Дивану лугати т-турк

Wikipedia дан

«Дивану лугат-ит-түрк» («Түрк тилдеринин түшүндүрмө сөздүгү») - 11-кылымдын экинчи жарымында жашаган энциклопедиячы түрколог, тилчи-лексиколог Махмуд Кашгаринин эмгеги. Сөздүктө 7500дөн ашык түрк сөзү камтылган: ошол кездеги түрк тилдеринин фонетикалык жана грамматикалык, диалектилик өзгөчөлүктөрү, түрк урууларынын тарыхы, жайгашкан аймактары, этнографиясы, оозеки көркөм чыгармаларынан үлгүлөр, тилдеринин жиктелиши жөнүндө маалыматтар берилген. Сөздүктүн дагы бир баалуулугу ал түзгөн дүйнөнүн ошол мезгилдеги тегерек картасы. Эмгекте 290 макал-ылакап, 100 чамалуу ыр, 100гө жакын шаар, кыштактардын (мисалы, Аргу, Баласагун, Барсган, Фараб жана башка), географиялык атоолор (мисалы, Ертиш, Иле, Жейхун, Ысык-Көл жана башка), уруулардын аттары (мисалы, аргу, кыркыз, басмыл, чигил, тукси, ягма жана башка), аларга тиешелүү түшүнүктөр, аныктамалар келтирилген. Анын ичинен түрк уруусунун бири катары кыргыздар үч жолу эскерилген. Карта жана сөздүктөгү кээ бир аталыштар боюнча айырмачылыктын бар экенинен улам, анын түзөтүлгөнүн байкоого болот. Эмгектин бир нускасы 1914-жылы табылып, ошондон автору М. Кашгари экени аныкталган. Сөздүк азырынча 1914-жылы Стамбулдун эски китеп базарынан Али Эмири сатып алган көчүрмө нуска боюнча белгилүү. Аны М. Кашгари өзү жазган түп нускадан 1266-жылы Абу Бакр ал-Дамаски көчүргөн экен. Көчүрмө нуска Стамбул шаарынын Фатих китепканасында сакталган. Муну К. Рифат иретке келтирип, 1-2(1915) жана 3-томун (1917) Стамбулдан басып чыгарган. Андан Б. Аталай түрк тилине (1939-43), С. Муталлибов өзбек тилине (1960-63) которгон. С. Муталлибовдун котормосу (3 том) 1967-жылы Ташкенттен басылып чыккан. Изилдөө иштерине караганда, «Дивану лугат-ит-түрк» 1072-83-жылдар аралыгында Багдад же Кашкар же Нишапур, балким Самаркандда жазылып бүгсө керек. Картасын И. Умняков изилдеп, эки жолу жарык көргөн. Бул чыгарманы автордун - Махмуд Хусейн уулу Мухаммед небереси Кашгари Барсканинин өзүнүн айтуусу боюнча, 1072-жылы баштап, 1077-жылы жазып бүткөн.

Кыскача сыпаттама[оңдоо | булагын оңдоо]

