Деңизде жардам көрсөтпөй коюу
Көрүнүш
Деңизде жардам көрсөтпөй коюу – ачык деңизде жасалган, эларалык мүнөздөгү кылмыш. Ал үчүн жоопкерчилик деңизде жардам көрсөтүү жана сактап калуунун айрым эрежелерин бириктирүү 1910-жылкы үчүн Брюссель конвенциясында, деңизде адам өмүрүн коргоо боюнча Эларалык конвенцияда, 1979-жылкы деңизде издөө жана сактап калуу боюнча 1978-жылкы Эларалык конвенцияда, ошондой эле БУУнун 1982-жылкы деңиз укугу боюнча Конвенциясында каралган. Аларда кемелердин кыйроосунан жана аба учактарынын деңизге аргасыз конууларынан улам кыргынга учураган адамдарды сактап калуунун тартиби жөнгө салынган. Бул кылмыштарды субъекттери деңиз кемесинин капитаны жана башка кызмат адамдары болуулары мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |