Эдгар Дега

Википедия дан
Дега Эдгар‎»‎ барагынан багытталды)

Дега Эдгар (19. 7. 1834, Париж – 27. 9. 1917, ошол эле жер) – француз живописчи, график жана скульптор. Парижде көркөм искусство мектебинде окуган (1855–56). 1854–59-ж. Италияда Алгачкы Кайра жаралуу искусствосун үйрөнгөн. Портрет жана тарыхый сүрөттөрдүн композицияларын түзгөн («Беллеллинин үй-бүлөсү», 1858–60, Париж). 1870-жылдарда импрессионизм өкүлдөрү менен жакындашып, ошол замандагы шаар турмушун, театр сахналарын («Ынтымак аянты», 1875-ж. чен; «Абсент, 1876), адамдардын мүнөздөрүн, жашоо-турмушун («Кафенин террасасындагы аялдар», монотипия, пастель, 1877; «Үтүкчү аялдар», 1884) чагылдырган чыгармаларды жараткан. Сахнадагы бийчилердин сүрөттөрүн майрамдык шаң менен берген («Жылдыз», пастель, 1878), жумуштан чарчаган адамдарды («Бийден экзамен», пастель, 1880, өздүк жыйнак, Нью-Йорк) тарткан. 1910-жылдан скульптурада иштеп, балериналардын, суучулдардын, жылкылардын күтүлбөгөн позаларын-келбеттерин жараткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Русаков Р. Дега. М., 1968.