Мазмунга өтүү

Дервиш али

Википедия — ачык энциклопедия

Дервиш али (туулган жана өлгөн жылы белгисиз) - 17-кылымдын 1-жарымында жашаган тажик илимпозу, муз. теоретик.

«Музыка жөнүндөгү трактат» деген эмгегинде музыканын келип чыгышы, анын адамдын жан дүйнөсүнө берген ырахаты жөнүндө талдоо жүргүзүп, ритм жана лад тууралуу жазган, 15-16-кылымдагы муз. аспаптар менен Орто Азия музыканттары жөнүндө маалымат берген. Ал жазып калтырган эмгектер илимий жана тарыхый мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.