Державин Гаврила Романович

Википедия дан

Державин Гаврила Романович - (3(14). 7. 1743, азыркы Татарстан , Карамачи же Сокуры кыштагы – 8(20). 7. 1816, азыркы Новгород облусу, Званка кыштагы) – орус акыны, орус классицизминин өкүлү. Казан гимназиясында окуган (1759–62). Алгачкы ыры 1773-ж. жарык көргөн. Алгач М. В. Ломоносовдун салтында жазса, кийинки «Князь Мещерскийдин өлүмүнө ода» (1779), «Фелица» (1784), «Шаркыратма» (1798) жана башка чыгармаларында өзүнүн жеке поэтикалык стилин тапкан. «Бийлөөчүлөргө жана өкүмдарларга», «Төрө» сыяктуу чыгармаларында бузукуларды айыптаган. Философиялык лирикасынын негизги мотиви – өлүм жана өмүр жөнүндөгү ой толгоолор (Мисалы, «Князь Мещерскийдин өлүмүнө ода»). «Кудай» аттуу одасында адам баласын улуу да, арзыбаган макулук да катары мүнөздөгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1