Декордоштуруу
Көрүнүш
Декордоштуруу (лат. Decoro – кооздойм) – заттын бөлүкчөлөрүн, газдык же суюк фазадан кристаллдын бетиндеги дефекттерге же химиялык жол менен анын көлөмүндөгү дефекттерге отурукташтырып, кристалл торчосундагы ар кандай дефекттерди изилдөө ыкмасы. Декордоштурулган кристалл оптикалык же электрондук микроскоптордун жардамы менен изилденет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0