Дейди уулу Абдыкул
Дейди уулу Абдыкул (1904-1976) Жыгаччы. Кочкор районундагы Семиз-Бел айылында төрөлгөн.
Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жашап, өмүрүнүн көбүн Кенен-Аңыракайдагы МЖСтин малын багууга жумшаган. Жайсандык казак устага шакирт болуп, кийин ез бетинче керки, тарткы, тестин баскычын жасап узана баштаган. Уста кадимки эле койдун жаңы кыгын тизе бою үйүп, үстүн тегиздейт. Ага суу себет. Кыкка укуруктай талдарды сойлотуп киргизет. Билектей талдардын бир тобун катар жаткызгандан кийин анын үстүнө дагы кык бастырат. Кайрадан колу менен шапшып суу сээп, үстүнө дагы тал тизет. Акыры үйүлгөн кык балык жон болуп чыгат. Бир, бир жарым сааттан кийин кык ысып буу көтөрүлөт. Кыктан жыгачты алат. Жылыган жыгачтын илеби көпкө суубайт. Муну теске салып басканда кайыштай жумшарат, жыгач жашып, ийриси ойдогудай түзөлөт. Талды түздөгөңдөн кийин боз үйдүн ууккерегесин болжолу менен жонуп жасайт. Же абалы уук, керегенин жыгачынын учу чыкпагандай арык жасап, ага кык толтуруп, түтүнү көтөрүлгөнчө кор кылат. Анан ага жыгачты сойлотот. Мындай ыкма кыйла опурталдуу. Жыгач күйүп, чычала болуп кетиши ыктымал. Устанын боз үйдүн жыгачын жасоочу теси эң жөнөкөй. Ошол тес аркылуу боз үйдүн бүтүндөй адими жыгачы: уук, кереге, түндүк жасалууда. «Тестин баскычы» - метрден ашып-ашпай баса турган жагы жаллак, башка тарабы жумуру. Муну уста сол капталына салат. Кучкач ээрдин кашындагы эки ачадай жерге аштап, салмак менен басканда жыгач каалагандай ийрейет. Мындай ыкманы колдонууга маш уста ууктун сызма илгичке, жабык башка жана кереге көзгө байлана турган тарабындагы ийгисин ойдогудай иет. Тестин баскычысыз уукту, керегенин көзүн, түндүктүн чагарактарын ийүүгө мүмкүн эмес. Абдыкулдун тес, тестин баскычынан башка тарткы деген аспабы бар. Анын эки тарабы миздүү, эки сабы бар. Тарткы менен ууктун жана керегенин билегине жол түшүрүлөт. Боз үйдүн жыгачына ал Суусамырдын талы менен кайыңын колдонгон. Малчыларга ылайыктап жасаган анын боз үйүнүн жыгачы төрт канат, 55 баштуу, 9 көктүү, жел көздүү керегеси болгон. Көгүн төө терисинен тилген. Кадик уста Абдыкул жерди чуңкур кылып казып, көлчүк жасап, ага жаңы сыйрылган терини көөмп жүнүн жыдыткан. Андан тилип көк жасаган. Көккө өгүз терисин да колдонгон. Боз үйдүн жыгачын жошологон. Жошону казактардын КөкАдыр деген жеринен алган. Ал боз үйдүн жыгачынын касиетин сактап, узакка урунуу үчүн табылгыс боёк болуп саналат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0