Канат Дербишев

Википедия дан
Дербишев Канат‎»‎ барагынан багытталды)

Дербишев Канат - [1891, Бишкек уезди, Кара-Балта болушу (азыркы Жайыл району, Кызыл-Октябрь айылы) – 1976, ошол эле жер] – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкө катышуучу. Орус жергиликтүү мектебинде окуган (1906). 1918-ж. Ак-Суу революциячыл-аскердик комитетинин төрагасынын орун басары болуп туруп, Ак-Суу козголоңун басууга активдүү катышкан. 1919-жана башкааку (азыркы Жайыл району) болуштук революциячыл аткомунун төрагасы болуп шайланган. 1920-ж. Ак-Суу болуштук комитетинде комиссардын орун басары, жарды-жалчы революциячыл комитетинде катчы-мүчө, 1921-жылдан Түркстан КПнын уездик-шаардык комитетинин окуу-бөлүштүрүү бөлүмүнүн, Бишкек уезддик жумушчу-дыйкан инспекциясынын арыздар бюросунун, партиянын Бишкек уезддик-шаардык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы. 1924-ж. үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысы, Ошондой эле бюро мүчөсү болгон. 1925-ж. облустук партия комитети тарабынан Түркстан Республикасынын БАКтын алдындагы өзгөчө комиссияга иштөөгө жиберилген. 1925-ж. Кара-Кыргыз АО нун уюмдаштыруу съездине катышкан. 1926-ж. Жалал-Абадда, 1927-ж. Чүй кантонунда жер-суу комиссиясында иштеген. 1927-ж. Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездинде Кыргыз АССР БАКтын мүчөлүгүнө шайланган. 1928–30-ж. «Кыргыз асыл тукум» трестинде деректирдин орун басары, 1931–33-ж. Алай-Гүлчө районунда иштеп, басмачылар менен күрөшкө активдүү катышкан. 1934-ж. репрессияланып, партиянын катарынан чыгарылган. 1958-ж. 29-декабрда партиялуулугу калыбына келтирилип, акталган. Ысымы Жайыл районундагы Талды-Булак орто мектебине жана ал жердеги көчөгө ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1