Деталдаштыруу

Википедия дан

Деталдаштыруу – көркөм сүрөт искусствосунун практикасында – сүрөттү ар тараптан толуктоо үчүн ийне-жибине чейинки майда-чүйдөлөрдү бүт камтуу менен бир нерсени аткаруу, тартуу (айрым учурда деталдаштырылган сүрөт тартууну «бүткөрүлгөн», «кооздолгон» деп туура эмес атап жүрүшөт). Деталдаштырылган аткарууну бир эле техникалык көз караш менен кароого болбойт, себеби ал мындай учурда ар кандай жыйынтыктарга алып келет. Д. бир эле учурда композициялык идеяга ачык-айкындыкты бере алат, анын идеялык образдуулугун күчөтөт жана ошону менен бирге эле кокусунан пайда болбогон нерселерге көңүл буруу менен идеяны жоготот. Ф. Энгельс: «реализм – типтүү кырдаалдарда типтүү мүнөздөрдү чындыкта чагылдыруу менен чыныгы деталдарды да өз ичине камтыйт», – деген. Эгерде сүрөткер майда-чүйдөгө көбүрөөк көңүл бурса, натуралисттик мүнөздөгү анын ишин төмөндөтүүчү багыт пайда болот, к. типтүүлүк, натурализм макалаларын. Көчүп жүрүүчү сүрөтчүлөрдүн живописи, ал эми өткөн заманда – алгачкы Кайра куруунун көп сүрөтчүлөрүнүн практикасы Д-нын жемиштүү үлгүлөрү­нөн болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]