Диамагнетиктер

Википедия дан

Диамагнетиктер — сырткы магнит талаасында, ага карама-каршы багытта магниттелген заттар, башкача айтканда диамагнетизмге ээ болгон заттар.

Диамагнетиктердин магниттик кабылдоочулугу дайыма терс жана сан мааниси боюнча өтө кичине болот.

Диамагнетиктерге, мисалы, инерттүү газдар, газ түспөлдүү азот, суутек, жарым өткөргүчтүк кристаллдар - Si, Ge, металлдар - Cu, Bi, Au,Ag ж.б. кирет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0