Мазмунга өтүү

Депутаттардын тартип жоопкерчилиги

Википедия — ачык энциклопедия

Депутаттардын тартип жоопкерчилиги – регламент (палатанын же башка өкүлчүлүктүү бийликтин) ченемдерин же болбосо депутаттык адепти бузгандан болуучу жана тийешелүү өкүлчүлүктүү мекеменин регламентинде аныкталган тартипке чакыруу чараларын пайдалануудан көрүнүүчү шайланган кызмат адамдары катары депутаттардын юридикалык жоопкерчилигинин өзгөчө түрү. Азыркы демократиялык мамлекеттерде өкүлчүлүктүү мекемелердин депутаттарына адатта: сөз сүйлөө укугунан ажыратуу, талкууланып жаткан маселе боюнча сөз бербей коюу, жыйын жайынан чыгарып ийүү, эскертүү берүү, депутаттын айлык сыйлыктарынын белгилүү бөлүгүн кармап коюу жөнүндөгү эскертүүлөр колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]