Дебайдын экрандоо радиусу
Көрүнүш
Дебайдын экрандоо радиусу – плазмадагы, электролиттеги жана жарым өткөргүчтөгү берилген заряддалган бөлүкчөнүн электр талаасынын анын тегерегине топтолушкан карама-каршы белгилүү заряддардын эсебинен экрандалышка дуушар болгон мейкиндиктеги аралык. Бул түшүнүктү П.Дебай 1923-ж. өзүнүн күчтүү электролиттер теориясында биринчи киргизет. Жогоруда келтирилген системалардын касиеттерин изилдөөдө кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0