Декларация
Көрүнүш
Декларация (фр. declaration – билдирүү) – 1) конституциялык укуктагы тиешелүү мамлекеттин тагдыры үчүн өзгөчө зарыл маани берүү менен, салтанаттуу мүнөз күтүү максатын көздөгөн саясий-юридикалык актынын аталышы. Кошумча мыйзамдык жөнгө салууну талап кыла тургандай, укук-ченемдик акты катары жалпылык менен так эмес мүнөз күткөндүгү – декларациянын өзгөчөлүү белгиси болуп саналат; 2) эл аралык укуктагы тараптардын жалпы көзкараш менен максаты бирдей чыккандыгын туюндура турган салтанаттуу акты. Ал милдеттүү түрдө аткарыла турган күчкө ээ эмес. Буга мамлекеттер тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла тургандай күчкө ээ болгон 1948-жылы кабыл алынган Адам укугунун жалпы декларациясы гана кирбейт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7