Мазмунга өтүү

Даугуветис Борис Францевич

Википедия — ачык энциклопедия

Даугуветис Борис Францевич (26. 3. 1885-13. 7. 1949) -литва совет режиссёру, актёр, драматург, СССР эл артисти (1948).

  • 1909-ж. Петербург театр окуу жайын бүтүрүп, 1921-жылга чейин Петербургда жана Россиянын чет жакаларындагы театрларда иштеген.
  • 1923-жылдан Каунас театрында режиссёр.
  • Дүйнөлүк жана орус классиктеринин «Отелло» (1924), «Мария Стюарт» (1937), «Макбет» (1939) чыгармаларын сахналаштырган.
  • Литвада Совет бийлиги орногондон кийин (1940), Каунас театрында башкы режиссёр бол- гон. Мында М. Горькийдин «Душмандарын», Н. Ф. Погодиндин «Кремль куранттарын» ж. б. чыгармаларды койгон.

Даугуветис - «Жаны бороз» (1945), «Милдет» (1946), «Жалдокас чарбагы» (1948) пьесаларынын автору.

Литва ССР Жог. Советинин (2-шайл.) депутаты. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1947).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.