Мазмунга өтүү

Дембер эффектиси

Википедия — ачык энциклопедия

Дембер эффектиси – бир тектүү жарым өткөргүчтүн жарыктандырылышы бир калыпта эмес болгондо, анда электр талаасынын жаралуу кубулушу.

Аны нем. физиги Х.Дембер 1931-ж. ачкан. Теориясын Я.Н.Френкел (1933-ж.), Х.Фрелих (1935-ж.), Л.Д.Ландау жана Е.М.Лифщиц (1936-ж.) иштеп чыгышкан. Жарыктандыруу бир калыпта болбогондуктан, жарым өткөргүчтө жаралган теңсалмаксыз заряд алып жүргүчтөрдүн (электрондордун, көзөнөктөрдүн) концентрациясынын градиенти пайда болот. Ошондуктан аларда диффузия жүрөт. Ашыкча электрондор жана көзөнөктөр жарым өткөргүчтүн жарыктандырылган бетинен анын тереңдигин көздөй диффузияланышат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]