Демократиялаштыруу толкундары

Википедия дан

Демократиялаштыруу толкундары - теориясы 90-ж. башында пайда болуп, саясат таанууда курч талкууларды жараткан.

Бул теориянын эң белгилүү авторлорунун бири болуп, «Үчүнчү толкун: XX жүз жылдыктын акырындагы демократиялаштыруу» деген белгилүү китептин автору С.Хантингтон эсептелет. С.Хантингтон тарабынан демократиянын өнүгүш жүрүшү ар кандай мезгилдердеги ар кандай өлкөлөр менен аймактарда Демократиялаштыруунун бир кылка эместигин чагылдырган синусоиддик толкундар сыяктуу «кирүүлөр» менен «тартылуулар» түрүндө түшүндүрүлөт. Демократиялаштырууун ар бир толкуну кер толкун менен алмашат (реверсивдүү толкун менен).

Демократиялаштыруунун биринчи (узун) толкуну болжол менен 1828-ж. башталат да, 1926-ж. аяктайт. Анын тамырлары Америка жана Француз революцияларына дейре кетет. Бирок демократиянын чыныгы түзүлүшү XIX к. болуп өтөт. Бул мезгилде демократия АКШда, Францияда, Швейцарияда ж.б. 29 өлкөдө орнойт. Бул мезгилдеги демократиянын пайда болушунун негизги себептери өнөр жайлаштыруу, шаарлаштыруу, буржуазия менен ортоңку таптын пайда болушу, жумушчу таптын уюмдарынын түзүлүшү, теңсиздиктин акырындап азайышы болуп эсептелет. Демократиялаштыруунун биринчи толкунунун ордуна биринчи реверсивдик толкун келет (1922-1942). Ал нагыз Италиядагы (1922) Муссолини орноткон фашисттик бийликтин учурунан башталат да, тоталитардык идеологиянын таасиринин күчөшү менен мүнөздөлөт. Жада калса демократиялык бийлик сакталган өлкөлөрдө да (Великобритания, Франция), Улуу депрессиянын таасири астында демократияга карты кыймылдар күч ала баштайт. Ушул мезгилдеги авторитардык бийликке кайтып келүү 33 өлкөдө болуп өткөн.

Демократиялаштыруунун экинчи (кыска) толкуну 1943-ж. башталып, 1960-ж. башына чейин барат да, 20 жылдай уланат. Демократиялык бийликтердин санынын көбөйүшү экинчи дүйнөлүк согуштагы шериктердин жеңиши жана деколониалдаштыруу менен байланышат. Кайсыл бир мамлекеттерге демократиялык жол америкалык басып алуунун жыйынтыгында таңууланган (Батыш Германия, Италия, Австрия, Жапония, Түштүк Корея). Айрымдары аны өз ыктыяры менен тандап алышкан (Түркия, Греция, Бразилия, Аргентина, Перу, Эквадор, Венесуэла, Колумбия). Бул мезгилдеги демократиялык бийликтин жалпы саны 36га жеткен. Экинчи артка кетүү толкуну 15 жылдай созулуп (1958-1975), негизинен «үчүнчү дүйнөнүн» өлкөлөрү менен байланышкан. Демократиядан жаш гана мамлекеттер кетпестен, демократиялык түзүлүш 25 жана андан көп жылдай жашап турган өлкөлөр да кете баштаган (Чили, Уругвай, Индия, Филиппиндер). Бул мезгилде демократия З0дан ашык көп өлкөлөрдө сакталып кала берген. Үчүнчү толкун 1970-ж. башталып, азыркы күнгө чейин уланып келе жатат. Адегенде Грециядагы (1974), Португалиядагы (1975), Испаниядагы (1977) авторитардык бийликтер кулайт. Андан кийин Демократиялаштыруу Латын Америкасын (Доминикан Республикасы - 1975, Гондурас - 1982, Перу - 1988), Азиянын айрым өлкөлөрүн (Түркия - 1983, Филиппиндер - 1986, Түштүк Корея - 1988) кучагына алат. Акыры ал Чыгыш Европага жетет (Венгрия, Польша, Чехословакия, Болгария - 1989, Орусия, Украина - 1991, ж.б.). 1990-ж. 45% эркин мамлекеттер демократиялык саясий тутумга ээ болушкан жана 39%чукул дүйнө эли демократиялык коомдордо жашашкан.

С.Хантингтон Демократиялаштыруунун үчүнчү толкунунун негизги беш себебин бөлүп көрсөтөт:

  • 1) Авторитардык тутумдардын мыйзамдуулугуна доо кетирүү.
  • 2) 60-ж. болуп көрбөгөндөй экономикалык өсүш.
  • 3) Ошол эле жылдардагы католиктик чиркөөнүн саясатындагы олуттуу өзгөрүүлөр.
  • 4) Дүйнөлүк чоң мамлекеттердин саясатынын өзгөрүшү (куралсыздануу).
  • 5) Демонстрациялык натыйжа, же «кар тогологу» натыйжасы.

Ошол мезгилдеги демократия көз карашында турган мамлекеттердин жалпы саны 40-45ке жеткен. Бирок Демократиялаштыруунун үчүнчү толкунунун ордуна үчүнчү реверсивдик толкундун да келиши ыктымал. Айрым бир божомолдор боюнча ал 4-5 өлкөнүн демократиялык негизине доо кетирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8