Детективдик фильм

Википедия дан
Детектив фильм‎»‎ барагынан багытталды)

Детективдик фильм ― чалгынчылар, кылмыштарды тергөө, мамлекеттин чыккынчылары жөнүндөгү кино өнөр чыгармалары. Алгачкы детектив фильм «Бир кылмыштын тарыхы» (реж. Ф. Зекк, 1901) фильми болгон. Анда кылмыш жасоо, кылмышкерди кармоо жана жазалоо сценалары көрсөтүлөт. Көп сериялуу фильм (сериал) ушул сыяктуу сюжеттерди кеңири пайдаланган. Франциялык режиссер В. Жассе 1908–09-ж. тарткан тыңчы Нике Картер жөнүндөгү фильми негиздөөчү катары белгилүү. Андан кийин Л. Фейаддын «Фантомас» (5 серия луу, 1913–14), «Жюдекс» жана «Жюдекстин жаңы тапшырмасы» (1916–17, ар бири 12 сериядан) фильмдери тартылган. 1940-жылдарда детектив фильм турмушка жакындаштырылып, «полиция документтери» деп аталган детектив фильмдер чыгарылган. Алар көп учурда чыныгы фактыларга, даректүү жыйынтыктарга негизделген: «Нортсайд 777ге чалгыла» (реж. Хатауэя, 1948), «Бумеранг» (реж. Ж. Дассен, 1947; экөө тең АКШ ) жана башка фильмдер. 1960–70-жылдарда детектив фильмдин сюжеттик структурасы саясий кинодо колдонулган: «Граждандын ишин шек саноосуз тергөө» (реж. Э. Петри, 1969), «Улуу даражалуу өлүктөр» (реж. Ф. Рози, 1976) – экөө тең Италия; «Өмүрдөн да артык акы» көп сериялуу телефильми (реж. Я. Моргенштерн, А. Кониц, Польша, 1969), «Ар бир километрде» (реж. Л. Шарланжиев, Н. Чернев, Болгария, 1969) жана башка Советтик кино искусстводо детектив фильмкеңири орун алган. Кино үчүн милиция, чалгындоо органдарынын, душмандын тылында иштеген чалгынчылардын иштери жана башка материал болгон. «Жекеме жеке» (реж. В. Г. Лего шин, 1945), «Чалгынчынын баатырдыгы» (режана башка В. Барнет, 1947), « Жаздын 17 көз ирмеми» (реж. Т. М. Лиознова, 1973, 12 сериялуу), «Транссибирь экспресси» (реж. Э. М. Уразбаев, 1978), «Жолугушуучу жерди алмаштырбайт» (реж. С. Говорухин, 1979), Кыргызстанда «Бөрү зындан» (режана башка Шамшиев, 1984) жана башка детектив фильмдер белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1