Феликс Дзержинский

Википедия дан
Дзержинский Феликс Эдмундович‎»‎ барагынан багытталды)

Дзержинский Феликс Эдмундович (30. 8(11. 9). 1877, Дзержиново имениеси, азыркы Минск обл., Столбцы районуу - 20. 7. 1926, Москва) - советтик мамлекеттик жана парт, ишмер, поляк жана брус революциячыл кыймылына активдүү катышуучу.

1895-ж. Литва социал-демократиясын уюмуна кирип, анын солчул тарабына кошулган. 1897-ж. Каунаста поляк тилинде легалсыз «Ковенский рабочий» газетасын чыгарган. Польша жана Латвия социал-демократиясын уюштуруучулардын жана анын жетекчилеринин бири. Польшада жана Орусияда парт, иштер жүргүзүп, 1905-07-жылдагы революцияга активдүү катышкан. РСДРПнин 4-(Бириктирүүчү) съездине (1906) делегат, 2-(1-Бүткүл Орусиялык) конференциясына катышуучу. РСДРПнин 5-съездинде (1907) партиянын Борбордук Комитетине сырттан шайланган. 1911-ж. РСДРП БКнын чет олкодо туруучу мүчөлөрүнүн Парижде өткөн кеңешмесине катышкан. Дзержинский өмүрүнүн 11 жылдан ашуун убакытын түрмөдө, каторгада, айдоодо өткөргөн. Дзержинскийди түрмөдөн 1917- жылдагы Февр. революциясы бошоткон.

Ал РСДРП (б) нин 6-съездинде БКга мүчө болуп, 1917-ж. 16(29)-октябрда РСДРП (б) БКнын кенейтилген заседаниесинде куралдуу көтөрүлүшкө жетекчилик кылуу боюнча Аскердик-революциячыл парт, борборго, Петроград советинде революциячыл аскер комитетинин курамына шайланган. Октбярь куралдуу көтөрүлүшүн уюштуруучулардан. Советтердин Бүткүл Орусиялык 2-съездинин делегаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.