Джамашева, Феруза Зулумбековна

Википедия дан

Джамашева Феруза Зулумбековна - мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун экс-төрагасы (2012-2015-ж.), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын экс-орун басары (2015-2018-ж.), Жогорку соттун экс-судьясы. Кыргыз Республикасы (2007-2010, 2018-2021).[1]

Билими жана кесиптик ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фезруза Зулумбековна 1989-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин укук таануу факультетин аяктаган. Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин беш жыл Ош шаарындагы №1 ЮК Ош облустук жактоочулар коллегиясында юрист болуп иштеген.

Профессионалдык судьялык карьерасы 1996-жылы судьянын милдетин аткаруучу, бир аз убакыттан кийин Ош шаардык сотунун судьясы болуп иштөөдөн башталган. 2000-жылы Феруза Зулумбековна ушул эле соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бир жылдан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (КР ЖС) судьясы болот. Бул кызматта 2010-жылга чейин иштейт. Ал ошол эле жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын ЖСнун төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. Туура 2 жылдан кийин Феруза Зулумбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы болот. Бул кызматта үч жыл иштейт. 2015-жылдын сентябрынан 2018-жылга чейин бул соттун төрагасынын орун басары болгон. 22-сентябрда бул кызматтан кеткенден кийин Феруза Зулумбековна ал жерде судьялык кызматты уланткан.[2] 2021-жылдын июнь айында кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазып, бул кызмат ордун бошотот.[3]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • II даражадагы «Манас» ордени (2015-ж.),
  • КРнын ИИМнин «Ардак» медалы (2011-ж.),
  • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2011-ж.),
  • УКМКнин медалы (2010-ж),
  • Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы (2003-ж.),
  • Ош облустук сотунун Ардак грамотасы (2003-ж.),
  • Мамлекеттик мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлер профсоюзунун Ош облустук комитетинин Ардак грамотасы (1999, 2001-ж.ж.),
  • Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы (1999-ж.).

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атасы - Джамашев, Зулумбек Джамашевич - советтик мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССРнин Жогорку сотунун төрагасы (1974-1989).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргызстан. Сот системасынын экс-кызматкерлери // https://who.ca-news.org/people:8071?embed&pack=109
  2. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту // http://sot.kg/structure/dzhamasheva-feruza-zulumbekovna
  3. Жогорку соттун судьясы Феруза Джамашеваны депутаттар кызматынан бошотту // https://barakelde.org/news:438240/?from=kgnews&place=translate