  • "Дивандын" кириш сөзүндө бул эмгектин Багдаддын башкаруучусу, Аббасийлердин халифи ал-Муктадиге арналгандыгын көрсөткөн.
  • "Диван лугати ат түрк" ” жазылгандан эки жүз жыл өткөндөн кийин 1266-жылы түп нускасынан Мухаммед ибн Ас-Сави ад Дамашки деген адам көчүргөн.
  • Бул чыгарманы Осмон империясы мамлүктөрдү караткандан кийин 1517-жылы Стамбулга алынып келинген.
  • Стамбулга алынып келгенден кийин, «Диван лугат ат-турк» чыгармасынын көчүрмөсү бир нече жолу оңдолуп редакцияланган.
  • Китеп аталышы биринчи жолу Катиби Челиби деген түзгөн библиографиялык жыйнакка кирип, XX кылымга чейин бул эмгек жөнүндө бир дагы сөз айтылбайт.
  • XX кылымдын башында бул эмгек Назиф Пашага таандык болгон дагы, болжол менен 1915-1917-жылы бул китеп Стамбулда өткөн китеп жарманкесинде белгилүү библиограф Али Эмири тарабынан сатылып алынган.
  • Кийинчерээк Али Эмири бул эмгекти өзүндөгү башка коллекциялар менен бирге Стамбулдагы китепканага (Миллет) өткөргөн.
  • Чыгарма бүгүнкү күнгө чейин ушул китепканада сакталуу.
  • Чыгарманын автору тууралуу кыскача маалымат, ал орто кылымдарда Кыргызстандагы Карахандар династиясынын башкаруучу төбөлдөрүнүн биринин уулу Махмуд Кашгари.
  • Ал болжол менен 1021-жылдары Ысык-Көлгө жакын Барскоон шаарында туулган.
  • Ал өзү тууралуу “Мен алардын (түрктөрдүн) ичинен чыккан сөзгө бай, кызыл тилдүү чечени, билимдүүсү жана тектүүсү, кылыч кармаганга эптүүсү болом” деген.
  • Махмуд Кашгари "Диван лугат ат турктан" башка дагы чыгармасы болгонун жана ал чыгарма бүгүнкү күнгө чейин сакталбаганын окумуштуулар айтышат.
  • Кашгаринин эмгегине болгон кызыгуулар XX кылымда күч алган.
  • 1915-1917-жж Түркияда окумуштуу К.Рифат тарабынан “Диван лугат ат-турк” таш басмада жарыкка чыгып, ушундан тартып илимий чөйрөдөгүлөрдүн кызыгуусун арттырган.
  • 1928-жылы немис чыгыш таануучусу Карл Броккелманн Диванды колдонуп, анын сөз мурасын тизмектеп, атайын китепти жарыкка чыгарган.
  • 1939-1941-жж Бесим Аталай тарабынан алгач түрк тилиндеги котормосу, кийин кол жазманын факсимилеси чыгарылган.
  • Ушул котормонун негизинде 1960-1963-жж өзбек окумуштуусу С.Муталлибов "Диванды" өзбек тилине которгон.
  • Ал эми чет жерде, Кытайда 1981-1984-жж уйгурча, англис тилинде Англияда 1972-ж, АКШда 1982-1985-жж Р.Дэнкофф менен Дж.Келли тарабынан жарык көрсө, 1997-жылы казах тилинде А.Егеубай тарабынан даярдалып, басмадан чыккан.
  • Орус тилинде толугу менен 2005-жылы казак окумуштуусу З. Ауэзова тарабынан которулуп, жарыкка чыккан. Ал китептин кыргыз тилиндеги котормосу 2011-жылдын март айында Улуттук илимдер академиясы тарабынан басылып чыкты.
  • Махмуд Кашгари бул эмгекти жазууда түрк дүйнөсүн ислам дүйнөсүнө тааныштырууну максат кылган. Автор чыгарманы Багдаддын башкаруучусу халиф ал-Муктадиге арнаганы тууралуу эмгектин баш сөзүндө жазып калтырган.
  • Бул чыгарманын мааниси орто кылымдагы түрк менен араб дүйнөсүнүн ортосундагы сөздүктүн кызматын аткарат. Чыгармага Махмуд Кашгари орто кылымдагы Орто Азияда жашаган түрк тилдүү элдердин оозеки дидактикалык чыгармаларын киргизген. Махмуд Кашгари "Диван лугат ат түрктө" түрк элдери деп, ошол кездеги кыргыз, кыпчак, йагма, чигил, огуздарды айткан.
  • Бирок, улуу окумуштуу бул эмгекти жаратууда түрк элдериндеги гана эпикалык чыгармаларды колдонбостон, башка орто азиялык элдердин, перс, арабдардын макал лакаптарын, Куранда айтылган хадистерди да салыштыруу менен колдонгон. "Араб тилинде жазылган азыркы кездеги белгилүү түрк китептердин биринчиси "Диван лугат ат турк негизинен түрк-араб сөздүгү болуп келет" дейт казахстандык окумуштуу З. Ауэзова.
  • Кашгаринин эмгегинин бүгүнкү күндөгү баалуулугу конфессиялар менен улуттук каада салттардын ортосундагы түшүнбөстүктөрдүн, карама-каршылыктардын алдын алуу үчүн эң жакшы курал болуп бере алат.
  • Анткени автор араб дүйнөсү менен түрк дүйнөсүнүн тыгыз карым катышын жана экөөнүн тең руханий байлыгынын салмагы жана орду маданиятта тең экендигин түшүндүрөт.
  • Махмуд Кашгари XI кылымда эле дин менен каада салттын ортосундагы окшоштуктарды таап, ага далил катары түрк элдеринин дидактикалык чыгармалары, макал лакаптары менен ислам дининдеги эрежелерди салыштырып, мазмундук окшоштуктарды таап, ажырымды бириктирүүгө аракет кылган.
  • Эгерде макалдардын грамматикалык, морфологиялык түзүлүшүн алып карасак, бүгүнкү күндөгү түрк тилдүү элдердин лексиконундагы көпчүлүк сөздөр Кашгаринин эмгегинде кездешет.
  • Орто кылымдагы сөздөрдүн уңгусу толугу менен сакталып, болгону ар бир элдин кийинки тарыхый-географиялык шартына жана этникалык процесстерге жараша сөздөрдүн аягы гана өзгөрүүгө дуушар болгон.
  • Бүгүнкү күндө Махмуд Кашгаринин эмгеги жалпы Орто Азия элин үчүн сөздүктүн гана милдетин аркалабастан, дидактика-философиялык багыттагы орто кылымдардан калган баалуу тарыхый мурас болуп саналат.
  • Себеби "Диванда" жазылган эл оозунда айтылып калган уламыш, ырлар анын ичинде макал лакаптарда руханий дүйнөнүн бийиктигин даңазалаган, адамгерчилик, гумандуулук, толеранттуулук тууралуу мазмундагы ойлорго орун берилген.

Кашгари таануу[оңдоо | булагын оңдоо]

20-кылымдын башынан тартып "кашгари таануу" илимий тармагы өнүгө баштады. Анын милдеттеринин бири - "Диванды" текстологиялык жана башка өңүттөн иликтөө болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати-т-турк” сөз жыйнагы: (1072-1077). Жооптуу редактор Өмүркул Караев. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – 169 бет, сүрөт, карта. - (ISBN 5-655-01222-7)
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.
  • У.А.Асанов, А.З.Жуманазарова, Т.Чоротегин. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. Ред. У.А.Асанов. – Бишкек: Центр госязыка и Энциклопедии. 2002. – 544 pages, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4)
  • Махмуд ал-Кашгари “Диван Лугат ат-Турк” Алматы: Дайк-Пресс; 2005.
  • Махмуд Кашгари Диван лугат ат турк. Бишкек; 2011.
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5


Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]