Демократтык кыймылдар

Википедия дан

Демократтык кыймылдар азыркы мезгилдеги коомдук өнүгүүнүн эң башкы кыймылдаткыч күчү. Прогрессивдүү реформаны жүргүзүү, глобалдык, регионалдык жана улуттук көйгөйлөлдү чечүү демократтык кыйылдардын максаты болуп саналат. Коомдук өз алдынча ишмердикке ээ социалдык таптар, ассоциациялар, коалициялар, союздар, козголуштар демократтык кыйылдардын структурасын түзүшөт.

Демократтык кыйылдар өзүнүн өнүгүшүндө бир нече этаптарды басып өткөн акыркы жылдары пайда болгондору: «жаңы демократтык кыймыл», «жаңы социалдык кыймыл», «Кыргызтан демократтык кыймылы» ж. б.

Демократтык кыйылдардын багыттары төмөнкүчө: максаты боюнча – тоталитардык саясий системага, авторитардык режимдерге каршы кыймыл, согушка каршы, экологиялык кыймылдар.

Социалдык жана улуттук курамы боюнча – жумушчулардын, дыйкандардын, интеллигенциянын, улуттук топтордун, аялдардын, жаштардын жана студенттердин, диндик уюмдардын кыймылдары.

Радикализм деңгээли жана массалык акцияларды пайдалануу боюнча – демонстрациялар, митингдер, иш таштоолор, парламентаризмдин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.

Аймактык-географиялык белгилери боюнча – глобалдык, өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө. Улуттук мамлекеттин рамкасында ж. б. демократтык кыйылдар өзүнүн өнүгүшүндө жаралуу, түзүлүү, жетик, максималдуу активдүүлүк этаптарын, ал эми өзүнүн жашоо булагы түгөнгөн кезде төмөндөө жана тарыхый аренадан жок болуу этаптарын башынан кечирет. Бүгүнкү күндө тоталитаризмге каршы, согушка каршы, улуттук-боштондук, экологиялык кыймылдар күчүп баратат.

Демократтык кыйылдар Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизишти. «Ашардан» бөлүнүп чыккан Кыргызстан демократтык кыймылы тоталитаризмден демократияга өтүүдө негизги ролду ойноду.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8