбай; амал кылып ажал келсе алдынан кыя тозуп айбыкпай найза сунган, кылычы кындан түшпөй, журт уюткусу бузулбай көчүп – конгон бир ууч Кыпчак уруусу атадан балага, муундан – муунга калган зор өмүрдүн нарк насилин төмөндөтпөй, урпагына шек келтирбөө мыйзамын бек тутуп жашап турган. “Жерине жараша эли” деген илгерки эл сөзү бекеринен айтылган эмес белем. Бул чөлкөмдө таң агарып атканда, аалам акактын суусуна жуунуп алгансып, көпкөк асман, тээалда кайда шаңкайган улуу тоолор дапдаана көрүнүп, чексиз кенендик, бейкуттук сезилээр эле. Анан түш ообой капилет шамал чыгып, добол уруп, көтөрүлгөн чаң нөшөрлөгөн жамгыр менен аяктап, ээ жаа бербеген Кызыл – Суу өз нугунан улам оодарылып, күпүлдөп жар кемип агаар эле. А эл болсо, алп тоолордун колтугуна баш калкалап, күнүмдүк турмуштун лазатын тартып, жай баракат жашап, анан бир туруп кадимки тоо карышкырларындай тынымсыз жортуп, чыгыштан Кашкар, батыштан Кара – Тегин менен жоолашып, капилет изин жашырып, коктудан – коктуга, тоодон – тоого ооп, сиңип кетээр эле. Бул бир ууч элге эч кандай үстүрттөн келген өкүмдарлыктын, бийликтин кереги жок болчу...
Бирок, ушул кезде Кокон хандыгы улам кеңейип, Кудаяр хан экинчи ирээт бийликке келип, Тыяктан Кара – Тегин вилаетин колго алып, өз бийлигин Чоң – Алай өрөөнүнө чейин жайылтуунун үстүнөн кам көрүп жаткан. Кан жиберген “Кара тумшук бүркүт” Кул датка болжол менен миңге тете колдун коштоосунда эч каршылыксыз Дароот – Коргонго келип түштү.
Улуту тажик болгон Кул датка Кара – Тегин вилайетин Кокон хандыгына кошууда, Кокондун, Маргалаңдын айланасында жашаган тажик уруулардын башын бириктирүүдө өзгөчө кызмат кылганы үчүн Кудаяр хан өз колу менен “датка” деген наамды ыйгарган ишненимдүү адамы эле.Кебете – кешпирин адамга караганда кадимки тапка келген бүркүттөй чамынып, кочкор тумшук мурдунун астында оозун жапкан кара коюу муруту ого бетер каардуу кылып көргөзчү. Ошондуктан аны “Кара бүркүт, кара тумшук” деп аташчу. Ошол эле жылы Кул датка Дароот – Коргон суусунун чыгыш тарабына коргонуу сепилин курууну баштады. Айылдан – айылга кыдырып, элдин мал – мүлкүн тоноп, төөнүн сүтүн, эчкинин жүнүн жыйдырып, казылган топурактын үстүнө жайнаган малды мууздап, канга жууруп, эчкинин жүнүн, төөнүн сүтүн коштуруп кийиз жаптырып тапка келтиртти. Бу болсо Кул датканын ата – бабасынан алып калган сыры эле. Канга жуурулган топурак таштай катып, төөнүн сүтү ширелүү келип, жаанга жуулбас касиетке ээ.
Сепил төрт чарчы келип, узуну сексен, туурасы алтымыш, бийиктиги алты метрди түзгөн, төрт бурчуна төрт мунара тургузулуп, аларды атайын төрт тарапка мылтык атылчу тешикчелер коюлуп, түндүк тарабынан жалгыз дарбаза курулду.
Маалымат булагы: Шоокум журналы.№8(37),август.2009-ж.