Тери оорулары

Википедия дан
Дерматоздор‎»‎ барагынан багытталды)
Экзема.
Себорея.

Тери оорулары (дерматоздор) — теринин, анын кошумча өсүндүлөрүнүн (тырмак, чач, түк) жана көрүнүп турган былжыр челдин бузулушу менен мүнөздөлгөн оорулар тобу.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тери оорулары көп учурда жалпы организмдин оорулары менен тыгыз байланышта болуп, нерв системасынын, ички органдардын, кан жана башкалардын оору процесстеринин териде көрүнүшү болуп эсептелет.

Ал теринин түзүлүш өзгөчөлүгүнө, функциясынын көп түрдүүлүгүнө жана ага таасир этүүчү ички жана сырткы факторлорго байланыштуу. Алар дерматоздор деп аталып, 2000дей түрү белгилүү. Физикалык жана химиялык дүүлүктүргүчтөр сыяктуу сырткы факторлор терини сезгентип, дерматиттерди пайда кылат. Анын ичинен өйкөлүү, бышаруу, күйүк көп жолугат. Кээ бир тери оорулары биологиялык факторлордун таасиринен болот. Аларга мите козу карындар пайда кылуучу микоздор, бактериялар чакыруучу теринин ириңдүү жаралары, мителер жана вирустар пайда кылуучу котур, сөөл жана башкалар кирет.

Факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Организмдеги инфекция очогу, ички органдардын оорулары тери ооруларына түрткү берүүчү ички фактор болуп эсептелет. Алар териге аллергия сыяктуу таасир этип (Аллергия), бөрү жатыш, экзема түрүндө билинет. Белок, углевод жана май алмашуунун бузулушу, витамин жетишсиздиги тери ооруларынын пайда болушунда маанилүү роль ойнойт. Бир катар тери оорулары нерв (мисалы, Нейродермит), эндокрин системасынын (мисалы, себорея, безетки) ишинин бузулушуна жараша болот. Бардык факторлор теринин сезгенүү, кан куюлуу, катуулануу, пигментациянын, теринин азыктануусунун бузулушу жана башкалар патологиялык процесстерди пайда кылат. Мунун натыйжасында кызыл бүдүрлөр, ар кандай формадагы жана түстөгү тактар пайда болот. Булар бүт денеге же анын айрым бөлүгүнө (чач арасына, теринин бүктөлгөн жерине жана башкалар) чыгат. Ал жер кычышып, ачышат же оорулуунун тынчын албайт. Териге чыккан бүдүрлөр кээ бир оорулардын (ич келте, баш келте, скарлатина, чечек жана башкалар) белгиси болушу да мүмкүн.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Врач ар кандай изилдөөлөрдүн жардамы менен тери ооруларынын диагнозун аныктап, туура дарылоону сунуш кылат. Ошондуктан териде ар кандай өзгөрүүлөр болсо, эч нерсе сыйпабай врачка кайрылуу керек. Ошондой эле кара Чач, Тырмак, Безетки, Гидраденит, Терчилдик, Ысык чыгуу макалаларын.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф. 1991, ISBN 5-89750-008-8