Деканов Даниил Тихонович

Википедия дан

Деканов Даниил Тихонович (1881–1934) – Кыргызстанга Совет бийлигин орнотууга активдүү катышкан жумушчу – шахтёр. Жумушчулар арасында революциялык үгүт жүргүзгөнү үчүн 1910-ж. Донбасстан Түркстанга сүргүнгө айдалган. 1917-жылдын март айында Сүлүктү жумушчу депутаттар советинин председатели, ошондой эле Самарканд облусунда Совет бийлигин орнотуудагы жетекчилердин бири, Советтердин бүткүл россиялык 2-съездине (октябрь – ноябрь, 1917) делегат болуп катышкан. Өмүрүнүн акырына чейин партиялык кызматтарда иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия