Мазмунга өтүү

Дарчин

Википедия долбоорунан

Дарчин (Cinnamomum) — түштүк жана түштүк-чыгыш Азияны мекендеген, жалбырагын түшүрбөгөн, атыр жыттуу дарак түрү.

Дарин адамзат тарыхындагы эң байыркы татымдардан бири. Б.з.ч. 3000-жылдары Кытайда колдонулган. Европада XVI–XVIII кылымдарда эң баалуу жана кымбат татымдардын бири катары эсептелген. Белгилүү соодагер Антон Фуггер 1530-жылы император 5-Карлдын карыз кагаздарын анын көз алдында тарчындын чубуктарынан жасалган отко өрттөп, өзүнүн байлыгын далилдеген.

Колдонулган жерлери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизинен дарактын кургатылган кабыктары колдонулат. Дарчин татымы дарактын тулкусунун жана бутактарынын сырткы катмарлары сыйрылгандан кийин калган ички кабыктын кургатылып, майдаланышынан алынат. Ошондой эле кабыктарды бири-биринин ичине ороп, рулон сыяктуу түрдө чубук тарчын даярдалат. Анын жыты күчтүү, так жана узак убакытка сакталат, даамы таттуу жана ачуу келет. Дарчин танин жана учма майлар камтыйт. Татым катары колдонулат. Жемиштери дагы татымдуу жана тарчындын жытындай болуп, анын ордуна колдонулат. Аны шириндиктерге, айрыкча сүттөн жасалган таттууларга даам берүү үчүн кошушат. Кофе, шоколад жана мөмө соустарында, ичимдиктерде кеңири колдонулат.

2020-жылы дүйнө жүзүндө 222,122 тонна дарчин өндүрүлүп, анын 98% төрт өлкө чыгарган: Индонезия, Кытай, Вьетнам жана Шри-Ланка[1].

  1. Global cinnamon production in 2020; Crops/Regions/World Regions/Production Quantity (pick lists) (2022).