Дельта чокмолору

Википедия дан

Дельта чокмолору - дарыянын деңизге же көлгө куйган жеринде суу шилендилеринин жыйылышынан пайда болгон борпон тоо тек катмарлары.

Суу тоо тектерди талкалап, кыртышты жеп, көптөгөн материалды агызып келет. Денизге куйганда суу агымынын ылдамдыгы басандап, суунун курамындагы өтө майда бөлүкчөлөр дениздин туздуу суусу менен кошулганда коагуляция жүрүп, агындылар дениз түбүнө чөгөт. Чөгүү тынымсыз болуп тургандыктан чөгүндүлөрдүн басылып катмарлануусунан суунун нугу салааланып, дельта пайда болот.

Дельта чокмолору негизинен аки таш тегинин, кээде таш көмүрдүн жука катмарлары бар кум-чополуу тоо тектерден турат; тоо этектериндеги аймактарда көбүнчө конгломераттар кезигет. Дельта чокмолорунүн арасында таш көмүр кабаттары, темир жана жез рудалары болот.

Кээде топурагы күрдүү келип, айыл чарбасына жарактуу кыртыштар учурайт (мис., Нил дельтасы). Өткөн геол. мезгилдердеги чекме тоо тек катмарларынын арасында катууланган байыркы Дельта чокмолору да бар. Башка чөкмөлөрдөн айырмасы: алар ийри сызык боюнча жантайыңкы жатый, тоо тектери калың катмарланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.