Дебилдүүлүк

Википедия дан

Дебилдүүлүк (лат. debilis – бошоң, алсыз) – психикалык өөрчүүнүн кедергилениши. Олигофрениянын жеңил түрү. Ой жүгүртүүсү начар болуп, оюна келгенин жасайт. Көзү көргөн нерсени гана эстеп калат. Кадимки мектепте окуй албагандыктан, көмөкчү мектепте бир аз окутууга, айрым иш ыкмаларын үйрөтүүгө болот. Анын оор, орточо, жеңил түрү болот. Психиатр дарылайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия