Клод Дебюсси

Википедия дан
Дебюсси Клод Ашиль‎»‎ барагынан багытталды)

Дебюсси Клод Ашиль (22. 8. 1862, Парижге жакын, Сен-Жермен-ан-Ле – 25. 3. 1918, Париж) – француз композитору, пианист, музыкалык сынчы, музыкадагы импрессионизм агымын негиздөөчү. 1872–84-ж. Париж консерваториясында фортепьяно боюнча А. Ф. Мармонтелден, композиция боюнча Э. Гиродон окуган. Консерваторияны бүткөндөн кийин «Тентимиш уул» кантатасы үчүн Рим сыйлыгын алган. Дебюсси гармонияга, оркестрлештирүүгө, фортепьянолук фактурага жаңы табылгалар менен колориттүү көркөм каражаттарды кийирген. М. Метерлинктин драмасы боюнча «Пеллеас менен Мелизанда» операсы француз музыка театрын жаңы баскычка көтөрүп, театрдагы симфонияны жалпылоону күчөткөн. Дебюссинин музыкасында образдардын күңүрттүгү, ладдардын динамикасын бошотуу тенденциясы сыяктуу импрессионизмге мүнөздүү белгилер болгондугуна карабастан, анын чыгармачылыгы эстетикалык күчү, прогрессчилдиги жагынан зор мааниге ээ. Дебюсси 1 опера, 3 балет, вокалдык-симфония чыгармаларды, оркестрдик циклдерди, аспаптык ансамбль, фортепьяно үчүн пьесаларды, 12 этюд, 50дөн ашык ыр, романс жана башка чыгармаларды жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Кремлев Ю. Клод Дебюсси. М., 1965.