Деидеологиялаштыруу

Википедия дан

Деидеологиялаштыруу - ХХ к. 50-ж. Европада кеңири тараган социал-демократтык концепция; алар коомдо «идеологияны жок кылып», идеологиясыз илимди түзүүгө аракет жасашкан.

Т. Парсонс, Э. Шилз, С. Липсет ж. б. колдогон. Идеология - социалдык чындык жөнүндө ачык картинаны бере албайт, анткени ал өзүнчө бир таптын, социалдык катмардын кызыкчылыгын көздөйт дешкен. Коом нормалдуу өнүгүүсү үчүн тапка негизделбеген социалдык негиз керек. Жогорку индустриалаштырылган коомдо антогонисттик карама-каршылыктар жок, ошондуктан, идеологияны жок кылуу керек дешкен деидеологиялаштыруунун талапкерлери.

Деидеологиялаштыруу концепциясынын өнүгүшүнө конвергенция идеясы таасир берген. Мында коомдук өнүгүү коомдун социалдык-саясий тибине карабастан үч этапка бөлүнгөн:

  • 1). индустриялаштырууга чейин;
  • 2). индустриалдуу;
  • 3). постиндустриалдуу (индустриалаштыруудан кийинки).

Ушул ирээт менен өнүгүүдө идеология акырындап жок болууга тийиш. 70-ж. кайрадан реидеологиялаштыруу агымы, б. а. коомдо идеологияны жандандыруу агымы башталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6