Деңгене

Википедия дан

Деңгене – бир нече адам бычылган баасына жандык алып, чогуу тамактануу жөрөлгөсү. Жамааттык мамилелер өкүм сүрүп турганда пайда болсо керек. Деңгенеге эркектер гана катышып, шарт боюнча ортого кой, эчки, торпок чыгарып союп жешкен. Деңгененин катышуучулары малдын баасын тең төлөп беришкен. Кийинчерээк, союлган этти бирдей өлчөмдө бөлүп алышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1