Диатерапия

Википедия дан

Диатерапия (гр. diathermaino - жылытам), эндотермия - жогорку жыштыктагы ток менен орган жана ткандарды жылытып, электр менен дарылоонун бир методу.

Бул методду чех врачы Р. Цейнек дарылоо практикасына 1905-ж. киргизгөн. Диатерапия үчүн жогорку жыштыктагы (1,65 Мгц) күчтүү ток (3 а ге чейин) колдонулат. Организмде пайда болгон жылуулуктун саны ткандардан откон ток күчүнүн квадратына, анын электр каршылыгына жана токтун өтүү убакытына пропорциялаш.

Органдардын, ткандардын электр өткөргучтүгү бирдей эмес; тери, май катнары, соок, булчундар катуу ысьш. алардын каршылык көрсөткүчтүгү жогору, канга же лимфага бай органдар (өпкө, боор, лимфа түйундөрү ж. б.) аз жылып, каршылык көрсөткүчтүгү төмөн болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.