Деңиз таш бакасы

Википедия дан
Деңиз таш бакалары‎»‎ барагынан багытталды)
Жашыл ташбака (Chelonia mydas).

Деңиз таш бакалары (Cheloniidae) – таш бакалардын түркүмү. Жумурткалоо үчүн гана деңиз жээгине чыгып, калган мезгилде бүт сууда жашоочу ири жаныбар. Калканы анча бийик эмес келип, сүзүүгө ылайыкталган. Кыска мойнундагы башы чопкуттун алдына толук жашырылбайт. Буттары калак сымал, алдыңкылары арткысынан узун. Алардын белгилүү 4 уруусунун бирден түрү бар. Жашыл ташбака – эң чоң, калканынын узундугу 1,4 м, салмагы 400 кгга жетет. Эти даамдуу, жумурткасы тамак катары пайдаланылат. Деңиз таш бакалары суу тереңдигинде жакшы сүзөт, чумкуйт, азык жана көбөйүү үчүн ыңгайлуу жай издеп, 2000 кмге чейин сүзүп барат. Алар 200гө чейин жумуртка тууйт. Деңиз балырлары, моллюскалар, балыктар, рак сыяктуулар жана башка менен азыктанат. Саны азаюуда. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1