Депозиттик аткарым
Көрүнүш
Депозиттик аткарым – кредиттик уюмдардын юридикалык жактар менен жеке адамдардын акча каражаттарын аманатка тартуу жана аларды жайгаштыруу боюнча аткарымдары. Д. а. жигердүү жана солгун болуп бөлүнөт. Солгуну акча каражаттарын аманатка белгилүү мөөнөткө же талап кылууга чейин тартууну чагылдырат, жигердүүсү – бир банктын бош каражаттарын убактылуу башкаларына жайгаштырат. Д. а. чөйрөсүнө базарда айланып жүргөн карыздар, милдеттенмелер, депозиттик тастыктамалар, векселдер ж. б. кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7