Даң-Дуң-Баш

Википедия дан

Даң-Дуң-Баш, Даң-Дуң-Тоо — топоним. Уйгур тили боюнча Тагдуң-Баши деген географиялык аттан алынган. Кашкар, Жаркен чөйрөсүндө жашаган уйгурлар Сары-Кол, Памир тоолорун Тоонун-Башы (Тагдуң-Баши) деп аташкан. Ч. Валиханов, Чокан да: "Таш-Коргондун дарыясы агып түшкөн тоо жергиликтүү элде Сары-Кол, Тагдумбаш деп аталат" (Ч. Валиханов, Чокан . Собр. соч. т. 2. Алматы, 1982, 719-б.),— деп жазат. Манасчы Сагымбай Орозбак уулу ошол уйгурча аталышы боюнча кабыл алып, өзүнүн вариантында колдонгон:

Ордо кылган Ополду

Даң-Дуң-Тоонун оюна

Далай журтун которду... (Сагымбай Орозбаков, 1. 117)

Даң-Дуң-Баштын тоо теке

Аң уулап адам көрбөгөн

Сырты кара зоо теке,

Абыкени баш кылып,

Алтымыш мерген аткарып,

Териге залал кылдырбай

Бир-бир көзгө аттырып (Сагымбай Орозбаков, 3. 208).

Каныкей Манастын жоого кие турган шымын (кандагай) ошол Памир, Сары-Кол тоолорун мекендеген текенин терисинен жасайт. Чындыгында Памир, Сары-Кол тоолорунда жашаган тоо эчкилер өтө зор келип, териси калың, бышык болот деп жергиликтүү элдер да айтышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4