Мазмунга өтүү

Дене тарбия системасы

Википедия — ачык энциклопедия

Дене тарбия системасы – тарбиялоонун жалпы системасынын адамдын ден соолугун чыңдоого жана дененин өсүшүнө арналган бөлүгү. Ал дене тарбиянын идеологиялык, илимий-методикалык негиздерин, ошондой эле дене тарбия иштерин жүргүзүүчү жана көзөмөлдөөчү уюмдардын, ишканалардын негизин түзөт. Ар бир экономикалык формацияда экономикалык түзүлүшкө жана коомдогу башкаруучу таптын идеологиясын чагылдырган дене тарбия системалары түзүлгөн. Спарта дене тарбия системасы биздин заманга чейин. 8 – 9 кылымда Спартада (Байыркы Грекия) тарбиялоонун жана окутуунун мамлекеттик системасы болуп эсептелет. Анын максаты кул ээлөөчүлүк түзүлүшкө берилген күчтүү, туруктуу, эр жүрөк, кайраттуу, аскерди даярдоо болгон. Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарында «Спартак» дене тарбия системасы пайда болгон. Бул системанын авторлору Д. А. Крадман, В. Н. Песков жана М. Г. Собецкий чет өлкө системасын колдонуу керек, башкача айтканда спорттун бир түрү менен көп машыгууга болбойт деп үгүттөшкөн. Советтик дене тарбия системасы СССРде Октябрь революциясынан кийин түзүлүп, эмгекчилерди физикалык жактан өсүп-өнүктүрүүгө, дени сак жаш муундарды тарбиялоого чоң көңүл бурган. Окумуштуу А. А. Зикмунддун жетекчилиги астында «Советтик дене тарбия системасы» деген дене тарбия боюнча илимий адистерден турган топ түзүлүп, турмуш жана эмгек гигиенасы, табият күчтөрүн колдонуу, эмгек кыймылдары, дене тарбиялык көнүгүүлөр боюнча иш жүргүзүлгөн. Советтик педагог П. Ф. Лесгафттын дене тарбия системасы көрүнүктүү орунду ээлейт. Ал «Мектеп жашындагы балдар үчүн дене тарбия боюнча жетектөө» деген китебиндеги оюндарды баланы турмушка даярдай турган көнүгүүлөр менен түшүндүргөн. Оюндар балдардын күчүнө ылайыктуу, туура, акырындык менен өз учурунда татаалданып, эрежеси бузул бастан туура аткарылышы зарыл жана оюнду балдар өз дөрү уюштуруп, башкарганда гана натыйжалуу болорун белгилеген. Кыргызстанда советтик дене тарбия системасынын негиздери сакталып жана өнүгүп келет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1