Дидактикалык тесттер

Википедия дан

Дидактикалык тесттер - окуу процессинде окуучунун билим деңгээлин тез аранын ичинде, объективдүү түрдө аныктоочу контролдоо формасы. Дидактикалык тесттер билим берүү тармагындагы массалык изилдөөлөрдө, сыноолордо (сынак кабыл алуу, билим берүүнүн абалы жана башкалар) дагы колдонулат.

Дидактикалык тесттердин жардамы менен окуу тарбия процессинин эффективдүүлүгүн аныктоого болот. ХХ кылымдын 60-жылдарынан баштап дидактикалык тесттердин нормага жана критерийге ылайыкталган түрлөрү негизделген. Дидактикалык тесттерди түзүү жана билим берүү системасында колдонуу иш-аракеттери тестирлөөнүн этаптарынын негизинде жүргүзүлөт. Окуу процессинде Дидактикалык тесттер контролдоонун башка формалары менен (сыноо, чегерим жана башкалар) шайкеш колдонулат. Окуучунун алдын ала билимин текшерүүдө диагноздоочу, темалык жана жыйынтык контролдоону уюштурууда жетишкендик, күнүмдүк контролдоону уюштурууда калыптандыруу тесттери колдонулат. Контролдоонун башка формаларына караганда дидактикалык тесттер төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:

1. Сыноону уюштуруу жана жыйынтыгын чыгаруу аз убакытты талап кылат;

2. Окуучунун билим деңгээлин объективдүү, тез аныктоого болот;

3. Тестти жургүзүү тартиби жана керектүү жабдуулары салыштырмалуу түрдө жөнөкөй;

4. Тестти түзүү, жүргүзүү, анализдөө жана жыйынтыгын чыгаруу иштери кабыл алынган эреженин негизинде аткарылат;

5. Тестти жеке адам үчүн жана группа үчүн дагы колдонууга ыңгайлуу;

6. Жыйынтыгы математикалык же статистикалык методдор аркылуу иштетилип чыгат.