Мазмунга өтүү

Деурбанизация

Википедия — ачык энциклопедия

Деурбанизация - (фр. dts – тануу, urbanus – шаардык ), дезурбанизация, калкынын санынын кыскарышынын жана өнөр жай потенциалынын төмөндөшүнүн негизинде ири шаарлардын ээн калышы. Негизинен өнүккөн мамлекеттердин ири шаарларында табигый жана социал. чөйрөсүнүн тиричилигинин кескин начарлашынан пайда болот. Өнөр жай ишканаларынын турак жай аймагына жайгаштырылышы, курулуштарынын тыгыздыгы, бак-дарак жана башка маданий өсүмдүктөрүнүн аянттарынын кыскарышы, абанын жана суу объектилеринин булганышы, ызы-чуунун көбөйүшү ири шаарларда санитардык-гигиеналык шарттын кескин начарлашына алып келүүдө. Натыйжада калктын жетиш түү жашаган катмары шаардын өнөр жайлуу борборунан, анын тегерегиндеги ээн аймактарга, көп кабаттуу үйлөрдөн жер үйлөргө (калктын болжолдуу 86% каалашат) көчүп кетүүдө. Мисалы, Лондондун калкы (болгону 6,6 млн) 10 жылдын ичинде 10%ке гана кыскарган. Батыш Берлиндин калкы 1970–80-ж. аралыгында 2121 миң адамдан 1957 миң адамга чейин кыскарган. Шаар калкынын өтө көп оошуусу 1960–1980-жылдары байкалган. 1980-ж. ортосунда бул процесс басаңдаган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда социалдык-экологиялык абалга байланыштуу деурбанизация процесси айрыкча майда шаарчаларыбызда (Ак-Түз, Орловка, Майлы-Суу жана башка) жана борборубузда (өнөр жайлуу борбордук бөлүктөрдөн шаардын чет жакасына) байкалууда.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1